Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:37

Депутаттын унутулган "иши" калкып чыкты


Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары
Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары

"Кыргызстан" партиясынан депутат болуп шайланган Кубанычбек Нурматовго байланыштуу кылмыш ишин Башкы прокуратура кайра жандандырды.

Депутат жасалма документ менен жогорку окуу жайына өткөн деп алдамчылыкка шектелүүдө.

“Кыргызстан” партиясынан депутат болуп шайланып келген Кубанычбек Нурматовго карата Башкы прокуратура 2015-жылдын май айында кылмыш ишин козгоп, аны иликтөөнү Ички иштер министрлигинин тергөө башкармалыгына өткөрүп берген. Бирок Ички иштер министрлиги кылмыш иштин мөөнөтү өтүп кеткен, деген негизде аны кыскартып, жай айларында Башкы прокуратурага бул туурасында токтомду жөнөткөн. Башкы прокуратура токтом менен таанышып чыккан соң, шайлоодон кийин 9-октябрда аны бузуу чечимин кабыл алды. Депутатка карата кылмыш иши кайра иликтөө үчүн тергөө башкармалыгына жөнөтүлгөнүн “Азаттыкка” ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов билдирди.

- Жакын арада кылмыш иши кайрадан бизге келип түштү. Азыркы учурда кайсыл багытты кошумча иликтөөгө алуу керек деген жагдайларды биздин тергөөчүлөр аныктап жатышат. Тергөөнүн кызыкчылыгына ылайык, майда-чүйдө деталдарын бизге айткан жок.

Кубанычбек Нурматов
Кубанычбек Нурматов

Кубанычбек Нурматовго карата Кылмыш кодексинин 350-беренеси (жасалма документ) жана 166-беренеси (алдамчылык) менен иш козголгон. Ал жасалма документтердин негизинде жогорку окуу жайына өткөн деп деп шектелүүдө. Кылмыш иши козголгон маалда массалык маалымат каражаттары укук коргоо органдарына таянып, Нурматовдун эмгек стажы туурасында жалган маалыматтарды көрсөтсө дагы Эсеп палатасына аудитор болуп дайындалганын, “2-класстагы мамлекеттик кызматтын кеңешчиси” жана “3-класстагы мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси ” деген чиндерди мыйзамсыз алганын, ал тургай аудитор болуп келгиче мыйзамсыз курал сактаган жана ден соолукка атайын зыян келтирген деген беренелер менен эки ирет сот жоопкерчилигине тартылганын дагы жазып чыгышкан.

Мындан тышкары Нурматов 2011-жылы ошол кездеги парламент спикери Акматбек Келдибековдун кеңешчиси болуп турган маалда анын кылмыштуу топко тиешеси бардыгы тууралуу маалыматты депутат Каныбек Иманалиевдин эскерткени бар. Акматбек Келдибековго карата коюлган айыптарды иликтеген комиссия жыйынында Нурматовго карата Ошто кылмыш иши козголуп, ал жабылбастан, токтотулганы тууралуу маалыматтар тараган. Анда Иманалиев Ички иштер министрлигинен алынган справканын негизинде айтканын бул ирет дагы тастыктады.

- Келдибеков боюнча комиссия түзүлгөндө менде ИИМден справка бар болчу. Азыр кагаздар жанымда жок. Ошону 2011-жылдын декабрь айында мен парламенттин сессиясында айтып чыккам да.

Бирок ушул тапта Башкы прокуратура дагы, Ички иштер министрлиги дагы Нурматовдун мурдагы сот иштери туурасында эч кандай маалымат жоктугун билдирип, азыр кылмыш иши жасалма документке гана байланыштуу козголгонун айтып жатышат.

Депутат Кубанычбек Нурматов болсо өзүнө карата айтылып жаткан маалыматтар жаңылыш деген пикирде. Ал сөз болуп жаткан кылмыш иштеринин таржымалына токтолуп, 1996-жылы Орусиядан досунан белек катары келген мергенчилик бычагы кооптуу курал катары каралып, ал үчүн сот чечими менен 150 сом айып пул төлөгөнүн, андан башка айтылып жаткан иштер боюнча сот чечими жок экендигин билдирди. Жасалма документ боюнча депутат дипломун уурдатып, анын ордуна көчүрмөсүн алып жаткан кезде окууну бүткөн жылы ката жазылып калганы азыркы айыптоолорго жол ачканын, аны чукуп чыгуунун артында саясий атаандаштардын да кызыкчылыктары болушу мүмкүндүгүн билдирди.

- 1982-жылы училищага тапшыргам да. 1984-жылы армияга кетип, 86-жылы кайра келип, окуумду улантып 1987-жылы бүткөм. Ал диплом кийин үйгө ууру киргенде жоголгон. Кийин анын көчүрмөсүн алып жатканда окууну бүткөн жылды адашып, 85-жыл деп жазып коюшкан. Азыр ошонун баарын архивден көтөрүп жатышпайбы. Билесиңер да эми, саясатта жүргөн бир атаандаштар дагы болсо керек. Бирок азыр так билбей туруп, бирөөдөн күмөн санай да албайм го. Бирдеме деш кыйын. Бирок эл билет да. Эми иликтөө жүрүп жатат, көрөбүз да жыйынтыгын.

Борбордук шайлоо комиссиясы бул иш боюнча эми сот бир чечим чыгармайын Нурматов депутат катары эч кандай жолтоосуз иштей берерин айтууда.

Парламенттеги депутаттар арасында жасалма документ, жасалма диплом деген нерсе жаңылык деле эмес. Өткөн чакырылыштагы “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Нурлан Төрөбеков үчүнчү класстагы мамлекеттик кеңешчи деген чин алуу үчүн Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин бүтүргөнү тууралуу дипломун тапшырып, кийин ал жасалма экендиги аныкталып, иш козголгону коомчулуктун эсинде. Депутаттык комиссия дагы муну аныктап чыкканы менен, Төрөбековду кесиптештери кылмыш жоопкерчилигине тартууга кыйбай коюшкан. Башкы прокуратура эми Нурлан Төрөбеков депутат болбой калган соң, ал иш дагы жанданарын билдирүүдө.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG