Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:10

Машине салыгы: өкмөткө жакпаган сунуш


Иллюстрация
Иллюстрация

Жогорку Кеңеште бир катар депутаттар автоунаа салыгын жоюп, аны күйүүчү майдын баасына кошуп коюуну сунушташты.

Депутаттар мыйзам аркылуу айдоочулардын чыгымын жеңилдетип, коррупциялык жолду бууп, мамлекетке салыкты көбөйтүүнү пландоодо.

Айдоочулар бул мыйзамды колдоп жатканы менен Экономика министрлиги автоунаа салыгы жоюлса, бензин баасы көтөрүлүп, аны менен чогуу азык-түлүк кымбаттай турганын кулак кагыш кылды. Ал эми мунай ташуучулар Кыргызстанга көмүскө келген күйүүчү май аткезчилилиги күчөйт деп эскертүүдө.

Жаңыча эсептөөнүн эрежеси

Өлкө боюнча 1 млн 15 миңден ашуун автоунаа бар болсо, анын 700 миңден ашыгы гана салыгын төлөйт. Өткөн жылы темир тулпар мингендер төлөбөгөн салыктын суммасы 180 млн. сомдон ашкан.

Кырдаалдан чыгуу аракетинде парламентте бир катар депутаттар унаа салыгын таптакыр жоюп, аны күйүүчү майдын баасына кошууну сунуштады.

Мыйзам демилгечилердин бири "Республика - Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун айтуусунда, айдоочулар машинесине май куюп жатканда эле автоунаа салыгын кошо төлөшөт.

Өмүрбек Бабанов
Өмүрбек Бабанов

- Биринчиден, автоунаа салыгы бул коррупция. Милиция токтотуп айдоочунун салыгын текшергенде, төлөбөгөнү билинсе да акча берип, кутулуп кетет. Экинчиден, 700 миң автоунаанын ичинен 180 миңи салык төлөбөй жатат. Жаңы тартип айдоочуларды ашыкча салык жоопкерчилигинен арылтып, салык системасындагы коррупцияны тазалайт. Кыргызстанга күйүүчү май бажыдан кирип келатканда эле "унаа салыгы" деп өзүнчө алып коюш керек жана бул акча Салык кызматына түшүүсү абзел. Бул мыйзам системаны өзгөртүп, акыйкат болот. Мисалы көлөмү чоң унаа айдагандар майды көп куюп, салыкты дагы көп төлөп калат, ал эми кичинекей машиналар аз төлөйт. Айдоочулар салыкты дароо төлөбөйт, май куйган сайын акырындап эсептеле берет жана жыл аягында төлөп бүткөн болот.

Азырынча өкмөт бул демилге боюнча өзүнүн пикирин билдире элек. Бирок Экономика министри Арзыбек Кожошев Салык кодексине кирген өзгөртүүлөрдүн терс жагы да болуп жатканын эскертти. Министрдин айтуусунда, жаңы эрежелер түздөн түз күйүүчү майдын баасынын кымбаттоосуна алып келет. Эң коркунучтуусу бензин баасы менен катар азык-түлүк, айыл чарба продукциясына баанын өсүп кетүү тобокелдиги бар.

- Бензиндин баасы көтөрүлгөндөн кийин мультипликативдүү эффект менен башка баалар да өсөт. Натыйжада айыл чарба продукциясы, күйүүчү май ташып келүүнүн да баасы жогорулайт. Бул мыйзам долбоорунда жакшы сунуштар болгону менен коомдук угууда колдоо таппай калышы мүмкүн. Мыйзамда жакшы идеяларды көрүп жатабыз, анын ичинде администрациялык иштер да оң жолго коюлган экен. Бирок транспорт салыгын жоюп жатканда анын жаратылышы башкача экенин түшүнсөк. Биз аны күйүүчү майдын акциздик салыгына кошо албайбыз.

Бишкек шаары
Бишкек шаары

Каттоодон чыкпаган эски машинелер көп

Экономика министрлиги менен катар Салык кызматы да автоунаа салыгын жоюунун зарылчылыгы жок экендигине ыктоодо.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашовдун айтуусунда, айдоочулардын салык төлөө көрсөткүчү жыл санап өсүп баратат. Алсак, өткөн жылы болгону 5 пайыз гана айдоочу унаа салыгын төккөн эмес. Кумашов бүгүнкү күндө керектен чыккан автоунаалар азыркыга чейин каттоодон чыкпай тургандыктан салыкчылардын көлөмү көп болуп жатат деди:

- 1 млн. 15 миң машинанын ичинен 96 миң автоунаа мамлекеттик ишканадагы машинелер менен салык жеңилдигинен бошотулгандар. Калган 918 миң автоунаа салык төлөөчүлөрдүн тизмегинде турат. Бирок туура түшүнүшүбүз керек, бул унаалардын ичинен 181 миңи 30-70 жыл мурун чыккан унаалар. Бул эски машинелер азыр иш жүзүндө жүрбөй калган, ошол эле учурда каттоодон да чыккан эмес. Санай келгенде 5 пайыз гана автоунаа салыкты төлөбөй жатат.

Мындан башка Кыргызстандын мунай ташуучулар ассоциациясы өлкөдө бензин кымбаттаса, аткезчилик күчөйт деп ишеничтүү айтууда.

Ассоциация төрагасы Улан Куловдун "Азаттыкка" билдиришинче, Салык кодексине кирип жаткан өзгөртүүлөр күйүүчү майдын баасынын литрин кеминде бир сомго кымбаттатат. Кулов өткөн жылы күйүүчү май аткезчилиги 180 миң тоннага чамалап барганын билдирди.

"Бензин баасына таасири болбойт"

Ал арада мыйзамды демилгелеген депутаттар өкмөт жоопкерчиликтен качып, эски коррупциялык схемадан арылгысы келбей жатканын айыптап чыкты. Өмүрбек Бабанов мыйзамга кирчү өзгөрүүлөр кара май баасына таасир этпейт деди:

- Бензиндин баасы кымбаттайт дегенге такыр макул эмесмин. Күйүүчү май бизнесин жакшы билем. Контрабанданын өсүшүнө өкмөт өзү күнөөлүү. Күйүүчү майга акциздик салыкты 3 миң сомдон 5 миң сомго көтөргондөн бери Казакстандан май ташыган аткезчилик күчөдү. Акциздик салыкты 4 миң сом кылып койсо эле, май аткезчилиги менен шугулдангандардын чөнтөгүнө акча түшпөй калат. Майды кымбаттаткан сайын контрабанда күчөп жатканын көрүп жатпайбызбы, андан көрө салык баасын азайтып, ачык иштеген оң.

Жөнөкөй айдоочулар бир жагынан салыктан кутулганына сүйүнсө, ошол эле учурда бензиндин баасы жогорулайт деген кеп алардын кубанычын баскандай.

Мыйзам долбоору жакында парламенттин чоң талкуусуна чыгат, ал эми өкмөт ич ара жаңы эрежелерди карай турганы белгилүү болду. Кышында өткөн жергиликтүү кеңештин шайлоосунда "Республика - Ата-Журт" партиясы айдоочуларды унаа салыгынан бошотуу тууралуу убада берген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG