Линктер

ишемби, 24-июнь, 2017 Бишкек убактысы 06:08

16-мартта Кыргызстандын маалымат каражаттарынын кызматкерлери, бийлик өкүлдөрү жана жарандык коомдун өкүлдөрү жыйын куруп, медиа менен бийликти конструктивдүү диалогго чакырышты.

Кыргызстанда сөз эркиндигине кысым күчөдүбү же журналисттер кесиптик милдетин так аткара албай жатабы? Бийлик жалпыга маалымдоо каражаттарына тандамал мамиле кылуудабы? Журналисттер менен соттошуулар өлкөдөгү саясий кырдаалга, демократиянын беделине кандай таасири бериши мүмкүн?

“Арай көз чарай” талкуусуна Кыргызстан журналисттер союзунун төрага орун басары Азимжан Ибраимов, укук коргоочу Динара Ошурахунова жана Көз каранды эмес журналисттер бирлигинин мүчөсү Авланбек Жумабаев катышты.

“Азаттык”: Авланбек мырза, сиздер мүчө болгон Көз каранды эмес журналисттер уюмунун демилгеси менен журналисттер, бийлик өкүлдөрү, жарандык коомдун мүчөлөрү чогулуп, акыркы күндөгү медиа тармактагы түзүлгөн кырдаалды талкууладыңыздар. Эмне сөз болду, кандай жыйынтыктар чыкты?

Авланбек Жумабаев: Көз каранды эмес журналисттер союзу өлкөдө медианын айланасындагы кырдаалды эске алып, ачык медиа форум өткөрдүк. Ачык дегенибиздин себеби ага мамлекеттик бийликтин жетекчилерин, парламенттеги фракция лидерлерин, бейөкмөт уюмдардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн, журналисттерди чакырганбыз.

Тилекке каршы, бийлик жетекчилери келбесе да, биз өз ойлорубузду алардын өкүлдөрү аркылуу ачык айта алдык. Жыйынга келген жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер бир топ жигердүү ойлорун айтышты.

“Азаттык”: Динара айым, жыйында бир журналист мурдагы эки революциянын алдында КООРТ, “Пирамида” телеканалдарына оор учурлар болгондо бейөкмөт уюмдар унчуккан эмес, бүгүн эле айрым маалымат каражаттарына келгенде кыйкырып чыга калдыңар, сиздерде тандамал мамиле болуп жатат деп сындап өттү.

Динара Ошурахунова: Ошол айтылып жаткан КООРТ, "Пирамида", “Республика” мааалымат каражаттарына байланыштуу окуялар болгондо биз биринчи барганбыз. Аларды кантип коргоо жөнүндө көп иштерди жасаганбыз.

Бейөкмөт уюмдар эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан бери эле басма сөзгө кандай маселе же кысым жаралбасын дайыма жанында болуп келген. Адвокаттарды берип, коргоп келгенбиз. Бул учурда дагы биз эч кимди тандабай эле, конституциялык укугубузду коргоо үчүн күрөшүп жатабыз.

“Азаттык”: Азимжан мырза, 16-мартта өткөн жыйында журналистика саясий бизнестин капканында калды деген сын айтылды. Анын чындыгы барбы, болсо аны кайдан көрө алабыз?

Азимжан Ибраимов: Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттары бүгүнкү кырдаал, саясат менен тыгыз байланыштуу. Учурда президенттик шайлоого байланыштуу саясий активдүүлүк күчөп турган мезгил. Жалпыга маалымдоо каражаттары бул процесске өздөрү тартылып же башка саясий күчтөр тартып жатканы чындык.

Базар мамилеси гүлдөп жаткан бул заманда маалыматтын баасы чыгууда. Ал маалымат атаандаштыкка туруштук берип, сапаттуу болушу керек. Биздин журналистикада жалган жалаадан алыс болуу, такталбаган маалыматтарды бербөө жагынан жаңылыштык кетирип жатканыбыз аз эмес. Жаш журналисттер маалыматты берүүдө текшербей, сенсацияга азгырылып кеткен учурлар да бар.

Маалымат каражаттары саясатка тартылып, айрым материалдык кызыкчылыктарга алдырып, кайсы бир саясий күчтөрдүн, бийликтин камчысын чапкан учурлар абдан көп. Себеби көп ЖМКлар материалдык, каржылык жактан көз каранды. Айрым мамлекеттик ЖМКлар бюджеттен каржыланбаса, эркин деген маалымат каражаттары башка жактан материалдык колдоолорду, сыйлыктарды алып жатканы жашыруун эмес.

“Азаттык”: Авланбек мырза, демократиялык коомдо абийир, ар- намысын коргогон соттошуулар кадимки көрүнүш, азыркы кырдаалды да жөнөкөй эле кабыл алгыла дегендер бар, саясатташтырбагыла деп жатышат...

Авланбек Жумабаев: Ооба, жогоруда менин кесиптешим айткандай журналисттер арасында кемчиликтер бар, моюнга алабыз. Бирок учурда сөз болуп жаткан үч маалымат каражаттарына байланыштуу сот иштеринде саясий боёгу болууда. Мен, “Азаттыкты”, “Занозаны” же “24.kg” маалымат каражаттарын маалыматтарды текшербей чыгарып, аша чаап кетишти деп айта албайм

Журналисттер маалыматты текшерип чыгарсын деп жатышат, туура. Журналистикада “оперативдүү-ыкчам маалымат” деген түшүнүк бар. Ошол саясатчылар көпчүлүк эл жүргөн коомдук жайларда маалыматтарды ачык айтып жатса, аларды бузбай-этпей дал ошондой кылып коомго берип жатса журналисттердин бул жерде күнөөсү кайсы? Ошондуктан маалымат үчүн жоопкерчиликти аны берип жаткан тарап алышы керек. Эки тараптуу “саясий согуштарга” журналисттерди тартуу туура эмес.

“Азаттык”: Динара айым, президент Атамбаевдин бул кырдаалга байланыштуу “ким музыкага буюртма берсе, ошолор айып пулду төлөсүн” деген сөзүн сотторго алдын ала берилген буйрук катары кабыл алып жаткандар бар.

Динара Ошурахунова: Балким ошондой, анткени бизде соттор көз каранды. Сот реформасы болбой калганын президент 2013-жылдан бери айтып келатат. Президент кайра-кайра ошол сөзүн айтып жатса, бийликтин көзүн карап отурган соттор аны албетте буйрук катары кабыл алат.

Азыркы болуп жаткан окуяларда коммерциялык же саясий кызыкчылыктар бар деп аралаштырбайлы. Көңүл бура турган нерсе, азыркы кырдаалда маалымат каражаттарын президентти коргош үчүн Башкы прокуратура берип жатат. Миллиондогон акчаны айып катары сурап жатат. Бул жердеги максат маалымат каражаттарын ушундай жол менен оозуп басып, жаптыруу болууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG