Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:31

Акарат кеп канткенде азаят же сөз эркиндиги жана сындоо маданияты жөнүндөгү ойлор

Соңку күндөрү президентти социалдык желеде акарат кылды деп бир топ адамдарды коопсуздук кызматы издеп, аларга эскертүү ж.б. чараларды көрө баштады. Бул ызы-чуу коомдогу жалпы маданият менен бийликтин кадыр-баркы төмөндөп кеткенинен кабар бербейби? Башкаруучуларга элдин сый-урматын кантип арттыруу керек?

Чындыктын түркүн кыры бар

Талаш-тартыш, чыр-чатактын баары айланып-тегеренип келип эле чындык деп ким эмнени түшүнгөндүгүнө, ар кимдин өзү туура деп ойлогонун жалпыга чындык катары жеткирип, макулдатуу ниетине, аракетине байланышат эмеспи. Акыйкаттын туу чокусу делген түркүн диний, философиялык, саясий окуулар үгүт менен жайылтылып, күч менен таңууланып, жактабагандар куугунтукталып, кырылып-жоюлууга чейин жеткен окуялар өтө көп болгон, азыр да токтобой келет. Атеисттер менен динчилдердин, монархиячылдар менен республикачылдардын (азыр – өкүмчүл бийликти жактагандар менен демократиячылдардын), ошондой эле булардын түркүн түмөн түрлөрүнүн, агымдарынын өз ара тирешүүсү эч качан токточудай эмес. Анткени карама-каршылыксыз өнүгүү мүмкүн эмес деген диалектиканын эч ким төгүндөгүс мыйзамы бар.

Адамзат коомунун өнүгүү тарыхындагы таш, коло, темир ж.б. доорлордон, коомдук-экономикалык мамилелердин өнүгүүсүндөгү алгачкы жамааттык, кул ээлөөчүлүк, феодалдык, капиталисттик, социалисттик сыяктуу баскычтардан кийин маалымат доору деп бааланган азыркы мезгилде бул талаш айрыкча курчуп, опуртал мүнөзгө ээ болуп баратат.

Устаранын мизин мокотуу керекпи?

Чымындын буту чыныдан тайгалангандагы шыбыш үн күчөткүч аркылуу угузулса, Ниагара шаркыратмасынын кулак тундурган шоокумундай жаңырат дешет адистер. Тырмактай флешкага бүтүндөй китепкананы батырып, учу-кыйырсыз мейкиндикти уучуңа сыйдырган, бир кезде айлап-жылдап жол жүргөндө да бири-бирине жетпегидей аралыктагы адамдарды жанаша отургандай баарлаштырган азыркы маалымат технологияларынын кыялдагыдай, жомоктогудай мүмкүнчүлүгү кайсы жагына көбүрөөк пайдаланылууда – оң (жаратман, түзүүчү, тынчтыкты бекемдөөчү) жагынабы же терс (бүлдүрүүчү, касташууну күчөтүүчү) жагынабы?..

Мына жакында социалдык желелерде президентке акарат кылды деген кине коюлуп, Фейсбуктун бир катар колдонуучулары изделип, табылгандарына эскертүү бериле баштады. Ошол жарыя айтылган жеке пикирлердин кайсыларын акарат деп баалоого болот? Коопсуздук кызматындагылар муну кылдат айырмалаганга дарамети жетеби? Же бийликте тургандар жөнүндө сөз кылчу болбогула деп опузалагандай сес көрсөтүп, айрым жарандарды айыпка жыгуу менен эле чектелишеби? Дегеле бул иш алардын милдетине киреби?..

Кара кылды как жарган калыстык болобу же «Жаагыңарды жапкыла!» деп айкырып, ай балтасын ары-бери шилтеген кара күч үстөмдүк кылабы?..

Кадыр-барк кантип сакталат?

Авторитардык бийлик көбүнчө катаал жазаны, коркутуп-үркүтүү ыкмаларын колдонот. Бирок бул чаралар чыныгы күнөөкөрлөргө карата, текши көрүлбөсө, эл залим бийликтен корккондугу үчүн гана, кези келгенче, унчукпай турушу мүмкүн.

Ырас, мурунку доорлордо деле кара кылды как жарган калыс өкүмдарлар өткөн – алар, арийне, өздөрү да өтө акылман, кыраакы болгон, башкаруу тутумуна кызматкерлерди да ишбилги, таза, ак ниет, туруктуу кишилерден тандап дайындаган, ар биринин мансап даражасы канчалык жогорулугуна жараша сый-урматы менен жоопкерчилигин кылдат теңдештире билген деп болжолдой алабыз. Алар мамлекеттин турмушундагы чыныгы жагдайды кошаматчыларынан эмес, ишенимдүү тыңчыларынан угуп турган го. Батышта королдорго каалаганча эркелеп, анын жосунсуз иш-аракеттерин шылдыңдаган маскарапоздор болгон дешет тарыхчылар. Чыгышта адилет өкүмдарлар башкарган доорлордо «ырчы менен элчиге өлүм жок», «баш кесмек бар, тил кесмек жок» деген нарктуу салт сакталган экен.

Идеалдуу өкүмдардын ушундай турпатына кайсы бир деңгээлде жакындаган инсандар тарыхта чын эле болгон окшойт.

Демократиялуу коомдо бийлик өзүнүн кадыр-баркын бекемдеш үчүн ошол эле калыстык, чынчылдык, ишбилгилик принциптерине таянышы керек. Айырмасы – мамлекеттик маселелерди талкуулаганга, чечим кабыл алууга, башкаруучулардын ишин баалаганга эл мүмкүн болушунча көбүрөөк катышып, колунан келишинче бийликке ээлик кылат. Жарандар мыйзам бузгандагы көрүлө турган жазадан коркушу, ошол эле учурда соттун калыстыгы, башкаруучулардын ишбилгилиги, тазалыгы үчүн бийликти жактырышы, жакташы зарыл. Булар камсыздалышы үчүн сөз эркиндиги аба менен суудай зарыл.

Сөз эркиндигиби же ээн ооздукпу?

Президенттин керт башына акарат айтылбаганы эле жакшы. Анын иш-аракеттери, сүйлөгөн сөздөрү коомчулуктун сынына кабылса – бул такыр башка кеп. Бирок сындын маданий, интеллектуалдык деңгээлин колдон келишинче көтөрүү зарыл. Бийликке кандайдыр бир айып тагаарда анык далил келтире албаган авторлор (же, мисалы, Фейсбук колдонуучулар) «менимче» же «баланчанын күнөөлөп жазганы, айтканы чындык деп ойлойм» дегендей кылдат сөздөрдү пайдаланганы оң.

Сынчыл же жектеген маанай күчөп баратканда, бийлик жазалоо (же эскертүү, опузалоо) чараларына караганда тийиштүү терс көрүнүштөрдү жоюуга көбүрөөк көңүл бурушу абзел. Көп кайталанган айыптоолорду төгүндөөнүн эң жакшы, эң таасирдүү жолу – чыныгы жагдайды жакшыртуу. Мисалы, сот бийлиги зордуктоо, киши өлтүрүү сыяктуу оор кылмыштарды жасагандарды актап, тоок уурдоо сыяктуу майда кылмыштар үчүн адамдарды түрмөгө кесип жатат деген айыптоону иш жүзүндө, фактылар менен жокко чыгарса, бара-бара мындай «каралоолор» өзүнчө эле азайып, токтоп калат. Жагдай жакшыргандан кийин да басылбай долулана бергендерди эл жектебей койбойт.

Кошаматчынын же жалакордун айткан-жазганын эл көбүнчө тескери кабылдайт – кимди караласа, ошону эл татыктуу киши го деп, кимди мактаса, ошол «баатырга» шектүү карап калат.

Балит сөздү, акааратты уккубуз келбесе, өзүбүз ошондой пастыкка түшпөй, бийик жүрүшүбүз керек. «Жаалданып айткан чындык жанын жеген калпка окшойт», - деп Александр Пушкин жазгандай, «ОБОН» деңгээлиндеги жосундарды айыптаганда оозубуздан ак ит чыгып, кара ит кирип турбашы кажет. Бул үчүн эки тарап тең – эл да, бийлик да бири-бирине өрнөк көрсөтсө жакшы болмок. Антпесе баягы эле «эшегине жараша тушагы» байланып, чийилип калган пластинка айлана берет…

«Атаганат, бизден Ататүрк же Ли Куан Ю сыяктуу мыкты лидер чыгып, коомду адаштырбай, өлкөбүздү өнүгүү жолуна баштаса кана!» - дешет кээ бир замандаштар. Бирок ошондой намыстуу эл башы бийликке келиши, мамлекеттүүлүк бекемделиши үчүн ар бирибиз коомду бөлүп- жаргандарды ээрчибестен, чыныгы УЛУТчул (МАМЛЕКЕТчил!) болушубуз керек. Арсыз ырсалактап, акарат, балит сөздөрдү айтканга маашырлануу менен эч качан жагдайдын жакшырышына таасир эте албайбыз.

Өз кезегинде бийлик да элдин ичинен таза күчтөргө таянып, саясатты утурумдук эмес, узагын көздөгөн максатка багытташы кажет.

Чындыкты болсо ар ким өзүнүн жетилүү деңгээлине, акыл-эсине, турмуштук тажрыйбасына жараша кабылдайт.

Башчысы кошоматчыларга эмес, калыс сын айткандарга кулак салган, жарандары баарын билип алдым деп аксымданбаган, акыйкатты тереңдете, кеңири таанууга умтулуусун токтотпогон коомдо башкача пикир айткандарга сабырдуу мамиле маданияты өнүгөт. Ошондо карама-каршы көз караштарды жактагандар орой, опуртал эмес, ийкемдүү, ырааттуу, адеп нугунда талашууга өтүшөт да, ошондо талашта үстөмдүк кылып «жеңип чыгууну» эмес, чындыкты биргелешип жетигирээк таанып билүүнү көздөгөн ой-пикирлердин жарышы мүмкүн болушунча толук эркин жүрөт.

Жолдош Турдубаев
Жолдош Турдубаев

Жолдош Турдубаев, публицист

P/S: Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG