Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Текебаев менен Чотоновдун баш коргоо чарасы өзгөргөн жок


"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын орун басары Дүйшөнкул Чотонов 25-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагында болушат. Бүгүн эки саясатчынын баш коргоо чарасын караган Бишкек шаар соту Биринчи май райондук сотунун аларды эки айга камоо тууралуу 27-февралда чыгарган чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова "Азаттык" үналгысына билдирди. Адвокат шаардык соттун чечимин мыйзамсыз деп атап, 10-мартта апелляциялык арыз менен Жогорку Сотко кайрылышарын кабарлады.

Текебаев 2010-жылы орусиялык Леонид Маевскийден миллион доллар пара алган деп айыпталып, 26-февралда кармалган жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалган. Өзү муну саясий куугунтук деп сыпаттоодо. Ал кармалгандан бери Бишкекте жана Базар-Коргондо колдоочуларынын нааразылык акциялары өтүп жатат.

Партия лидеринин ишине тиешеси бар деп убагында өзгөчө кырдаалдар министри болгон, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов эки айга камалган. (SDz/ZKo)

XS
SM
MD
LG