Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:49

Сөз эркиндиги: диалог болгон жок


“Сөз эркиндиги жана тынчтык митингдеги укуктар” тегерек үстөлүнүн катышуучулары. 30-март, Бишкек
“Сөз эркиндиги жана тынчтык митингдеги укуктар” тегерек үстөлүнүн катышуучулары. 30-март, Бишкек

Бүгүн Бишкекте “Сөз эркиндиги жана тынчтык митингдеги укуктар” деп аталган тегерек үстөл болду. Анда өлкөдөгү саясий укуктар жана сөз эркиндигинин абалы талкууга алынды. Жыйынга Жогорку Кеңештен, президенттик аппараттан, Коопсуздук комитетинен чакырылган өкүлдөр келген жок.

Жыйындын башында сөз сүйлөгөн акыйкатчы Кубат Оторбаев өлкөдө демократия жаатындагы жетишкендиктер жоголуу коркунучунда турганын айтып, тынчсыздануусун билдирди.

Ал эркин ММКларды сотко берүүдө бийлик кош стандарттуулукту карманып жатканын белгилеп, башкы каналдарды бейтараптуулукту сактоого чакырды:

- Кыргыз журналистикасында кемчилик өтө көп. Бир жактуу каралоо, буюртма менен, акча менен иштеп, бирөөнүн башынан ылдый көө жабуу бар. Бирок урматтуу президент Алмазбек Атамбаев миллион сомдук доо арыздарды ойлонуп көрсө жакшы болот эле, бул тууралуу бүгүн да айтылды. Бийлик дайыма көтөрүмдүү болушу керек. Өзүнүн дарегине кандай гана сын айтылбасын, аны көтөрө билиши зарыл. Бийлик үй-бүлөдөгү атадай эле ролду аткарат. Атанын колу тиймек тургай, анын айткан сөзү ар бир баласына оор тиет.

Акыйкатчы ошондой эле сот органдарына кайрылып, айрым ММКлардын банктык эсептеринин камакка алынышын кайра карап чыгууга үндөдү.

ИИМ: Милиция өз милдетин аткарды

Тегерек үстөлдөгү козголгон маселелердин бири - 25-мартта Садыр Жапаровду колдоп митингге чыккандардын камалышы, аларга милиция кызматкерлери тарабынан күч колдонулганы болду. Укук коргоочу Чолпон Жакупова маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда кармалып, сабалганы тууралуу маалыматтар видеотасмалар коштолуп, жарыяланып жатса да, ага прокуратура органы эч кандай чара көрбөйт деп сынга алды:

Чолпон Жакупова
Чолпон Жакупова

- УКМК да Ак үй сыяктуу эле кайтаруудагы стратегиялык объект. Мен бул кайтаруудагы объекттерге кирип барууга каршымын. Бирок бул деген аларды кармап алып, кыйнап, сабоо керек дегенди билдирбейт. Эмне үчүн прокуратура унчукпай отурат? Эмне үчүн эч кандай чара көрүлгөн жок? Эмне үчүн Акыйкатчы институту унчукпайт?

Жакупованын сөзүн жыйында сүйлөгөн айрым активисттер да колдоп, саясий окуялар, камоолор күч алган учурда акыйкатчы үн катпады, өзүнө тагылган милдеттерин аткарган жок деген сын-пикирлерди айтышты. Буга жооп кылган Кубат Оторбаев Акыйкатчы институту тууралуу мыйзам боюнча тагылган милдеттердин баары так аткарылып жатканын билдирди:

Кубат Оторбаев
Кубат Оторбаев

- Мыйзамда бизге тагылган милдеттердин баарын так аткарып жатабыз. 18-мартта активисттер кармалганда да, 25-мартта Жапаровдун тарапкерлери кармалганда да Акыйкатчы институтунун кызматкерлери иштеди. Убактылуу камоочу жайга барып, түнү менен жүрдүк. 25-мартта УКМКнын жанында болгон митингге да мониторинг жасадык. Митингге чыккандар камалгандан кийин дароо Биринчи Май райондук сотуна барып, камалгандардын сотуна катыштым.

Жыйынга прокуратура жана милициядан да өкүлдөр катышты. Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Рыскулбек Маженов айтылган сындарга жооп кылып, митингге чыккандар да мыйзамдарды сактоого, өздөрүнөн башка жарандардын укугун сыйлоого милдетүү экенин айтты.

Ал эми ИИМдин өкүлү Улан Рысбеков милиция кызматкерлери өз ишин жакшы билет деп билдирди:

- Бизде ар дайым адамдардын укугун коргоо боюнча кызматкерлерибизге сабактар өткөрүлүп турат. Биз деле сиздердей эле жарандарбыз. Бизде да ата-эне, бала-чака бар. Бирок өзгөчө кайтаруудагы объекттерге кирүүгө аракет жасалса, ар кандай бөтөлкөлөрдү ыргытып жатса, милиция да жөн турбайт.

Бийлик диалогго баргысы жокпу?

Иш-чарага Жогорку Кеңештен, президенттик жана өкмөттүк аппараттан, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен өкүлдөр чакырылганы менен, эч ким келген жок.

Бизди медиа коомчулукта болуп жаткан окуялар түйшөлдүрбөй койбойт. Биздин уюм буга чейин да бул маселени чогуу отуруп, талкуулоо үчүн бийлик өкүлдөрүн чакырып, бир аянтчага чогултууга аракет кылганбыз. Бирок андан майнап чыккан эмес.
Тамара Валиева

Муну белгилеген көз карандысыз журналисттер уюмунун төрайымы Тамара Валиева маселелерди чогуу талкуулоо сунушун бийлик тарап көңүлгө албай жатат деп эсептейт:

- Бизди медиа коомчулукта болуп жаткан окуялар түйшөлдүрбөй койбойт. Биздин уюм буга чейин да бул маселени чогуу отуруп, талкуулоо үчүн бийлик өкүлдөрүн чакырып, бир аянтчага чогултууга аракет кылганбыз. Бардык кызыкдар тараптарды чакырганбыз. Бирок андан майнап чыккан эмес. Тилекке каршы, бүгүн да дал ошондой эле көрүнүш. Чакырылгандардын көпчүлүгү келбептир. Биз бүгүн бул жерде диалог үчүн жакшы аянтча түзүлөт деген ишеничте болгон элек.

Башкы прокуратура "Азаттык" радиосун, Zanoza.kg, 24.kg сайттарын "президенттин ар-намысына шек келтирди" деген жүйө менен жалпысынан 60 млн сомдук доо менен сотко берген. Көп өтпөй сот тарабынан "Азаттык" радиосунун жана Zanoza.kg сайтынын банк эсептерин камакка алуу боюнча аныктама чыгарылып берилген.

Президент Алмазбек Атамбаев 24-мартта "Элдик ыңкылаптын" урматына ачылган гүлбактын ачылышында абийирине шек келтирген маалымат каражаттары менен тынчтык келишимге барбасын бекемдеген.

Сөз эркиндиги: тегерек үстөл максатына жетпеди
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:26 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG