Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:58

ВБ: Келдибековдун жубайы сотко кайрылат


Аида Токтоматова
Аида Токтоматова

Апта башындагы кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Вечерний Бишкек” гезити “Токтоматова министрликке каршы” деген макаласында Акматбек Келдибековдун “журналисттер, силерди чөгөлөтөм!” деген мандемдүү сөзү менен аты чыккан жубайы Аида Токтоматованын Бишкектин 1-Май райондук сотунун “Адамды репродукциялоо илимий борборунун директорлук кызматына кайра коюлсун” деген чечимин Бишкек шаардык соту мыйзамсыз деп таап, жокко чыгарганын, буга макул болбогон Токтоматова эми Жогорку Сотко кайрыла тургандыгын жазып чыкты.

“Элдик революциялар – эл эсинде калууга тийиш!”. Мына ушул баш тема менен жарыкка чыккан “Кыргыз туусу” гезити “Аксы окуяларынын, Март жана Апрель элдик революцияларынын атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө” президент Алмазбек Атамбаевдин ушул жылдын 4-апрелдеги жарлыгын жарыялады.

Президенттин жарлыгына ой айткан тарыхчылар Алыбек Акунов менен Мурат Кожобеков өз убагында чыгарылган документ деп баалашты. Профессор Акылбек Усупбаев ошол каргашалуу күндү эскерип, Бакиевдердин огунан жарадар болгон балдар ооруканага түшөрү менен операция жасап, денеден окторду көп алганын, илгерки октор түз кирип түз чыкса, азыркы октордун денеге кирген жери чекиттей болгон менен киргенден кийин башы ийилип, тегеренип туруп чыккан жерин аңырайтып жулуп кетерин көргөнүн, бир эле өзү 15 ок алып чыкканын, ошо кездеги шаар башчысы Иса Өмүркулов көп жардам бергенин, аянттан жарадарларды ооруканага ташып келип жаткан балдар жарадарларды жеткирип коюп эле “Аянтка кеттик!” деп кыйкырып, жаап турган октон коркпой кайра аянтка чуркап кетип жатканын, адилеттик үчүн кыргыздардын жанын аябай тургандыгын биринчи жолу ошондо көргөнүн ”Кыргыз Туусу” гезитинин бүгүнкү санындагы “7-апрелде 18 саат операция жасагам” деген маегинде кенен баяндап берди.

Ошол күнү Ак үйдүн алдында болгон Кыргызбек Жумакановдун “Бакиевдер баарына өздөрү себепкер болду” деген, Койсун Курманалиеванын “Апрель революциясы тобокелдикти талап кылган” деген, Жайыл Руслановдун “Бир оор жолдун үч ашуусу талкууда” деген, “Эко-Исламик” жабык акционердик коомунун “Жалал-Абад” филиалынын башчысы Айнура Осмонованын, Жалал-Абаддагы медициналык коллеждин директору Азизбү Адышеванын макалаларын ушул “Кыргыз Туусу” гезитинен окуйсуздар.

“Фабула” гезити Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековдун “Мен көргөн чындык же ыңкылаптын ыргагы” деген эки беттен турган маегин басты. Ал мындан алты жыл мурдагы окуяны эскерип, Бишкектеги “Форумдун” имаратынан алдында чогулган Бириккен элдик кыймылынын ошол кездеги жетекчиси Алмазбек Атамбаевдин уюштуруусу менен чогулган эл 17-мартта Бакиев бийлигинин алдына жети талап коюп чыкканын, ал талаптарды бийлик тыңшап да койбогонун, анан андан кийинки окуялар тездик менен бирин-бири толуктап олтуруп, 7-апрель анык элдик революцияга айланганын, өзү окту аралап башынан аягына чейин Ала-Тоо аянтында жүргөнүн кеп кылды. Рыскелди Момбеков андан ары Атамбаевдин үй-бүлөсү бийликке аралашпаганын, Алия аттуу сүрөтчү кызы көргөзмө уюштуруп, андан түшкөн акчаны балдар үйүнө бергенин коомчулук жакында билгенин, Кадырбек деген уулу китеп жазарын, жакында аскерге кеткенин, бул деген президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн бийликке аралашпаганын, кадимкидей эле эл арасында өз турмушун кылып жүргөнүнүн далили экендигин айтты. Рыскелди Момбековдун маеги “Фабула” гезитинде жарык көргөн.

“ЭркинТоо” гезити бүгүнкү санын журналист Атай Алтымышевдин “Адилеттүүлүк үчүн күрөш өтө кымбатка турду” деген макаласы менен ачты. Журналист 2002-жылдагы Аксы жана Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимин кулаткан 2005-жылдын 24-мартындагы окуяларды, андан кийин бийликке келген Бакиев эки жылда эле бет чүмбөтүн сыйрып таштап, такка олтурары менен Кыргызстандын кирешелүү мекеме-ишканаларын, бизнес тармагын, маалымдоо каражаттарын үй-бүлөсүнө өткөрүп алганын, ошондо журналист Азизбек Келдибеков “Айран жокто максым бар, Айдар жокто Максим бар” деген учкул сөзүн чыгарып, ал элдик болуп калганын, Бакиев Акаевден да ашып түшүп, кан ичкичтиги менен Үсөн Кудайбергенов, Жыргалбек Сурабалдиев, Тынычбек Акматбаев, Баяман Эркинбаев, Медет Садыркулов, Санжар Кадыралиев, Геннадий Павлюкту жана башкаларды өлтүртүп жок кылганын, журналист Сыргак Абдылдаев 29 жолу бычакталганын, дагы далай журналисттер өлүм болорунда чет өлкөгө качып кутулганын, качан болсо калыстыгынан тайбаган Дооронбек Садырбаевге бакиевчилер уу берип жайлаган деген сөз барын, ошентип кан чеңгел Бакиевдерден кутулуу арзанга турбаганын, жүзгө жакын жигиттерибизден айрылып, миңден ашуун жигиттерибиз майып болуп калганын, эркиндик кыргыз эли үчүн кымбатка турганын, бүгүн эми мына ушул күндөрдү эстен чыгарбоо керектигин “Эркин Тоо” гезитинен окуйсуздар.

XS
SM
MD
LG