Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:58

Кыргыз коомунун, мамлекетинин өнүгүшүнө ичкериден бөгөт болгон эң негизги жагдайлардын бири коррупция экендиги белгилүү. Бирок бул балээнин тамыры кайда? Аны жула алабызбы?

Ойлогон ой жана кыстаган турмуш

Коррупцияга каршы күрөш чейрек кылым бою – Кыргызстан эгемен мамлекет деп таанылгандан бери – жүргүзүлүп келсе да, паракорлор азайбай, мамлекеттик бюджет, жалпы улуттук байлык ого бетер талоонго учурап, мыйзамды сыйлагандар азайып, аны тебелеп-тепсегендер көбөйүп баратат. Бул жаатта ойлогон ойдун кыстаган турмуштан жеңилип жатышынын негизги себеби – ошол ойдун чалакайымдыгы, жеткире ойлонулбагандыгы, ишке ашырылышынын конкреттүү шарттары камсыздалбагандыгы. Коомго, мамлекетке жана ар бир жаранга зыян келтирүүчү бул илдетти жоюу жагынан ийгиликке жеткен өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алганда, эң эле зарыл шарттардын бири катары мамлекеттик кызматкерлердин мындай терс жосунга барышы опурталдуу, өзүн актабаган тобокелдик болуп калгыдай абалды камсыздоо керек эле.

Мыйзам үстөмдүгү кебелгистей орнотулган Сингапур сыяктуу өлкөлөрдө мамлекеттик кызматкердин эмгек акысы жеке сектордо алектенгендердин (коммерсанттардын, ишкерлердин) орточо кирешесинен төмөн эмес. Ошого жараша алардын жоопкерчилиги да катуу: парага же башка мыйзамсыз кирешеге азгырылса, кызматынан – туруктуу киреше булагынан эле айрылып тим калбастан, соттолуп да кетиши толук ыктымал. Демек, ар бир кызмат адамынын жеке кызыкчылыгы мамлекеттин, коомдун таламына каршы келбей, тескерисинче, бири-бирин камсыздагыдай жагдай түзүлгөн.

Биздеги баш-аягы жок «күрөштөрдүн» майнапсыз болуп жаткандыгына дал ушул турмуш чындыгын – ар бир адам татыктуу жашоого, үй-бүлөсүн жакшы бакканга умтуларын – эске албай, жалаң гана эмоцияга негизделгендиги себеп болууда. Ошондуктан көбүнчө «коррупцияга каршы күрөш» ураанын чакырган төбөлдөрдүн ушундай ниети барбы же бул элди алдоо үчүн эле айтылган кооз, дүңгүрөк сөздөрбү деген шектенүү туулат.

Сингапурду экономикалык, социалдык, маданий эң оор абалдан сууруп чыгып, дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошкон лидер Ли Куан Ю мамлекеттик кызматкердин эмгек акысын жеке сектордо алектенгендердин (коммерсанттардын, ишкерлердин) кирешесинин 2/3сине теңдештирели дегенде, буга каршы чыккандар, нааразылыгын билдиргендер көп болуптур. Алар мамлекеттик кызматкерлер элге кызмат өтөшү керек, ата журтунун пайдасы үчүн жеке кызыкчылыктарынан кечиши керек деп чыгышкан экен. Мындай ооз көптүрмө популизм элдин байлыгын тоноого умтулган бетпактардын беткабы экендигин далай ирет көрсөтпөдүбү?!

Бюджет бүт жетеби?

Мамлекеттик кызматкерлерге жакшы айлык бергенге каражат кайдан табылат? Ансыз деле өп-чап болгон бюджет кайсыга жетет? Чындыгында бул маселени да чечсе болот.

Бири-бирин бир нече ирет кайталаган, эмне жумуш кылганы белгисиз, пайдасынан зыяны көп түзүмдөрдү кыскартуу керек. Азыркы депутаттардын бири мындан 5-6 жыл мурун Кыргызстандын бюджетинин 30 пайыздай бөлүгү башкаруу түзүмүндөгүлөргө жумшалат, мынчалык чоң үлүш башка эч кайсы өлкөдө бөлүнбөйт деген эле. Эгер бюрократиялык машинанын мотору жок, дөңгөлөктөрү айланбаган керексиз чиркелмелерин алып салса, кыймыл жеңилдеп, үнөмдөлгөн «бензин» (эмгек акы ж.б. чыгымдар) кесипкөй кызматкерлердин айлыгын көбөйтүүгө жумшалмак.

Орточо базар баасы 300 доллардан ашпаган планшеттин ар бирин бир жарым миң долларга мамлекет эсебинен сатып алмакчы болгон министрликтер, отурган ар бир креслосуна эле бюджеттен 310 доллар (22 350 сом) чачууга шашкан депутаттар кимге керек? Бул кокусунан элге маалым болуп калган фактылар, дагы канча каражат каякка тымызын агып кетип жатканын билбейбиз…

Ар бир сомдун жүгүртүлүшү элге көрүнүп турушу үчүн бюджетти ачык-айкын кылуу керек. Буга илгеркидей тонналаган кагаз, боёк ж.б. басмакана чыгымдары талап кылынбайт. Экономика жана Каржы министрликтеринин сайттарынын тийиштүү рубрикасында салыктан, бажы ж.б. төлөмдөрдөн канча каражат топтолгондугун, кайсы багыт боюнча канча акча качан ажыратылып, кандай иштетилгенин маалымдап турса болот. Тилекке каршы, азыр бизде салык эмес, коммуналдык төлөмдөрдү да төлөбөгөн мителер бар. Бюджеттик каражаттын сарамжалдуу колдонулушу үчүн жоопкерчилик бекем болбогондуктан, миллиондогон акчанын изи табылбай калган учурлар көп кездешет.

Казынадагы ар бир сомдун эсеби интернетте так чагылдырылып турса, миллиондорду уурдагандар тыйылса, элеттик бир мугалим «пара алат» дегенге күйүнүп айткандай, агай-эжейлер жарым күчүн соопчулукка жумшаганды токтотуп, эмгегине арзыгыдай акысына толук ээ болот эле. Дарыгерлердин катары да тазарып, болор-болбос айлыгын эч нерсеге жеткире албай, ар кимден акчалай «ырахмат» үмүт эткендин ордуна чыныгы кесипкөй адистер ишинен баар тапмак.

Мамлекеттик башкарууга иштин көзүн билген кесипкөйлөр келсе, жумуш орундар көбөйөт, демек, салык да кыйла жакшы түшө баштайт. Мамлекеттин, элдин байлыгын уурдамай азаят, тыйылат.

Бул таза, адилеттүү кызыкчылыктар корголсо, мамлекеттин, коомдун өнүгүшүнө да жол кеңеет. Бирок эки тараптын таламын шайкеш келтирүү үчүн биргелешкен, ырааттуу күрөш жүргүзүлбөсө, жегичтер, мителер үстөмдүк кыла берери анык.

Коом менен инсан кас эмес

Адамзат ар качан кандайдыр бир максатты көздөгөндө, аша чаап кетип, артык эмес, тыртык кылып алган учурлар тарыхта көп болгон. Коммунисттер башкарган доордо коомдун, мамлекеттин кызыкчылыгы жеке адамдын кызыкчылыгынан өйдө коюлгандыгы эсибизде. «Мекен үчүн, эл үчүн, мамлекет үчүн баарына даярбыз, керек болсо өмүрүбүздү беребиз!» деген идеология СССР кыйрагандан кийин 180 градуска бурулуп, эми ар кайсы деңгээлдеги (жеке адам, анын туугандары, уруулаштары, жердештери) өзүмчүлдүк мамлекеттен, мыйзамдан, укуктан өйдө коюлуп калды.

Ырас, мекенчилдикке, мыйзамды сыйлоого, укук менен катар жарандык парзды да унутпоого чакырган кооз сөздөр расмий жыйындарда айтылып, атүгүл ар кандай улуттук программаларда, концепцияларда жазылып жүрөт. Бирок иш жүзүндө кеңири жол берилип жаткан жосундарга карасак, колунда бийлиги, байлыгы бар жеке адамдардын кызыкчылыгы жалпы коомдун, элдин таламына каршы коюлуп, коргоого алынып жаткандыгын көрөбүз.

Соңку 10-15 жыл аралыгындагы эле чуулгандуу кылмыштар, киши өлтүрүүлөр коом турмушундагы «ар ким колунан келгенин кылып алсын» деген карөзгөй «эрежеден» баш тартуу зарылдыгын көпчүлүккө жеткире түшүндүргүдөй эле болду. Далай эрендер байлыгын тарттырып ийди, карактагандардын өздөрүн да башкалар талап-тоноду – «ууруну каракчы урду». Акыры менчикти коргоо үчүн курал-жарак колдонууга уруксат жөнүндө мыйзам кабыл алганга чейин жеттик!

Сөзсүз эле «бардыгы бардыгына душман» болгон кырылышуу жолун баштан өткөрүш керекпи?..

Буга чейинки аша чапкан алабарман кадамдардын натыйжаларын сергек талдап, кызыкчылыктарды турмуш чындыгына ылайык мыйзамдуу коргоого өтүү зарыл. Ырас, элди мекенчилдикке, адилеттүүлүккө, ынсаптуулукка үндөгөн жакшы, жаштарды жакшы жолго баштап тарбиялоо керек. Бирок эмне үчүн адамдардын бир бөлүгү гана ынсаптуу, мекенчил болобуз деп соопчулукка (бекер) иштеп, башкалар (башкаруу тутумундагылар) элдин эсебинен кутуруп жүрө бериши керек? Адеп-ахлактык асыл нарктарды экономикалык, социалдык, укуктук таянычтар менен бекемдей жүрүү зарыл. Антпесе бул көөнөргүс баалуулуктар ооздун жели гана болуп калат да, баёолорду алдап, мазактагандар ого бетер эсирет.

Жолдош Турдубаев, публицист

PS: Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.​ ​
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG