Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:23

"Белизгейт": Текебаев Сегизбаевге чара көрүүнү суранды


Абдил Сегизбаев менен Өмүрбек Текебаев
Абдил Сегизбаев менен Өмүрбек Текебаев

“Ата Мекен” партиясы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Абдил Сегизбаевге юридикалык баа берүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылды.

Анда Сегизбаев Белиз өлкөсүнөн алынган документтердин көчүрмөсүн бербей жатканы, бул окуяга байланыштуу бир катар мыйзам бузулганы айтылат.

Өткөн айда атайын кызмат Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев баштаган үч депутатты “Мегакомдун” 50% акциясын сатууга аракеттенген деп айтып чыккан. “Атамекенчилер” муну саясий куугунтук менен байланыштырган жана каралоо деп атаган.

“Ата Мекен” партиясы Белиз өлкөсүнөн келген документтердин көчүрмөсүн сурап мындан бир айдай мурун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке кат жөнөткөн. Анда “Ыкчам-иликтөө иштери жөнүндө” мыйзамга ылайык көчүрмө берилбейт деген мазмундагы жооп келген.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев атайын кызматтын төрагасы Абдил Сегизбаевди парламентте айткан сөзүнө турган жок деп айыптады. Толук тешериле элек ыкчам маалымат коомчулукка шардана кылганы үчүн жооп бериши керек деп эсептейт:

- Парламенттик угуу убагында Абдил Сегизбаев эч кимди күнөөлөбөгөндүгүн, болгону ошол кагаздарды иликтеп жатканын айтып, эгер сурасаңар көчүрмөсүн беребиз деп убада берген. Мен депутаттык суроо-талап берип көчүрмөсүн сурагам. Жакында расмий кагаз алдык. Анда "Ыкчам иликтөө кызматы жөнүндө" мыйзамга каршы келет деп ошого шылтоо кылыптыр. Бирок ал кагаздардын сыры деле калган жок. Анткени президент экөө баш болуп КТРК, дагы башка маалымат каражаттардан таратты. Өзү парламентке келип баарын окуп берди. Ал катары менен бир нече мыйзамдарды бузду, ошон үчүн жооп бериши керек.

Башкы прокуратура бул катка кандай реакция блоорун азырынча маалымдай элек. Мурунку баш прокурор Байтемир Ибраев ыкчам иликтөө иштерине таяп документтердин көчүрмөсү берилбей жатканын сынга алды:

"Белизгейт": аныгы менен арсары

"Белизгейт": аныгы менен арсары

Жогорку Кеңеш УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин Белизден келди деген документтер боюнча маалыматын териштирди.

- Ошол документтердин ачык жарыяланып кетишинин өзү эле коомчулукта ошол аты аталган адамдар күнөөлүү деген пикирди жаратып салды да. Муну негизи чыгарбаш керек эле. Чыгып кеткенден кийин ал жерде жашыруун деле эч нерсе калбай калды да. Эгер ошондой кылмышка шектүү делип жаткан адамдар ошол документтердин көчүрмөсүн алганга укуктуу. Негизи эми жашыруун деле эч нерсеси калбай калды. Эми ыкчам иштер жүрүп жатат деп көчүрмөсүн берүүдөн баш тартканы суу кечпеген шылтоо болуп жатат. Азыр эми мыйзамга таяп ар нерсени айтышы мүмкүн. Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Саляновага кылмыш иш козголгон жок да. Аларды бул иште күбө катары өтүп жатат деп коюшу мүмкүн. Күбөлөр кайсы бир документтин көчүрмөсүн алганга, иш менен таанышканга укугу жок.

Талдоочу Бакыт Бакетаевдин пикиринде, ишти териштирип-иликтөө созула берсе бул окуянын айланасында ар шек саноолор, күдүк ойлор күчөйт:

- Баягы “Матрешкагейттен” кийин укук коргоо органдарына ишенбестик пайда болгон. Азыр деле ошондой шек саноо бар. Мындай ойлор болбошу үчүн ишти тергөө ачык-айкын болушу, эл чындыкты билиши керек. Бүгүнкү күндө укук коргоо органдарына ишенбестик бар экени анык. Президент Башкы прокуратурага текшергиле деп тапшырма бербедиби. Эми бул текшерүүнүн убактысы дагы чектелген жок. Ошондуктан бир ай иликтейби, бир жыл иликтейби, белгисиз. Азыр эми коомдо эки тарапка тең ишенбестик бар, бирөөлөр шамал болбосо чөп кыймылдабайт, чын эле катышы бар го деп турса, башкалар болсо баягы эле “Матрешкагейт” кайталанып жатат дешет. Ошондуктан тезирээк ачык айкын териштирип чыгуу керек.

“Белизгейттин” айланасындагы жагдай боюнча президент Алмазбек Атамбаев комментарий берген. Ушул айдын башында маалымат жыйында Белиз өлкөсүнөн келген документтер жасалма болуп чыкса атайын кызматтын төрагасы Абдил Сегизбаев жооп берерин эскерткен:

Белизден алынган жооп

Белизден алынган жооп

Пеннил апостил менен Белиздеги“Wrobel&Co” компаниясынын адвокаты Раян Ж. Вробелдин колун гана тастыктаганын, бирок ал документтердин мазмуну эмне жөнүндө экенин билбей турганын, Кыргызстанга жөнөтүлгөн документтер тууралуу укпаганын "Азаттыкка" билдирди.

- Мен Башкы прокуратурага кайра текшерип чыгууну тапшырдым. Эгер бул документтер жасалма болуп чыкса, УКМКнын төрагасы мага жасалма документ алып келгени аныкталса ал өзүнүн кызмат орду менен жооп берет. Ага жаман болот. Бирок силер билесиңер да. Алексей Елисеевдин лицензиясынын узартылышы боюнча, жасалма документтердин негизинде мыйзам бузуу менен берилгени тууралуу жаңы фактылар чыгып жатпайбы. Елисеев менен Салянованын жана башкалардын ортосунда кандай байланыш бар? Ошондуктан баары алдыда.

Өткөн айда УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев президент Алмазбек Атамбаевге Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынды делген документтерди көрсөткөн. Ал документтер боюнча үч “атамекенчи” депутат мындан төрт жыл мурун “Альфа телекомдун” акциясынын жарымын сатууга аракет кылган деп айтылган. Бул фактыларды иликтөө үчүн мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн.

“Азаттык” Белиз өлкөсүнөн Бишкекке келген документтерде аты-жөнү көрсөтүлгөн тараптар менен байланышып, маалымат алууга аракет кылган. Анда атайын кызмат тараткан документтердин айрым шектүү жагдайлар ачыкка чыккан эле.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG