Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:09

"Белизгейттин" чын-төгүнү


УКМК оппозициядагы “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү “Альфа Телекомдун” 50 пайыздык акциясын сатууну көздөгөн деген маалымат таратты. Муну коопсуздук комитети Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алган документтерге таянып билдирүүдө. Президент Алмазбек Атамбаев аталган документтерди тезинен текшерип чыгууну тапшырды. “Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрү болсо бийлик жасалма документтердин негизинде аларды каралоого аракет кылып жатканын билдиришти.

"Ата Мекендин" лидерлери “Альфа Телекомдун” акцияларын сатууну көздөгөнү боюнча маалыматты УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев айтып чыкты. Бул тууралуу Сегизбаев бүгүн президент Алмазбек Атамбаевге маалымат берип, атайын апостиль менен күбөлөндүрүлгөн документтер Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнүн расмий органдарынан алынганын жарыялады.

Бул документтерде кандай маалымат болгону тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов “Азаттыкка” айтып берди:

- Абдил Сегизбаев Белиз мамлекетинин расмий органдарынан траст документтери (апостиль) алынганын президентке кабарлады. Ал документтер 2012-жылы апрелде «Альфа Телеком» ишканасынын ошол учурга карата акцияларынын улутташтырыла элек 50 пайыздан ашык акцияларын сатуудан түшкөн 50 млн доллардан ашык суммасын божомолдор боюнча Максим Бакиевге таандык «Саутфилд» компаниясынын алышына мурдагы жогорку кызматтагы үч адамдын (азыр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары) кызыкдар болгонун күбөлөйт.

Бул маалыматты уккан соң президент Атамбаев УКМК башчысына жана башкы прокурорго муну текшерип, чара көрүү тапшырмасын берди.

Президенттин маалымат кызматы тараткан документтердин көчүрмөлөрүндө “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматовдун фамилиясы аталганын көрүүгө болот.

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Анткен менен “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев УКМК менен президенттик аппарат тараткан маалыматты дароо четке кагып, “жасалма документ” деп атады. Текебаевдин жүйөсүндө, бийлик башкы атаандаштарын каралоо жолу менен элге жаман көрсөтүүнүн аргасын көрүп жатат:

- Мунун баары толугу менен фальсификация. Муну мен так айта алам. Бийликтин айласы кетип, ушундай жол менен бизди каралоого аракет кылып жатат. Мунун баары эртеби-кечпи белгилүү болот. Президент өзү баш болуп мындай маалымат тараткан соң будамайлап, бир жыл болсо да бизди каралаганы жатат. Анткени жарым жыл, бир жыл ичинде кийинки президенттин тагдыры чечилип калат.

Текебаев “Альфа Телекомдун” акцияларын сатууга эч кандай тиешеси жоктугун билдирип, аны толугу менен улутташтырууга аракет көрүп келгенин кошумчалады.

​Ал эми “Альфа Телекомдун” акцияларын сатууга катышы бар делген дагы бир депутат Алмамбет Шыкмаматов болсо өлкөдөгү эң ири уюлдук компаниянын көпчүлүк акциясын сатууга мүмкүнчүлүгү болбогонун айтууда:

- Белиздеги «Саутфилд» деген компанияга жан тартыш үчүн ал кезде бардык маселе сот аркылуу чечилмек. Ал эми сот, УКМК бизге баш ийген эмес. Анан кантип биз “Альфа Телекомдун” 50 пайызын алып бермек элек? Анткени алып бериш үчүн сот чечимдери керек болмок. Бул бийликтин кыска мөөнөттүү жалаасы. Мунун негизинде бизди камап коюшу мүмкүн. Бирок андан биз коркпойбуз.

Шыкмаматов: Бийлик күмөндүү кагаз көрсөтүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:09 0:00

Шыкмаматов бул документтердин жасалма экенин далилдөө үчүн аракет көрөрүн белгиледи.

Атайын кызматтын “Ата Мекендин” лидерлерин айыптаган маалыматы коомчулукта дароо талкууларды жаратты. Алгач эле оффшордук компаниялардын мекени саналган Белизден келген документтер канчалык ынанымдуу жана чындыкка жакын деген суроолор коюлууда.

Экинчиден, “Альфа Телеком” боюнча документтерди апостиль менен күбөлөндүргөн компанияларга ишенбегендер чыгып жатат.

Эксперт Даниел Кадырбеков документтерде бир катар күмөндүү жагдайлар бар экенин “Азаттыкка” тизмектеп берет:

- Биринчиден, Белиздин расмий органдарынан алып жатса, аны апостиль менен күбөлөндүрүүнүн эмне кереги бар эле? Бул логикага жатпайт. Экинчиден, УКМК тараткан маалыматтардын баары эле ачык маалымат булактарында жүрөт. Аларды атайын алуунун деле кереги жок.

Негизи “Ата Мекендин” активдүү мүчөлөрүнүн “Альфа Телекомдун” акцияларды сатканы боюнча маалыматтар учурдагы бийлик менен мамилеси бузулган соң таратыла баштаган. Буга чейин “Вечерний Бишкек” басылмасы жана КТРК 2010-жылкы революциядан кийин “Ата Мекен” фракциясынын азыркы депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова “Мегакомдун” 50 пайыз акцияларына ээ болуп алганын жазып чыккан.

Мындан соң бул маселени иликтөө боюнча парламентте атайын депутаттык комиссия түзүлгөн. Аталган комиссиянын төрагасы Анвар Артыков УКМКнын маалыматын көп нерсе ачыкка чыгарат деген ойдо:

- Трасттык компаниянын документтери алып келинди деп жатат. Анда апостиль коюлуптур. Демек, атайын күбөлүндүрүлгөн соң аны кимдир бирөө жасалма кыла албайт. Атайын расмий органдар айткан соң чындыкка жакын болушу керек.

Ошентип, бийлик менен "Ата Мекендин" ортосундагы компроматтар согушунун кезектеги баскычы башталган өңдүү. Буга чейин "Ата Мекен" фракциясы Апрел ыңкылабына чейин Максим Бакиев ээлик кылган жерге президент Алмазбек Атамбаев өзү үчүн үй салдырганын ашкере кылган эле.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG