Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 09:20

“Республика – Ата Журт” фракциясы шайлоолордо административдик ресурсту колдонууга каршы кылмыш жоопкерчилигин мыйзамдарга киргизүүнү сунуштап чыкты.

Ошондой эле ал шайлоочулардын тизмесинин тактыгы үчүн жоопкерчиликти караган укуктук ченемдерди киргизүү демилгесин көтөрдү. Фракция жыйынында буга чейинки шайлоолордогу терс көрүнүштөр мисалга алынып, аларды жоюунун жолдору каралды.

"Күн баарына тең тийсин"

“Республика – Ата Журт” фракциясы өткөн шайлоолордо кездешкен бир катар терс көрүнүштөрдү четтетүү үчүн Шайлоо кодексинин бир катар беренелерине толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды.

Шайлоо кодексинин 47-беренесине сунушталган толуктоодо административдик ресурсту колдонгону үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү сунушталган. Ошондой эле шайлоодо кайсы бир тараптын пайдасы үчүн административдик ресурстарды пайдаланган жетекчилерди кызматтан алуу чарасын киргизүү сунушталды.

“Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов Шайлоо кодексине сунушталган бул толуктоонун максатына токтолду:

- Биздин өлкөдөгү шайлоолордо оппозицияга да, бийликтин партиясына дагы бирдей шарттар түзүлөт. Ошондо гана партиялар мыйзамдуу жол менен орун алмашат. Азыркы учурда бийликте турган партия эле бүтүндөй бир административдик ресурстарды колдонуп, ошонун эсебинен анын шайлоолордо мүмкүнчүлүгү аябагандай кеңири болуп жатпайбы. Себеби ошол жол менен кеткенде берилген буйруктун арты менен эле шайлоолордо бийлик партиясынын пайдасына мамлекеттин эсебинен бекер автоунаалар, күйүүчү май, үгүтчү кызмат адамдары жана кызматтык бөлмөлөр колдонулуп жатпайбы. Биз ошонун бардыгын тыйып, “баарына бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берели” деп айтып жатабыз. Мына ошондо гана бийликке келген партиялар элдин үнүн уга баштайт.

Шайлоодогу шаабайды сууткан өксүктөр

Тизмеден өзүн таппай калгандар, биометриканы аныктоочу жабдуулардын иштебей калышы, электрондук үкөктөрдүн бузулушу өңдүү өксүктөрдүн айынан жер-жерлерде кезек күткөндөрдүн катары калыңдап, айрымдар добуш бербей кетишти.

Мындан сырткары кодекске шайлоочулардын тизмесинин тактыгы үчүн жоопкерчиликти арттыруу ченемдери сунушталууда. Бул жерде мыйзам долбоорунун авторлору жарандар жасалма каттоонун негизинде жалган дарек боюнча шайлоо тизмесине киргизилген көрүнүштөрдү көзөмөлдөө чараларын күчөтүүгө басым жасашкан.

“Республика - Ата Журт” фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова өткөн жергиликтүү шайлоонун алдында бир эле үй дарегине жүздөгөн адамдарды каттаган учурлар кездешкенин айтып, буга прокуратура органдары эмне себептен чара көрбөгөнүн мисал келтирди:

- Мисалы, Бишкек шаарындагы Некрасов көчөсүндөгү № 1 үй дарегинде бир эле учурда 164 адам каттоого алынып жатат. Мына ошону текшерип көрдүңүздөрбү? Мындан башка дагы бир эле үйдө 25-35 адам каттоого тура калган учурлар боюнча маалыматтар келип түшкөн. Биз ошол маалыматтардын бардыгын сиздерге иликтеп чыгып, укуктук баа берүүгө тапшырып берген болчубуз. Бирок ушул күнгө чейин кандайдыр бир жыйынтык чыгарылып, чара көрүлгөнүн уга элекпиз. Айтыңыздарчы, ошол даректеги үйдө катталган адамдар ошол адамдын саны боюнча таштандыга акча төлөп жатканын ырастап бере аласызбы? Бул боюнча кандай иш-чаралар болду?

Догоевдин жүйөсү

Ошол эле кезде Башкы прокуратуранын өкүлү шайлоодогу бул фактылар боюнча буга чейинки кайрылуунун негизинде кандай чара көрүлгөнүн айтып бере албады.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын төрага орун басары Дастан Догоев бир эле үй дарегине ондогон адамдын каттоого турушун андагы мурдагы кожоюндардын жоопкерчиликсиз мамилеси менен байланыштырды:

- Мына ошол фактылар боюнча биз архивден тиешелүу документтердин бардыгын таап чыгып, алардын бардыгын тиешелүү укук коргоо органдарына тапшырып бергенбиз. Бул учурлар негизинен жатаканаларда болгон. Бул жерде көпчүлүк мурдагы үй кожоюндары аталган даректеги каттоосунан чыкпай, башка жактан кыймылсыз мүлк сатып алып кетип калган учурлар бар. Үйдүн кийинки ээси мурдагы кожоюнду каттоодон чыгара албай турган жагдай бар. Мыйзамда ошондой эреже каралбаган экен. Бул жерде мурдагы кожоюн өз эрки менен гана ошол даректен каттоодон чыга алат экен. Аларды биз дагы ошол каттоодон чыгарып, анан башка жакка кайра каттоого кое албайт экенбиз. Чынында мына ошондой көйгөй бар. Анан дагы паспорттук каттоодогу маалыматтарды тартипке келтирүүдө маселе бар.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчи орун басары азыркы учурда жарандардын биометрикасынын негизинде топтолгон электрондук база улам жаңыланып жатканын айтты. Ал шайлоочулардын тизмесин тактоодо тиешелүү иштер жүргүзүлгөн эмес деген депутаттардын кинесин четке какты.

Бирок “Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Максат Сабиров канча жылдан бери иштин жыйынтыгы көрүнбөй жатканын төмөндөгүчө сынга алды:

- Бир нече жылдан бери ошол жарандардын тизмеси менен иштеп жаткан болсоңор, анда эмнеге ал ушул күнгө чейин такталып бүтпөйт? Силерге эмне, бул териштирүү иштерин аягына чыгарууга дагы он жыл керекпи? Дагы “иштеп жатабыз дейсиңер”, иштеген болсоңор кана ошонун жыйынтыгы? Иш болгон болсо, мына ошонун бардыгын бүтмөксүңөр да. Бул жерде ачык-айкын иш жүрүп жатканынан күмөнүм бар.

Бокоев: төрайымдын иши көңүл толтурбайт

Мындан сырткары “Республика – Ата Журт” фракциясынын жыйынында буга чейинки жергиликтүү кеңештерге болуп өткөн шайлоолордун жыйынтыктары жана андагы айрым кемчиликтер кеңири талкуулады. Мына ошол өксүктөрдөн сабак алуу үчүн шайлоолорду өткөрүүгө жооптуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын жоопкерчилигин кароо маселеси көтөрүлдү.

“Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев фракциянын атынан бул маселени палатага алып чыгууну сунуштады:

- Биз БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кызматынан бошотуу эрежесин четинен башташыбыз керек. Биздин парламенттин регламентинде жана ыйгарым укук боюнча биз аны кызматынан чакыртып алуу ченемдерин колдонушубуз зарыл. Буга бир катар негиздер топтолуп калды. Бизге арыз менен кайрылган үч миңден ашуун жаран өткөн шайлоодо добуш бере албай, өзүнүн конституциялык укугунан пайдалана албай калды. Бирок добуш бере албай, арыз жазбаган жарандардын саны канча болушу мүмкүн? БШК төрайымы мурда каражат бөлүнгөнүнө карабастан, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын төш белгисин өз учурунда даярдап бере албай койду. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынан төш белги үчүн мыйзамсыз акча чогулткан. Ошондой эле эки шаарда шайлоочулардын тизмеси бузулганын көзөмөлгө ала албаганы үчүн анын бул кызматка шайкеш келбегенин кароону парламентке алып чыгышыбыз керек.

Анткен менен “Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов БШК төрайымына бир айлык сыноо мөөнөтүн берүү менен чектелүү чечимин киргизди. Ошол эле кезде фракция камоодо турган Максим Бакиевге таандык делген жер тилкесин башка бирөөгө тариздеп бергени үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевдин кызматына шайкештигин кароону премьер-министрге сунуштады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG