Линктер

бейшемби, 13-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 17:00

Саясатчылардын маалымат "чабуулу"


Темир Сариев менен Өмүрбек Бабанов.

Президенттик шайлоонун мөөнөтү жакындаган сайын саясий атаандаштардын ортосундагы тымызын күрөш ачыкка чыгып, өз ара маалымат "чабуулун" күчөтүштү.

"Республика - Ата Журт" фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Бабанов Жерүй алтын кени боюнча жана Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан алган 17 миллион долларлык жеңилдетилген насыя тууралуу анын дарегине айтылган дооматтардан кийин президенттикке талапкер болчу саясатчылардын бири Темир Сариевдин жол чырына байланыштуу маселени көтөрүп чыкты.

Жол чырын козгогон "салам-дубай"

Өткөн жумада Өмүрбек Бабанов жетектеген парламенттин "Республика - Ата-Журт" фракциясы Каракол шаарында көчмө жыйын өткөрүп, Ысык-Көл облусунда курула турган жолдордун абалын талкуулады.

"Республика - Ата-Журт" фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Бабанов негизги маселелердин бири катары эки жыл илгери башталып, курулуп бүтпөй жаткан Балыкчы-Корумду жолунун тагдырына кызыкты. Бул жол курулушун каржылоо булактары учурунда аныкталбай туруп, тендер жарыяланганы жана ага бөлүнө турган каражаттын табылбай жатканы боюнча маселе кайрадан көчмө жыйында талкууланды.

Жол чыры: Атамбаев экс-премьерди сындады

Жол чыры: Атамбаев экс-премьерди сындады

Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев бул жол куруу чечимин сынга алган баяндама менен чыгып сүйлөдү:

- Мен Балыкчы-Корумду жолунун курулушун иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын мүчөсү болгом. Ошол кездеги өкмөт башчы Темир Сариев туура эмес чечим чыгарган. Мына ошол кезде бир тыйын каржы булагы жок туруп, бул долбоор башталып, 6 миллиард 800 миллион сомго тендер жарыяланган. Бюджетте акча каралбай башталган мына ошол популисттик чечимдин негизинде жолду куруу иши аксап, азыр өкмөт да, парламент да элдин астында ыңгайсыз абалда калдык. Азыр өкмөт буга жылына 200 миллион сомдун тегерегинде гана акча бөлө алабыз деп жатат. Андай боло турган болсо, бул жолдун курулушу дагы 20 жылга созулабы? Буга чейин узундугу 76 чакырымды түзгөн Түп-Кеген жолу 1 миллиард 600 миллион сомго жасалган экен. Балыкчы-Корумду жолу андан 38 чакырымга эле узундук кылат. Бирок бул жолдун баасы дагы үч-төрт эсе көп болуп жатат.

Жолдун таржымалы

Ысык-Көл облусунун аймагындагы жалпы узундугу 104 чакырымды түзгөн Балыкчы-Корумду жолу мурдагы өкмөт башчысы Темир Сариевдин тушунда 2015-жылы жазында башталып, ага 7 миллиард сомго чукул каражат чыгымдала турганы айтылган болчу. Бул жол тендеринен утуп чыккан кытайлык "Лонг-Хай" компаниясынын лицензиясы болгон эмес жана мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев жетектеген өкмөт бул жолдун каржы булагын аныктабай туруп, тендер жарыялаган деген негизде маселе көтөрүлгөн. Бирок кийин бул жол курулушун мына ошол эле "Лонг-Хай" компаниясы улантып, кийинки келген өкмөт ага каражат издеп тапканы жарыяланган.

Бирок ал каражат жетпей, кийинкиси бөлүнбөй, курулуш иши токтоп калып, жумушчулар маянасын ала албай калган учурлар коомчулукка белгилүү болгон.

Балыкчы-Корумду жолу.
Балыкчы-Корумду жолу.

Транспорт министринин орун басары Азимкан Жусубалиев фракциянын көчмө жыйынында бул жолдун абалы мындан аркы каржы булагын издеп табууга жараша болорун айтып, жооп берди:

- Бул жолдун курулушуна акча табылбай жаткан маселе быйыл жыл башында өзгөчө байкалды. Биз бул боюнча 212 миллион сом карыз болуп турдук. Андан кийин маселе толугу менен чечилди. Азыр эми бул боюнча дагы бир катар маселелер бар. Ошолордун үстүнөн иштеп жатабыз. Жолду аягына чейин бүтүрүү үчүн дагы 5,3 миллиард сом керек. Азыр эми өкмөттө быйыл буга 1 миллиард сом каралышы мүмкүн деген божомол бар. Бул жагдай мындан аркы каржы булагына байланыштуу болот.

Мындан сырткары "Лонг-Хай" компаниясына жол куруу укугун берүүдө ошол кездеги өкмөт башчысы Темир Сариевдин кызыкчылыгы болгон деген негизде чыр чыгып, ошол кездеги транспорт министри Аргынбек Малабаев дагы кызматынан кеткен эле. Андан соң парламентте бул маселе көтөрүлүп, Темир Сариев кызматын тапшырып берген. Мына ошондон көп өтпөй президент Алмазбек Атамбаев "каржы булагын таппай туруп, жол курулушун баштоо диверсияга тете иш" деп айыптап чыккан.

Бабанов жоопкерчиликти сурайт

"Республика - Ата-Журт" фракциясынын көчмө жыйынында бул жол курулушундагы кетирилген кемчиликтерге баа берип, жетекчилердин жоопкерчилигин кароо маселеси сунушталды. "Республика - Ата Журт" фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Бабанов маселени парламентте карап, ага баа берүү чечимин жарыялады:

Бабанов дооматтарга жооп кайтарды

Бабанов дооматтарга жооп кайтарды

"Республика - Ата-Журт" фракциясынын башчысы Өмүрбек Бабанов жакындарынын ишкерлик кызыкчылыктарына байланыштуу 11-апрелде жыйын өткөрдү.

- Балыкчы-Корумду жолу боюнча тендерди Транспорт министрлиги - силер өткөргөнсүңөр да. Мына ошол тендерден уткан кытайлык компания кийин алмашкан жок. Муну Сариев премьер-министр кезинде өткөзгөн да. Анан каражат жагы каралбаса, кантип тендер өткөрүүгө макулдук бердиңер? Бул силердин жеке ишиңер эмес. Мамлекеттик маанилүү маселе. Мына ошондуктан биз муну парламентте дагы бир жолу карашыбыз керек. Бул жерде бир гана кызматтан кеткен ошондогу өкмөт башчысы эмес, Транспорт министрлигиндеги тендерди өткөрүүгө макулдук берген, токтомду иштеп чыгып, кол койгон тараптар дагы жооп бериши керек.

Ошол эле кезде фракциянын көчмө жыйынында бул жол чырына байланыштуу эмне себептен ошол тендердин жыйынтыгы жокко чыгарылган эмес деген маселе каралган жок. Ошондой эле каржы булагы аныкталган шартта жаңы сынак жарыялоого эмне тоскоолдук кылганын аныктоо маселеси дагы негедир бул жолку талкууга коюлбады. Анткени мына ошол Темир Сариевдин тушунда тендерден утуп чыккан кытайлык "Лонг-Хай" компаниясын жеңүүчү деп тапкан чечим кийин күчүндө калган.

"Чукушмайбы" же тукурушмайбы?

Саясатчы Темир Сариевдин маалымат катчысы Назира Ахмедова бул маселени аталган фракция тарабынан кайрадан көтөрүлүп жатышын алдыдагы президенттик шайлоо менен байланыштырды:

- Эгерде мына ошол тендерде мыйзам бузуу болсо, анда "Лонг-Хай" компаниясы бул жол долбоорун аткаруудан четтетилиши керек эле да. Тендер кайрадан жарыяланышы зарыл болчу. Бирок андай болбоду. Болгону Темир Сариев кызматынан кетти. Анан ошонун бардыгы өзгөрүүсүз калды го. Ошондон бери унчукпай келип, президенттик шайлоонун астында Өмүрбек Бабановдун Ысык-Көлгө барып алып, "андай болду-мындай болду" деп маселени көтөрүп жатканы - баланын оюнундай эле нерсе. Эл ансыз деле бул маселенин чыныгы себебин билет. Мен мурда өкмөт башчысы болгон Өмүрбек Бабановдун бул айтканына аябай таң калдым. Анан эми Бабанов "чукушам" десе, чукуша турган маселе көп.

Буга чейин Балыкчы-Корумду жолунун курулушу боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, ишти иликтөөнү Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына тапшырган. Бирок мына ушул күнгө чейин аталган кылмыш ишине чекит коюла элек.

Мындан сырткары парламентте убактылуу депутаттык комиссия да түзүлүп, бул ишти иликтеп чыкканы белгилүү. Бирок депутаттык комиссия дагы бул иште мыйзам бузуу болуп же болбогонун так аныктап, корутунду чыгарган эмес. Бул убактылуу депутаттык комиссиянын иши дагы арабөк абалда токтоп калган.

Шылтоого табылган кара көө

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев буга чейин "Азаттыкка" жол чыры аны кызматтан кетирүү үчүн шылтоо гана болгонун айтып, муну анын атын каралоо үчүн жасалган саясий кутум катары кабыл алган жайы бар:

Темир Сариев
Темир Сариев

- Балыкчы-Корумду жолу - бул жөн эле шылтоо болду. Мени кызматтан кетирүүнүн түпкү себеби башкада болчу. Анткени мен премьер-министрликке келгенде жанымды сабап, ак иштедим, так иштедим. Жоопкерчиликти өзүмө дагы башкаларга дагы жогору койдум. Бул нерсе саясий чөйрөдөгү көптөргө жаккан жок. "Сариев жарнама кылып жатат, бул тендерден 6 миллион доллар алган, жардамчысы буга кийлигишкен экен, ал эмдиги жылкы шайлоого даярданып жатат" деп айтып, гезиттерге жаздырышты. Мен болсо ошол кезде болгону натыйжалуу иш алып баруу усулун көргөзүп, жыйынтык берейин деген элем. Мен өкмөт башчысы болуп турганда бул жолдун курулушун бүтүрөт болчумун. Анан эми "чукулап" отуруп эч нерсе таба алышпай, кийин каржы булагы жок туруп, жолду баштаган деген кине коюшту. Жол салганды баштаганы үчүн Сариев күнөөлүү болсо, анда мен ошого ылайык жоопкерчиликти тартууга даярмын. Бул кээ бир саясатчылардын чоочуп кеткенинен чыккан иш.

Бабановго жасалган "чабуулдун" мизи

Буга чейин жергиликтүү басылмаларга "Республика - Ата-Журт" фракциясынын башчысы Өмүрбек Бабановдун жакындарынын ишкер кызыкчылыгына байланыштуу бир катар маалыматтар чыккан болчу. Биринчи кезекте Өмүрбек Бабанов Таластагы Жерүй алтын кенин чет элдик инвесторго арзанга сатууга көмөктөшүп, өзүнө анын тиешелүү үлүшүн ыйгарып алган деген негизде жазып чыгышкан.

2013-жылы 300 миллион долларга бааланган Жерүй алтын кени кийин чет элдик ишкерлер Муса Бажаев менен Алижан Ибрагимовго караштуу компанияга 100 миллион долларга сатылганы көрсөтүлгөн эле.

Бул тууралуу алгач жазып чыккан "Чагылган" интернет басылмасынын баш редактору Айбек Шамшыкеев мына ушул суроолор боюнча ынандырарлык жооп алыша албаганын айтты:

- 2013-жылы Жерүй алтын кенин иштетүү укугун 300 миллион долларга баалап, алып чыгышкан. Бирок ага кардар жок деген негизде эки жылдан кийин эле анын баасын 100 миллион долларга түшүрүп туруп, сатып жиберишкен. Анан азыр жаңы жагдайлар чыгып жатат. Бул тууралуу казакстандык сайттар дагы жазышкан. Биз мына ошолорго шилтеме бергенбиз. Андагы маалымат боюнча мына ошол 100 миллион долларга сатылган Жерүй кенин 2016-жылы Кипрде катталган бир компанияга 600 миллион долларга сатылган экен. Өмүрбек Бабанов өткөндө маалымат жыйынында буга карата ынандырарлык жооп берген жок. Ал болгону "бул алтын кенге эч тиешем жок" деп гана койду. Буга чейинки маалыматтарда алтын кенди иштетүүчү компаниянын 40 пайызы Муса Бажаевге, дагы 40 пайызы Алижан Ибрагимов дегенге, калган 20 пайыз үлүш Өмүрбек Бабановго таандык экени жазылган.

Буга байланыштуу маалымат жыйынын өткөргөн депутат Өмүрбек Бабанов мурдагы казакстандык компания эл аралык сотто өкмөттү 580 миллион долларга акчалай айыпка жыга турган шартта Жерүй алтын кенине сырттан инвестор таап келгенин айтып, анын бул жерде эч кандай жеке кызыкчылыгы болбогонун билдирген эле. Ошондой эле ал 100 миллион доллар бюджетке каражат түшүргөнүн жана алтын кенин өздөштүрүп, жумушчу орундарын түзүүгө анын дагы салымы болгонун айткан.

Айбек Шамшыкеев.
Айбек Шамшыкеев.

Ал арада жогорудагы интернет басылма Өмүрбек Бабанов "Азия-Молл" соода борборун курууга Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан 17 миллион доллар жеңилдетилген насыя алганын жазып чыккан. Анда фонддун насыялоо шарттары боюнча жобо одоно бузулганы көрсөтүлгөн. Журналист Айбек Шамшыкеев бул маселе боюнча дагы эң башкы талылуу суроолор жоопсуз калганын белгиледи:

- Албетте, ал киши өзү айткандай, ар бир ишкердин ошол фонддон жеңилдетилген насыя алганга укугу бар. Бирок Бабанов өзү жогорку саясий кызматта туруп насыя алганы моралдык жагынан дагы туура эмес. Ал өзү "жеңилдетилген насыяны болгону жакындарым алган" деп ырастап айтып койду. Бабановго окшоп 17 миллион болбосо дагы андан бир кыйла аз өлчөмдө жеңилдетилген насыя ала албай канчалаган карапайым ишкерлер, дыйкандар жүрүшөт. Мына ошолор насыя алса жарашмак.

Бабановдун жообу

Анткен менен "Республика - Ата Журт" фракциясынын башчысы Өмүрбек Бабанов анын дарегине айтылган мына ошол дооматтар анын ысымын атайылап каралоо үчүн коюлуп жатканын билдирген болчу. Ошол эле кезде ал 17 миллион доллар насыяны анын жакын тууганы алганын ырастап, бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок экенин билдирген эле.

Саясатчы Өмүрбек Бабанов өлкөдөгү бардык эле ишкерлер мына ошондой ири өлчөмдө жеңилдетилген насыя алып, соода борборлорун куруп жатканын төмөндөгүчө мисал келтирген:

- Бишкекте курулуп жаткан "Азия Моллдун" курулушуна бизге тиешелүү компания буга чейин 25 миллион доллар жумшаган. 37 миллион долларлык мүлктү күрөөгө коюп, насыя алды. Ошонун негизинде 55 миң чарчы метр алыш-бериш маркети курулуп жатат. Быйыл 31-августта анын ачылышы болгондо көрөсүздөр. Азыр 30 ири чет элдик компания келип жатат. Алар келип жайгашып, 5 миллион доллардын тегерегинде инвестиция салат. Анан ал жерден жылына 200 миллион сомдун айланасында салык түшөт. Бул инвестиция эмеспи? Бул жерде жашырып-жаба турган кыңыр иш, уяла турган эч нерсе жок. Насыяны элге берилген шарттар менен эле алды. Орус-кыргыз фонду башкаларга деле мына ошондой эле насыяларды берип жатпайбы.

Бабанов дооматтарга жооп кайтарды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:29 0:00

Мына ошондон көп өтпөй эле Өмүрбек Бабанов фракциясынын көчмө жыйынын Караколдо өткөрүп, Балыкчы-Корумду жолундагы чырлуу маселени кайрадан көтөрүп чыкты.

Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл күзүндө өтөт. Азырынча шайлоого катышарын "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев, "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев ачык билдирсе, "Республика" фракциясы лидери Өмүрбек Бабановду көрсөтүшөрүн жарыялаган.

Бийликтеги Социал-демократтар партиясы болсо, азырынча өз талапкерин алып чыга элек.

Ал эми "Ата Мекен" партиясы камактагы лидери Өмүрбек Текебаевди президенттикке көрсөткөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG