Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:17

Кымбат машинеге салык кошулат


Кыймылдаткыч көлөмү үч литрден ашкан автоунаалардын салыгын көбөйтүү боюнча мыйзам долбоору парламентте биринчи окууда кабыл алынды.

Демилгечи Экономика министрлиги бул мыйзам кабыл алынса казынага кошумча каражат түшөөрүн билдирди. Маалыматка ылайык, бул мыйзам өлкөдө катталган 1 миллионго жакын машине ээлеринин 3% пайызына гана таасир этет.

Шаар тургуну Максат кыймылдаткыч көлөмү төрт литрден ашкан 2010-жылкы жол тандабастын ээси. Ал азыр автоунаасы үчүн 3 миң сомдун тегерегинде салык төгөт. Эми жаңы мыйзам колдоо тапса Максат төлөп жүргөн сумма эки эсе көбөйүшү мүмкүн.

- Кымбат болуп калат экен. Эми айла жок төлөйбүз да. Бирок, баягы эле карапайым эл төлөйт. Мисалы, мен чоң машине айдайм, бирок андай деле бай эмесмин.

Кыргызстанда жолтандабастардын арасынан Lexus – GX-470, BMW Х5, Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү автоунаалар популярдуу. Учурда жаңы Lexus – GX-470 автоунаасынын салыгы 5000 сом болсо, жаңы мыйзамга ылайык 20 миң болот. Салык салууда алардын кыймылдаткыч көлөмүнөн сырткары чыгарылган жылы эске алынат. Маселен, автоунаанын кыймылдаткыч көлөмү 3 литрден ашканы менен заводдон чыкканына 15 жыл өтсө аларга салык өзгөрбөйт.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 965 миңдей автоунаа катталган. Мыйзамга ишке кирсе болжол менен 30 миңдин тегерегиндеги автоунаа ээлери жаңы тариф менен салык төгүүгө туура келет. Мындан Экономика министрлигинин божомолунда казынага 200 миллион сомго жакын кошумча каражат түшөт.

Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы Эркин Cазбаков:

- Кыймылдаткыч көлөмү чоң болсо алар кымбат автоунаалар. Жөнөкөй адамдар мындай машинелерди айдабайт. Бул колунда барлардан алына турган салык. Мындай мыйзамдар башка мамлекеттерде иштейт.

Анткен менен мындай демилгелер казынага ашыкча тыйын алып келбейт деген пикирлер бар. “Риом” авто базарынын жетекчиси Айбек Баратов айрым машинелерге атайын жогорулатылган салык мыйзамы иштеп кетишине көзү жетпейт.

- Эми бул мыйзамга туш болуучу автоунаалардын саны аз эле. Ооба, алар үчүн салык төлөп коюу маселе эмес. Бирок, мындан бюджетке чоң деле каражат түшпөйт. Анын үстүнө бизде кымбат автоунааларды депутаттар, мамлекеттик чоң кызматта иштегендер жана байлар айдайт. Белгилүү болгондой эле алардын көпчүлүгү салык төгө беришпейт. МАИ кызматкери токтотуп калса, күбөлүгүн көрсөтүп коюшат.

Эл өкүлү Дастан Бекешов да бул мыйзамга каршы добуш берген. Бекешов автоунаа салыгын жоюп, айдоочу сатып алган күйүүчү майдын баасына салыктын акчасын кошуп алууну сунуштайт.

- Бул мыйзамга каршы добуш бердим. Себеби, башка мыйзам сунуштап жатабыз. Салык чогултуп жүрбөй эле. Ошол акчаны күйүүчү майдын баасына кошуп алыш керек.

Айрым мамлекеттерде кыймылдаткыч көлөмү үч литрден ашкан авто унаа ээлеринен жогору салык алуу сыяктуу мыйзамдар иштейт. Маселен, Орусияда Lexus – GX-470 үлгүсүндөгү машиненин ээси 55 миң рубл салык төгөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG