Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:00

Жогорку Кеңеште Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун насыяларына байланыштуу маселе көтөрүлдү.

18-апрелде Экономикалык жана фискалдык саясат комитети аталган фонддун башкармалыгынын төрагасы Кубанычбек Кулматовдон берилип жаткан акча тууралуу маалымат алды. Кулматов "насыя элге жетпей жатат, бул фонд тар чөйрөнү гана тейлеген клубга айланды", деген өңдүү дооматтарды четке какты.

Жакында эле парламенттеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун жакын тууганы Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан 17 миллион доллар жеңилдетилген насыя алганы талкуу жараткан эле.

Насыяга муктаждардын арманы

Улан Кыргызстандын шарты катаал аймактарынын биринде чакан бизнес менен алектенген ондогон жаш ишкерлердин бири. Ал Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан насыя алып, эмерек жасаган ишканасын кеңейткиси келген. Бирок эреже-талаптын татаалдыгынан каражат жактан жардам ала алган эмес:

- Азыр мен тааныштарымдын арасынан кимдир бирөө ушул фонддон насыя алып, иштетти дегенди уга элекмин. Себеби принциптери өтө татаал. Булар бизге акчалай бербейт. Эгер мен жабдуу ала турган болсом, алар ошол жабдууларды алып берет. Насыянын пайыздары жакшы, бирок аны алуу өтө кыйын. Менин тааныштарым деле ал фонддон алганга аракет кылышты, бирок ала алышкан жок.

Өнүктүрүү фондунун күмөн санаткан дымагы

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду жаңы стратегиясын жарыялады. Ага ылайык, фонд эсебиндеги Орусия өкмөтү бөлгөн каражаттарды насыя катары таратуудан башка инвестицияларды тартууну максат кылууда. Дарегине бир катар сын айтылып келген фонддун мындай жаңычылдыгынан күмөн санагандар арбын.

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинде 18-апрелде Орус-кыргыз фондунун насыяларына байланыштуу маселелер сөз болду.

Комитеттин мүчөсү, "Кыргызстан" фракциясынан депутат Алмаз Эргешов ишкерлерге кошумча каражат жактан каралашуу керектигин айтты:

- Азыр ишканалардын көбү токтоп турат. Силер берген акчага жабдууларды алып келип коюшуп, айлантууга акча жетпегендиктин токтоп турушат. Коммерциялык банктарда эң арзаны 19 пайыз болуп жатат. Ушуну жобого өзгөртүү киргизип, же башкача кылып, өзүңүздөр арзаныраак берүүнүн жолун издебейсиздерби. Сиздерде акча бар да. Сиздер алып берген жабдуулар менен чыгарылган продукцияны сатканга баары бир кошумча каражат керек да.

Комитеттин төрагасы, "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Нурланбек Макеев насыя берип жаткан банктарга токтолду. Анын айтымында, эл арасында банктарга, жеңилдетилген насыяга байланыштуу нааразылык көп:

- Банктардан насыя ала албай жатабыз деп силердин үстүңөрдөн арыздангандар көп. Башкача акча сурап жатышат дешет. Айрыкча айыл жергесинде алалбай жатышат. Талаалар айдалбай, бош бойдон калып жатат. Башкы маселе эле акча, дыйкан насыя алалбай жатат. Банкка барса 10 пайыз үстөгү менен каалаган суммада алса болот. Бирок дыйкандар 5 пайыздык жеңилдетилген насыяны алалбай жатат. Фонддон айыл чарба, кайра иштетүү тармагына насыя алуу кыйын болуп жатат.

Дооматтар иликтенет

Орус-кыргыз фонду ушул күнгө чейин 700гө жакын долбоорду каржылаган жана жалпысынан 222 миллион доллар берилген. Жобо боюнча банктар бир миллион долларга чейин насыяны өздөрү берет. Эгер насыянын көлөмү бул суммадан ашса, анда фонд менен кеңешет.

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Кубанычбек Кулматовдун билдиришинче, 30дай долбоор гана түз каржыланган. Ал банктарга байланыштуу дооматтар иликтенерин айтты:

- Азыр биз менен 13 банк иштеп жатат. Бул банктар бир миллион долларга чейинки акчаны доллар менен алса беш пайыз, ал эми сом менен алса 12 пайыз менен берип жатат. Эгер алар жеңилдетилген насыя бербей жаткан, же дагы акча сураган фактылар болсо бизге бергиле. Бизде укук коргоо органдары бар. Мындай фактыларды бизге сөзсүз бергиле.

Экономика министри Арзыбек Кожошев болсо өкмөт Орус-кыргыз фондун агроөнөр жай тармагын көтөрүү үчүн мүмкүн болушунча колдонуп жатат деп ишендирди:

- Бөлүнгөн акчанын көпчүлүгү агроөнөр жай тармагына кетип жатат. Бүгүнкү күндө аймактардын өзгөчөлүгү эске алынган концепцияны бекиттик. Айыл чарба министрлиги менен кошо кайсы региондо кайсы тармакты өнүктүрөбүз деп чечип алдык. Ошол тармактар боюнча биз Орус-кыргыз өнүктүрүү фондуна өз сунушубузду берип жатабыз. Мисалы, былтыр Кайыңды-Кант, Кошой кант заводдоруна бул фонддон акча берилип, бул айыл чарба тармагына жакшы көмөк болду.

Бабанов дооматтарга жооп кайтарды

"Республика - Ата-Журт" фракциясынын башчысы Өмүрбек Бабанов жакындарынын ишкерлик кызыкчылыктарына байланыштуу 11-апрелде жыйын өткөрдү.

Буга чейин парламентте Орус-кыргыз фондунун ишине байланыштуу бир катар доомат айтылган. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев фонд тар чөйрөнү гана тейлеген элиталык клубга айланды деп сындаган.

Орус-кыргыз фондунун башкармалыгынын төрагасы Кубанычбек Кулматов "Азаттыкка" комментарий берип жатып, мындай дооматтарды четке какты:

- Биз 2016-жылы жалпысынан 698 долбоорду каржылап бердик. Бизнес клуб болдубу, же элиталык клубга айландыбы деп ушул долбоорду сунуштагандардан сурагыла. Биз акчанын баарын банктар аркылуу бергенбиз. Asia Mall боюнча айтып кетейин. Бул эл аралык фонд. Биз мыйзамды бир дагы жолу бузган жокпуз. Каржылоо, насыя берүү баары мыйзам чегинде жүрүп жатат.

Буга чейин Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун жакын тууганы Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан 17 миллион доллар жеңилдетилген насыя алганы талкуу жараткан. Бул каражат Бишкектеги Бишкектеги Asia Mall соода борборунун курулушуна жумшалганы маалым болгон. Мындан улам бул "фонддун уставына каршы келет, акча экономиканын приоритеттүү секторлоруна гана берилиши керек эле" деген өңдүү сындар да айтылган.

Бабанов болсо бул инвестициялык долбоор болгонун, соода борборунун курулушу боюнча бурмаланган маалыматтар жазылып, президенттик шайлоо алдында каралоо аракети болуп жатканын билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG