Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:46

Убактылуу өкмөткө өз мүчөсү урган “сокку”


Президент Алмазбек Атамбаевге жакын маалымат каражаттарында Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы саясатчыларга байланыштуу компроматтарды жайылтуу өнөктүгү башталды.

Президент Алмазбек Атамбаевдин 31-августта айткан алты жыл мурдагы талап-тоноочулук иштери, банк кутучаларынан алынган миллиондор жана улутташтырыла турган мүлктөрдү кымырып алуу сыяктуу маалыматтар кошумча-алымчасы менен коомчулукка жайылтыла баштады.

“Жетинчи канал” аракетте

Президент Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун көзөмөлүнө өттү деп саналган “Жетинчи канал” Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккан Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө карата жакындан бери терс маанайдагы телесюжеттерди обого чыгара баштады. Алардын бири депутат Өмүрбек Текебаевге каршы багытталган КСДП депутаты Момбеков менен экс-депутат Жылдыз Жолдошеванын пикири камтылган материалдын бир фрагментинен үзүндү:

Момбеков: Бул алдыдагы президенттик шайлоонун алгачкы этабы. Баш мыйзамды өзгөртпөйбүз деп шылтоо кылып, саясатты башка жакка бурбагыла.

Жолдошева: Анда Текебаевди камаш керек. Ал жооп берүүгө тийиш.

Журналист: Биздеги айрым маалыматтар боюнча, Текебаев референдумга караманча каршымын деп байрагын көтөрүп чыкканга чейин президенттик аппараттын эшигин тешип, өлкө башчысына жолугууну кайра-кайра суранган. Бирок ал аракетинен майнап чыкпаган соң коркутуу аракетине өттү.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошева анын жарандык форумда сүйлөгөн сөзүн "7-канал" бурмалап, үзүп алып берип жатканын "Азаттыкка" айтты. Жолдошева ал жыйында эгерде Баш мыйзамды иштеп чыккандардын бири Өмүрбек Текебаев чынында эле президент айткандай мамлекетке каршы жоболорду киргизген болсо, анда ага жооп берип, камалышы керектигин гана мисал келтиргенин белгиледи. Бирок анын айтымында, аталган канал Жолдошеванын оюн толук бербей Текебаев камалсын деген жерин гана үзүп алып берип жатканын жана бул журналисттик этикага жатпай тургандыгын кошумчалады.

Созолонгон “эски кайрык”

Президент Атамбаевдин жакындары көзөмөлдөгөн маалымат каражаттары Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы саясатчыларга карата көз караштарды жана пикирлерди берүү менен эле чектелген жок. Бул маалымат өнөктүгү 2010-жылдагы талап-тоноочулук, банк кутучаларынан уурдалган миллиондор жана улутташтырыла турган мүлктөрдү өзүнүн жакындарына каттатып алуу сыяктуу буга чейин айтылып келген компроматтарды кайрадан көтөрүү менен коштолду. Буга окшогон материалдар башка мамлекеттик жана “улутташтырылган” деп эсептелген телеканалдардан дагы кайталанууда.

Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары болгон Азимбек Бекназаров бийликтин бул маалымат өнөктүгүн аларды каралоого багытталган атайын буюртма деп атады:

- Президент Атамбаев 31-август күнү “майрамдык куттуктоосунда” ошентип айтып койбодубу. Ошол айткандарын телеканалдар көрсөтмө катары кабыл алып, андан ары дуулдатып, ырбатып, бизди коомчулукка мокочо көргөзүүгө аракет жасай башташты. Айрымдары чын эле ишениши мүмкүн. Бирок анын бардыгы ар кайсы органдар тарабынан жана парламенттик комиссия жактан текшерилип, бир топ изилденип чыккан да. Ага чекит коюлган. Банк кутучулары боюнча мага кошуп айыптаган Темир Сариев андан кийин өкмөт башчысы болду. Анан болбой эле ошол туурасында Атамбаев кайра айтып жатканына аргасыз күлкүң келет да. Адамда сүйлөп жаткан сөзүнө жоопкерчилик болушу керек. “Мен ханмын, каалаган нерсени айта берем” десе эле жараша береби?

Курманбек Бакиевдин Бишкектеги үйү, 8-апрель, 2010-жыл
Курманбек Бакиевдин Бишкектеги үйү, 8-апрель, 2010-жыл

Ошол эле кезде расмий түрдө көз карандысыз, бирок президенттин көз карашын коргоо менен алектенген “Эгемен” деген интернет сайты Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесине каршы чыккандарды чекесинен “шыбай” баштады. Мындай маалыматтык чабуулга алгачкылардан болуп саясатчылар Текебаев, Отунбаева, Бекназаров, Каптагаев жана Дүйшөбаев тушукту.

Бул интернет басылманын баш редактору Адилет Калыгулов анда келтирилген фактылар боюнча укук коргоо органдары чара көрүшү керектигин айтты:

- Президентибиз айткандан кийин анын ар бир сөзү андан аркы багыт катары кабыл алууга татыктуу. Негизи анын бул боюнча ар бир сөзүнө анализ жасалып, жыйынтык чыгарылышы керек. Ошондуктан биз жарыялап жаткан макалалардагы ар бир фактыга тиешелүү укук коргоо органдары реакция жасашы керек. Себеби мында бир топ фактылар ачыкка чыгып жатат. Укук коргоо органдардын кайсы бир маселе боюнча биздин журналисттерге суроолору болсо, алар жооп берүүгө даяр. Жазылган макалаларда фактылар бар. Эгерде фактылар жок десе, кызыкдар тараптар сотко кайрылса болот. Биздин журналисттер ага жооп берүүгө дайыма даяр.

Мында “Ата Мекен” партиясына каршы колдонулган 2010-жылдагы талап-тоноочулук ишинин жабылып калышы, банк кутучасынан алынган миллиондорго карата Сариев менен Бекназаровдун жоопкерчилигин кароо жана кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз менчиктеп алууга байланыштуу Каптагаев менен Дүйшөбаевди айыптаган материалдар камтылган.

“Витязь” пансионатын ким алган?

Адилет Калыгулов Бакиевдерге караштуу деген негизде улутташтырыла турган “Витязь” пансионатын энчилеп алуу фактысы туурасында маалымат анда мурда эле болгону менен, ал муну биринчи жолу коомчулукка ачык жарыялап жатканына мындайча токтолду:

- Негизи мен муну жаңы факты деп айтуудан алысмын. Болгону азыркы учур, кырдаалда биз ошол фактыны жазып чыгууга туура келди. Эмилбек Каптагаев Ысык-Көл облусунун губернатору болуп кайсы учурда ошол пансионаттар кимдин карамагына өтүп кеткенин изилдей келгенде эле ошол факты чыгып калды. Бул пансионат улутташтырылышы керек болчу. Бул эми элдин пайдасына эмес, жеке адамдардын кызыкчылыгына карата чечилип кеткен. Бул боюнча да укук коргоо органдары иликтеп чыкса, анда ага катышы бар адамдардын жоопкерчилиги каралышы керек.

Банк кутучулары боюнча мага кошуп айыптаган Темир Сариев андан кийин өкмөт башчысы болду.
Азимбек Бекназаров

Буга байланыштуу президенттик аппараттын мурдагы башчысы, андан соң Ысык-Көл облусунун губернатору болуп иштеген Эмилбек Каптагаев менен байланышууга мүмкүн болбоду. Бирок ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына "ага каршы ар тараптан жүрүп жаткан саясий басымга туруштук берүүгө туура келерин" жазган.

Көз карандысыз байкоочулар маалымат каражаттары аркылуу жайылтылып жаткан компроматтардын көпчүлүгү референдум өткөрүүгө каршы чыккан Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө гана багытталганын байкашкан.

“Ата Мекен” фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов бийликтин соңку аракеттерин саясий репрессиянын башаты катары мүнөздөдү:

- Бул бизде мурдагы бийлик режимдеринин тушунда калыптанып калган саясий басым көрсөтүү ыкмасынын уландысы. Безге сайган ачуу чындык айтылып калган кезде эле бул бийлик “отургузуп, камап коебуз” деп коркутат. Өз телеканалдарынан “булар байып кетти, ичип алган, жеп алган” деп жаманатты кылууга өтүштү. Муну мен саясий репрессияга алдын ала камдануу катары түшүнөм. Бирок биздин эл анын бардыгына ишенбейт. Эл кыраакы. Бул бийликтин коррупцияга каршы күрөшүп жатабыз деп, бирөө-жарымды кармап, кайра коё бердирип жатканын көрүп эле турат. Учурда кирешелүү акча түшкөн тармактын бардыгын ким көзөмөлдөп, кимдер майкандап жатышат? Бажы болобу, Жол тармагы болобу, "Мегаком" болобу, аэропорт болобу - ошонун бардыгын президенттин жакын адамдары көзөмөлдөп отурушпайбы. Бардыгын май талкандаган ошолор ууру эмес, биз ууру болуп калабызбы?

Талап-тоноочулук ишинин бүтпөгөн “дастаны”

2010-жылы 7-апрелде борбордон качкан Бакиевдердин үй-мүлктөрүн жана кеңселерин талап-тоноо фактысы боюнча 2013-жылы “Ата Мекендин” депутаттары Райкан Төлөгөнов, Турат Мадылбеков, Болот Шер жана Өмүрбек Текебаевге байланыштуу кылмыш иши козголгон болчу. Бирок бул кылмыш иши буга чейин эки ирет ачылып, кайра эки ирет тергөө учурунда кыскарган. Аны депутаттык комиссия да бир нече курдай иликтеп, анын мүчөлөрү өз ара бир жыйынтыкка келе алган эмес.

Анткен менен ошондогу убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Курманбек Осмонов кылмыш иши негизсиз жабылган деп эсептейт:

- Биздин депутаттык комиссия талап-тоноо фактысы болгонбу же болгон эмеспи деген маселени иликтеген. “Атамекенчилердин” бир-экөөнүн катышы бар экени түздөн-түз эле көрүнүп калган. Эки жетекчиси боюнча болсо мындай кыйыр түрдө айтса болот. Анткени алардын катышы бар экенин тастыктоо оор. Бул иш ошондо эле ачыкталган. Бирок кийин тергөөдө ага укуктук баа берилбей калган. Азыр бул маселени көтөрүп жатканы президенттин алсыздыгы эмес. Болгону президент бул маселеге учурунда жакшы көңүл бура албай калып, тиешелүү кызмат адамдары илинчектерди жок кылган болсо керек.

Ички иштер министри кезинде Зарылбек Рысалиев “атамекенчилер” Бабанов өкмөтүнө чабуул баштаганда, “Республика” фракциясынын жыйынында “мародерчулуктун 70 пайызы ачылып калды” деп жарыялаган болчу. Кийин Зарылбек Рысалиев Жаза аткаруу кызматынын төрагасы болуп турганда бул ишти иликтөөнү кайра өзүнө алып, бирок анда дагы кандайдыр бир жыйынтык чыгара алган эмес. Ошол ишти аягына чыгарам деген Зарылбек Рысалиев эмне себептен ал иш сотко жетпей калганы туурасында суроого түз жооп берүүдөн баш тартты:

- Жок, мен бул боюнча азыр эч нерсе дей албайм. Президент жанагыларды айтканда бир жакта болчумун. Бүгүн эле келдим. Мен анын айткан сөзүн интернеттен көрөйүнчү. Ошого карата жооп берейин. Бул тууралуу эмне деген сөздөр болгонун окуп, бир сыйра таанышып, анан жооп бериш керек. Мародерчулукту эми кыргыз элинин бардыгы эле билет да.

Өмүрбек Текебаев жана Алмазбек Атамбаев
Өмүрбек Текебаев жана Алмазбек Атамбаев

“Ата Мекен” партиясынын жетекчилигине жана айрым мүчөлөрүнө каршы ачылган кылмыш иши жалпысынан эки жылдан ашуун иликтенген. Башында бул иш “Республика” партиясынын демилгеси менен парламентте саясий курал катары колдонулса, кийин аны президент Атамбаев “көзүр карта” катары алып чыкканы белгилүү.

Башкы прокурордун ошол кездеги биринчи орун басары Темирбек Бекмамат уулу бул ишти атайын мекемелер аралык тергөө тобу иликтеп чыкканын айтты:

- Зарылбек Рысалиев президентке рапорт жазып, анан ошонун негизинде кылмыш иши жазаны аткаруу кызматы тарабынан ачылган. Бул ишти мекемелер аралык тергөө тобу кылдат иликтеп, бардыгын терең изилдеп чыккан. Бул ишке ошонун негизинде чекит коюлган. Тергөө тобунун ишине Зарылбек Рысалиев өзү көзөмөлдүк кылып турган. Тергөө тобу өзүнүн амалдарын мыйзамга ылайык жүргүзгөн. Бирок мен тергөө ишин карабагандыктан бул тууралуу толук билбейм.

Бул кылмыш ишин башынан баштап тергеген Ички иштер министрлиги 2010-жылдагы талап-тоноочулук боюнча кылмыш ишин иликтөөнү токтоткон. Буга аталган кылмышка шектүү тараптарды таап аныктоо жагы кыйынчылык жаратканы себеп болгон. Бул ишке байланыштуу тергөөдө “атамекенчилерге” каршы көрсөтмө берген абактагы Абдулла Юсупов баш болгон бир нече адам суралган. Мындан сырткары талап-тоноочулук окуясы боюнча эки жүздөн ашуун күбө суракка чакыртылып, көрсөтмөлөрү алынган.

Ички иштер министрлигинин басма сөз борборунун жетекчиси Бакыт Сеитов бул ишти кайрадан жандантуу маселеси тууралуу маалымат жок экенин мындайча белгиледи:

- Бул иш башында Рысалиев министр болуп турганда козголгон болчу. Андан соң биз бул иш токтотулганы тууралуу маалымат таратканбыз. Буга кылмыш ишиндеги кээ бир жагдайлардын такталбай калганы себеп болгон эле. Андан кийин жаңы жагдайлар боюнча деген негизде мекемелер аралык тергөө тобу дагы бул ишти карап чыккан болчу. Ошондон бери аталган кылмыш иши карала элек. Жакында президент бул маселени козгогондон кийин кылмыш иши кайра дагы жанданабы же жокпу азырынча белгисиз.

2013-жылы жазында талап-тоноочулук боюнча кылмыш иши кайра жанданган эле. Буга ошол кездеги Жаза аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиевдин президент Алмазбек Атамбаевге жазган маалымдамасы негиз болгон. Анда “атамекенчилердин” иши боюнча жаңы жагдайлар табылганы айтылган. Башкы прокуратура ишти кайра тергөөнү Рысалиевдин өзүнө тапшырган. Бирок бир канча убакыттан соң криминалдык авторитет Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу ишине байланыштуу Зарылбек Рысалиев өзү кызматынан кеткен болчу.

XS
SM
MD
LG