Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

Белиздеги Wrobel&Co Бишкекке эч кандай документ жиберген эмес


Адвокат Раян Вробелдин колу коюлган документтин сүрөтү
Адвокат Раян Вробелдин колу коюлган документтин сүрөтү

Кыргызстанга Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн келди делген документтердин бирине кол койгон жергиликтүү адвокат Раян Вробелдин “Wrobel&Co” компаниясынын өкүлү Вианни Солис Бишкекке эч кандай документ жөнөтүлбөгөнүн “Азаттыкка” билдирди. Адвокат Вробел документтерди нотариалдык жактан гана күбөлөндүрөрүн айтты:

- Биз нотариалдык кызмат көрсөтөбүз. Эгер Вробел мырза кайсы бир документке кол койгон болсо ал күбөлөндүрүү жана апостил коюу үчүн кылган болушу мүмкүн. Биз мындай кызматты башка компанияларга сунуштайбыз. Биз документтерди [Кыргызстанга] президентке жөнөтүшүбүз мүмкүн эмес. Нотариалдык кызмат үчүн бизге кайрылган өнөктөштөргө документтерди күбөлөндүрүп беребиз.

Вианни Солис Кыргызстанга, же “Альфа-Телекомго”, же Avalon Consultants Limited компаниясына байланыштуу документтерди күбөлөндүргөнүн же күбөлөндүрбөгөнүн так айта албастыгын, алар документтердин көчүрмөлөрүн сактабай тургандыгын, болгону документке коюлган кишинин колун гана тастыкташарын билдирди.

14-ноябрда президенттин басма сөз кызматы Белизден келди делген документтердин сүрөттөрүн жарыялаган. Анда документке Раян Вробел кол койгонун, анын колун Белиздин Жогорку Сотунун каттоочусу Эдмунд Оливер Пеннил тастыктаганын көрүүгө болот. Пеннил документтердин мазмунун билбей турганын, болгону адвокат Раян Вробелдин гана колун тастыктаганын “Азаттыкка” айтты. (KKs)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG