Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:15

Келдибековдун жубайы журналисттерден кечирим сурады


Келдибековдун жубайы: Жалаа жапкандарды чөгөлөтөм
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:09 0:00

Аида Токтоматованын 22-ноябрдагы сот чечиминен кийин сүйлөгөн сөзү.

Камактагы депутат Акматбек Келдибековдун жубайы Аида Токтоматова 22-ноябрда сүйлөгөн сөздөрү үчүн журналисттерден бүгүн кечирим сурады.

- Мен соттун чечимине нааразы болуп турган учурда эмоцияга алдырып, журналисттерди капа кылып алдым окшойт. Бул үчүн кечирим сурайм, мени туура түшүнгүлө, - деди Токтоматова жергиликтүү маалымат агенттиктеринин бирине берген интервьюсунда.

Бишкектеги Октябрь райондук соту Келдибековду эки айга камоо чечимин чыгаргандан соң Токтоматова журналисттерге интервью берип жатып, айрым телеканалдарды сотко берерин, туура эмес маалымат таратканы үчүн убагы келгенде чөгөлөтөрүн айткан болчу.

Коррупциялык иштерге тиешеси бар деген айып менен кармалган Акматбек Келдибековду эки айга УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин сот 22-ноябрда чыгарган. (SE)

XS
SM
MD
LG