Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 18:49

Бабанов дооматтарга жооп кайтарды


Өмүрбек Бабанов

"Республика - Ата-Журт" фракциясынын башчысы Өмүрбек Бабанов жакындарынын ишкерлик кызыкчылыктарына байланыштуу 11-апрелде жыйын өткөрдү.

Буга чейин жергиликтүү сайттарга Өмүрбек Бабановдун Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан 17 миллион доллар жеңилдетилген насыя алганы жана Жерүй алтын кенин чет элдик инвесторго арзан баалатып бергени үчүн жыйырма пайыздык үлүшкө ээ болгону тууралуу маалыматтар чыккан эле. Өмүрбек Бабанов мунун бардыгын шайлоо астындагы саясий каралоо өнөкөтү катары мүнөздөдү.

Жерүйдүн айынан чыккан "жеме"

Жогорку Кеңештин "Республика - Ата-Журт" фракциясынын башчысы Өмүрбек Бабанов соңку мезгилде аны каралоо жүрүп жатканын айтып, аны алдыдагы шайлоо менен байланыштырды. Буга чейин жергиликтүү сайттар Өмүрбек Бабанов 300 миллион долларга бааланган Жерүй алтын кенин ишкерлер Муса Бажаев менен Алижан Ибрагимовго караштуу компанияга 100 миллион долларга сатып, ортодон жыйырма пайыздык үлүшкө ээ болгонун жазып чыгышкан. Кийин бул алтын кенин иштетүү укугу Кипрде катталган үчүнчү бир чет элдик компанияга 600 миллион долларга сатылып кеткени жазылган болчу. Өмүрбек Бабанов Жерүй алтын кенин арзанга соодалап, анын натыйжасында үлүшкө ээ болгон деген дооматты четке какты:

Талды-Булактын алтыны таламайга түшкөнбү?

Талды-Булактын алтыны таламайга түшкөнбү?

Кыргызстандын ондогон тонна алтын корун ичине камтыган тоо-кен тармагы эл аралык чайкоочулардын оңой олжосуна айланууда.

- Жерүй алтын кенин иштетүү боюнча жаңы инвестициялык келишимден Кыргызстан 100 миллион доллар тапты. Буга чейин кенге ээлик кылган казакстандык "Визор" компаниясы 580 миллион долларга Кыргызстанды сотко берип, утуп алган. Келишимге ылайык, кенди иштете турган компания 70 миллион доллар төлөп, сотту дагы жөнгө салды. Мунун эмнеси туура эмес? Анын 60 пайызы Муса Бажаевге, 40 пайызы Ибрагимовго таандык экен. Ошол жерден Бажаевге жазылган 20 пайызды мага караштуу деп жазышты. Ал эмне себептен мага 20 пайызды бериши керек эле? Андай боло турган болсо, анда мен аны ачык-айкын эле өзүмө каттатат элем го. Мага ким каршы болот эле?

17 миллион насыянын таржымалы

Жергиликтүү басылмалар Өмүрбек Бабановдун жакындарына таандык Бишкектеги "Азия Молл" соода борборун курууга быйыл 14-февралда Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан 17 миллион доллар жеңилдетилген насыя алынганын жазып чыккан. Кийин бул кыймылсыз мүлк Өмүрбек Бабановдун эжеси Ая Бабановага катталган “Траст KG” компаниясына таандык экени жарыяланган болчу. Өмүрбек Бабанов жеңилдетилген насыяны бардык ишкерлер эле алууга мүмкүнчүлүгү барын айтып, анын тууганы дагы ошондой эле шарт менен насыя алганын төмөндөгүчө ырастады:

- Бишкекте курулуп жаткан "Азия Моллдун" курулушуна бизге тиешелүү компания буга чейин 25 миллион доллар жумшаган. 37 миллион долларлык мүлктү күрөөгө коюп, насыя алды. Ошонун негизинде 55 миң чарчы метр алыш-бериш маркети курулуп жатат. Быйыл 31-августта анын ачылышы болгондо көрөсүздөр. Азыр 30 ири чет элдик компания келип жатат. Алар келип жайгашып, 5 миллион доллардын тегерегинде инвестиция салат. Анан ал жерден жылына 200 миллион сомдун айланасында салык түшөт. Бул инвестиция эмеспи? Бул жерде жашырып-жаба турган кыңыр иш, уяла турган эч нерсе жок. Насыяны элге берилген шарттар менен эле алды. Орус-кыргыз фонду башкаларга деле мына ошондой эле насыяларды берип жатпайбы.

Бабанов дооматтарга жооп кайтарды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:29 0:00

Жергиликтүү басылмалар Өмүрбек Бабанов саясий кызматта туруп, өзүнүн жана жакындарынын ишкер кызыкчылыгына карата иш алып барган жагдайга басым жасаган. Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов Өмүрбек Бабанов жогорку саясий кызматта турганда анын бир тууганы жеңилдетилген шартта, мамлекеттер аралык фонддон ири өлчөмдө насыя алышы анын жобосуна каршы келерин айтты. Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун жобосунун 13-беренесинин 4-бөлүмүндө мамлекеттик кызматтагы жана саясий ишмердик менен алектенген адамдарга жана алардын жакындарына насыя берүүгө чектөө кирген.

Азыр фонд "мынча миллионго элге насыя бердик" деп мактанып жатат. Бирок ал насыяларды кимдер алып жатат? Аны кайра эле мына ошол Бабанов сыяктуу колунда бар адамдар алууда. Карапайым адамдар ал жактан насыя ала албайт экен.
Зиядин Жамалдинов

Депутат Зиядин Жамалдинов мында жобонун талабын одоно бузган жеке кызыкчылыктардын кагылышы бар деп баалады:

- Мамлекеттик жогорку кызматта турган адамдар же алардын жакындары Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан жеңилдетилген насыя албашы керек. Аны бирөөгө алып берүүгө кийлигишип же таасир этпеши да зарыл. Азыр фонд "мынча миллионго элге насыя бердик" деп мактанып жатат. Бирок ал насыяларды кимдер алып жатат? Аны кайра эле мына ошол Бабанов сыяктуу колунда бар адамдар алууда. Карапайым адамдар ал жактан насыя ала албайт экен. Алардын коё турган күрөөсү да жок. Жакырчылыкты жоёбуз десек, насыяны дыйкандарга-фермерлерге беришибиз керек эле. Мындан сырткары азыр мына ошол жеңилдетилген насыяларды шылуундар алып жатат. Бул насыялардын кайтарымы болбой калышы мүмкүн. Анын жүгү кайра эле мамлекетке түшпөйбү деген маселе турат.

Тилектештикпи же мыйзамдуулукпу?

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду 11-апрель күнү тараткан маалымат боюнча, ушул күнгө карата 220 миллион долларга 693 долбоор каржыланган. Бирок аталган фонд алардын арасында мамлекеттик кызматтагы же саясий ишмердиктеги адамдардын жакындарына берилген насыялар боюнча азырынча комментарий берген жок.

"Азаттык" радиосунун жогорудагы маалыматты тактап берүү тууралуу Орус-кыргыз өнүктүрүү фондуна жолдогон катына да жооп келе элек.

Анткен менен Өмүрбек Бабановдун жакыны жеңилдетилген насыя алган жагдайды парламенттеги башкаруучу коалициянын көпчүлүк мүчөлөрү мыйзам бузуу катары эсептебейт.

КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешов муну мыйзамдуу эле көрүнүш катары мүнөздөдү:

- Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду Бабанов болобу же башкасы болобу жөн эле жерден чоң насыя бербейт. Демек бардык жагдайларын тактап туруп, мыйзамга ылайык насыялоону жүргүзгөн. Бул жерде эч кандай моралдык-этикалык маселе жок. Анткени ал мамлекеттик фонддон жеңилдетилген насыя алган жери жок. Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду эл аралык мекеме. Ал биздин парламенттен көз каранды эмес каржылык институт. Насыяны өзү алса бир жөн. Бул жерде Бабановдун туугандары алып жатпайбы. Демек бул кадресе эле көрүнүш. Кылмыш издеп кереги жок.

Өмүрбек Бабанов "Орусияга инвестиция салып, Пенза шаарында "Азия-Цемент" заводун ачкан" деп кээ бир маалымат каражаттары жазган дооматка да жооп берди. Ал бул ишкер долбоордо инвесторлордун бири гана экенин айтып, учурунда ошондой чечим кабыл алууга туура келгенин билдирди. Анын айтымында, мурдагы президент Бакиевдин учурунда Кыргызстандын ичинде инвестиция жасоого мүмкүн болбой калганда, ал Орусиядагы өнөктөштөрү менен бирге цемент заводун курууга киришкенин белгиледи.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG