Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 19:32

Бийлик менен медиа ортосундагы чыңалуу кыргыз коомчулугунун көңүл чордонунда турат.

Бийликтин маалымат каражаттары менен соттошууcу сөз эркиндигине кысым күчөгөнүн көрсөтөбү же журналисттер кесиптик милдетин так аткара албай жатканынан кабар береби? Журналисттер менен соттошуулар саясий абалга, демократиянын беделине, бийликтин өзүнүн кадыр-баркына кандай таасир бериши мүмкүн? Өлкөдө сөз эркиндигин коргоп калуунун негизги жолдору кайсылар?

"Азаттыктын" “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышында ушул жана башка суроолорго жооп издедик. Талкууга Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти Мелис Айдаркулов жана конфликтолог, журналист Жыргалбек Касаболотов катышты.

"Азаттык”: Мелис мырза, бир ай ичинде эле үч маалымат каражаты сотко берилди. Айрымдарына эки-үчтөн доо коюлду. Президент соттук териштирүүлөр башталбай жатып эле айрым журналисттердин, маалымат каражаттарынын дарегине катуу сөздөрдү айтып жатат. Президенттин мындай маанайын укук коргоо-сот органдары буйрук ишараты катары кабылдап жаткан жаткан жокпу?

Мелис Айдаркулов: Жок. Айтып коюшум керек, биринчиден, мага президенттин жактоочусу катары чыгуу укугу берилген эмес. Мен жеке пикиримди айтып жатам. Көп жыл журналист болуп иштегем, ошол үчүн айтып жатам.

Президенттин сөзү ошол камалгандан кийин же камалгандын алдында, же сотко берилгендин алдында эле чыга калган жок да. Бул маселе мурда да көтөрүлүп келген, мурда да айтылган. Ал киши өзү чыгармачыл, жазуучу адам. Эркиндик үчүн убагында тобокелге барып жүргөн. Ал сөз эркиндигине каршы чыга турган адам эмес.

Кеп башкада болуп жатат. Орустар айтмакчы, "не навреди" же аша чаппа дейт. Ушул жерден бир кызык окуя да. Биз “Эркин-Тоо” гезитинде иштеп жүргөндө Докем (ред; Дооронбек Садырбаев) күнүгө кечкисин, түн жарымында чалып, “Мелис, аман-эсенсиңби, барсыңбы, кандайсың, эч ким тийген жокпу?” деп чала берчү, мен “ой, жакшы, эч ким тийген жок” деп жооп берем, мен анда башкы редактор элем. Кайта-кайта сурай бергенинен бир күнү “Доке, эмне болуп калгансыз, күнүгө эле чалып сурай бересиз?” десем, “ой, балам, сен Акаевди абдан катуу сындап жатасың. Ошондон улам коркуп, сурап жатам” деп калды. Мен “эмне кылмак эле, эч нерсе кыла албайт” дедим, эми ал кезде жашмын. “Жок, сен азыр чектен чыга элексиң, ошон үчүн эч ким эч нерсе сага дей албайт. Сенин сының далилдүү, калыс, ошон үчүн айта элек. Эгер аша чаап кетчү болсоң, анда кыйын болуп калат, аша чаба көрө” деди. Ошондуктан аша чаппаш керек. Сөз эркиндиги бизде бар. Кеп ошол эркиндикти кандай пайдаланып жатабыз дегенде болуп жатат.

"Азаттык”: Жыргалбек мырза, айрым медиа өкүлдөрү дагы бийликтин аракети жок жерден чыкпаганын, буга жалпыга маалымдоо каражаттарында кесиптик этикадан аша чапкан учурлар себеп экендигин айтып жатышат. Бирок пресс-конференцияга барып, андагы айтылгандарды коомчулукка жетирүү журналисттин түздөн түз милдети эмеспи. Коомчулукка жарыяланган кабарлар үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары эмес, ошол маалыматты журналисттерге айткан тараптар жооп берүүгө тийишпи?

Жыргалбек Касаболотов: Биринчи иретте жоопкерчилик ошол маалыматты тараткан адамдарда. Журналист маалымат тараткан адамдардын сөзүн бурмалабай берип жатса, эч нерсеге жооп бербеши керек. Бул жерде эгерде сот тескери чечим чыгара турган болсо, демек анда сот туура эмес чечим чыгарып жатат. Себеби мыйзамда ушундай.

Экинчиден, биз бул жерден сөз эркиндигинин жоопкерчилиги жөнүндө кеп кылып жатпайбызбы. Сөз эркиндигинин жоопкерчилиги биринчи кезекте бийликтен, эл башында турган адамдардан башталат. Эгерде ошондой адамдар өздөрү ошол стандарттарды алып жүргөн болсо, анда эл дагы ошого карата түздөнөт. Андан кийин да көргөн чарасы жүйөлүү, жөндүү болуп эсептелет.

Азыр аша чапкандыкты кайсы жерден көргөндүгү боюнча жүйөсүн көргөн жокмун да. Башкача айканда, ал жерде жалган маалыматты журналисттер өздөрү айтып жатса бир жөн, анда соттой берсин. Бирок мен билгенден "Азаттык" менен "Заноза" экинчи тараптыкын да берген. Башкача айтканда, андан кийин бийлик жооп берген. Аныкын да берген. Негизи бул журналистиканын стандарты. Маалыматты берген тарап өз сөзүнө жооп бериши керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG