Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:33

Аткаминерлердин Болгариядагы байлыгы


Аида Токтоматовага таандык делген компания жайгашкан үйдүн көрүнүшү. (Сүрөт Kloop.kg сайтынан алынды)
Аида Токтоматовага таандык делген компания жайгашкан үйдүн көрүнүшү. (Сүрөт Kloop.kg сайтынан алынды)

Чет өлкөдө ишкана ачкан бир катар мурунку жана учурда жогорку кызмат адамдары тууралуу маалымат каражаттары жазып чыкты.

Кыргызстандагы жогорку жетекчилерге жана жакындарына жазылган үй-мүлктөр тууралуу Kloop.kg порталы жазып чыкты.

Андагы маалыматтарга караганда, Болгарияда 70тен ашык кыргыз жараны ишканаларды каттоодон өткөргөн. Алардын арасында өлкөдө жогорку кызматты ээлеген адамдар бар болуп чыкты дейт журналисттик иликтөө жүргүзгөн Kloop.kg сайтынын редактору Элдияр Арыкбаев:

- Май айында болгариялык “Бивол” деп аталган иликтөө борбору, Юстиция министрлигинин базасына таянып, аталган өлкөдөгү ишканалардын негиздөөчүлөрү жөнүндө маалымат камтыган атайын сервер түзүшкөн. Биз мындай сайттын ачылганын билген соң кыргызстандыктар тууралуу маалымат издеп баштадык. Сайтта 70тен ашык кыргызстандыкка бул өлкөдө ишкана ачканын билдик. Алардын арасында коомчулукка белгилүү адамдардан мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековдун аялына жана башка кызмат адамдарына катталган ишканалар бар экенин көрдүк.

Аталган сайттагы маалыматка ылайык, Болгариядан ишкана ачкан аткаминерлер арасында мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаевге, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековдун жубайы Аида Токтоматовага жана учурдагы парламент депутаты Пархат Тулендыбаевге катталган ишканаларды көрүүгө болот.

Мелис Турганбаевдин наамына катталган “Эмир Кг” аттуу компания, ал эми Келдибековдун жубайына таандык делген эки ишкана жазылган.

Документтерге ылайык, бул компаниялардын бири “Евразия KG” деп аталып, автоунаа, жүк ташуу менен алектенери айтылган. Ошондой эле компанияга катталган Кара деңиздин жээгинде 70 сотыхка жакын жер тилкеси бар экени айтылат. Сайтта бул маалыматтарды бышыктаган документтер тиркелген.

Экс-министр Мелис Турганбаев Болгарияда өзүнө катталган компания жок экенин айтып, бирок комментарий берүүдөн баш тартты.

Ал эми Акматбек Келдибеков жергиликтүү сайттардын бирине берген маегинде Болгариядагы компаниялары жана мүлкү тууралуу маалыматты төгүнгө чыгарып, кимдир бирөөнүн каралоо аракети деп атаган:

- Мына мен үч жылдан бери соттошуп жүрөм. Келинчегим иштебейт. Мен деле учурда мамлекеттик жумушта иштебейм. Ошондуктан, бул “кара пиардын” бир бөлүгү. Мен орозо күнүндө мындай оюнду теледен көрсөтүп, негизсиз айыптоо туура эмес деп айткым келет.

Экс-министр менен экс-төрагадан айырмаланып Жогорку Кеңештин учурдагы депутаты Пархат Тулендыбаев Болгарияда өзүнө катталган ишкана бар экенин танбайт.

Тулендыбаев депутат боло элек мезгилинде болгариялык өнөктөшү менен бирге бул өлкөдө бизнес кылууга аракет кылып, бирок анысы оңунан чыкпай калганын “Азаттыкка” айтып берди:

- Мен ишкердик менен алектенип жүргөндө бул жактагы болгариялык ишкерлердин бири чогуу иш баштоону сунуштаган. Ал мага Болгарияда кыргыз улуттук ашканасын ачалы, керектүү документтерди бүтүрөм, Европа Биримдигине кире аласың деп көндүргөн. Анын негизинде атайын ишкана ачканбыз. Бирок бул аракеттен майнап чыкпай, өнөгүм мени алдап кетти. Ошол бойдон ишкана жабылбай калган. Ал жакта эч кандай иш кылган жок, мүлкүм да жок.

Жогорку кызмат адамдарынын чет өлкөдө ишкана ачып, мүлк каттатышы коомчулукта талкууларга жол ачты. Кыргыз мыйзамдарына ылайык, жогорку мамлекеттик кызматты ээлеген адамдар ишкердик менен алектенүүгө укугу жок.

Ошондой эле жыл сайын мамлекеттик кызматкерлер үй-мүлкү тууралуу декларация тапшырышат. Аты аталган аткаминерлердин декларациясында Болгариядагы мүлктөрү тууралуу көрсөтүлгөн эмес.

Эксперттер чет өлкөдө ишканаларды ачып, мүлк алуу менен байлыгын көздөн далдоо кылуу кеңири жайылган көрүнүш экенин айтышат.

Ошондуктан, маалымат каражаттарына чыккан иликтөөнү териштирип, тиешелүү баа берүү керек дейт оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков:

- Министр болобу, депутат болобу чет мамлекеттен мүлк, жер алып, эсеп ача турган болсо бүгүнкү күндөгү оор экономикалык кырдаалдагы мамлекетибиз үчүн коркунуч алып келген нерсе. Биз мындай нерсе менен күрөшүүбүз керек. Бийликтеги адам болобу, оппозиция болобу баарын тыкыр текшерүүгө алып, маалымат каражаттары коомго чыгарып турушу керек.

Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Нурканбек Момуналиев жогорку мамлекеттик кызматкерлердин чет өлкөдө ишкана ачканы ырасталса, ал мыйзамдын негизинде каралышы керектигинин билдирүүдө. Бирок Момуналиев өлкө сыртындагы мүлктөрдү текшерүүгө кадр кызматынын чама-чаркы келбей турганын билдирди:

- Тилекке каршы, биз жетекчилердин четтеги мүлктөрү боюнча декларацияны текшере албайбыз. Бул келечекте болсо керек. Азырынча андай механизм жок. Ал чет өлкөдөн мүлктү кимге каттатты, тууганындабы аны таап чыгууга мүмкүнчүлүк жок. Эгер менчикке сатып алса, сөзсүз түрдө декларацияга көрсөтүшү керек.

Буга чейин өлкөдөгү бир нече кызматкердин чет өлкөдөгү мүлктөргө ээлик кылары айтылып келсе да, бул боюнча мыйзам негизинде чара көрүлгөн учур боло элек.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG