Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:17

Ташиев менен Бабанов биротоло "ажырашты"


Кыргызстанда парламенттик шайлоо алдында түзүлгөн кезектеги саясий тандем бузулду.

Буга чейин парламентке келген “Республика-Ата Журт” партиясы бөлүнүп, жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна өз алдынча бармай болду. Буга “Ата Журт” партиясы башка саясий күчтөр менен тандемге баруу ниети себеп болгон.

“Республика” жана “Ата Журт” партияларынын ортосундагы тандем толугу менен күчүн жоготконун “Ата Журттун” лидери Камчыбек Ташиев “Азаттыкка” тастыктады.

Анын айтымында, мындай чечимди “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен кеңешип кабыл алышкан:

- “Республика-Ата Журт” партиясынан биз толук бойдон бөлүндүк. Бөлүнгөндө ызы-чуу, уруш-талаш менен эмес, сүйлөшүү жолу менен эле ажыраштык. Азыркы жергиликтүү шайлоолор “Республика-Ата Журт” деген аталыш партия катышкан акыркы шайлоо болот. Мындан ары “Республика-Ата Журт” деген партия шайлоого барбайт. “Республика” жана “Ата Журт” деген партиялар өз алдынча барышы мүмкүн. Башкача айтканда биз бөлүнөрдүн алдында мындан ары “Ата Журт” деген атты колдонбогула деген шарт койдук.

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Камчыбек Ташиев кошумчалагандай, жергиликтүү шайлоолорго ал жетектеген топ “Ата Журт” деген аталыш менен катышат.

Ал эми Өмүрбек Бабановдун командасы болсо “Республика - Ата Журт” деген аталыш менен акыркы жолу саясий өнөктүккө барууда.

Ал эми Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата Журт” фракциясы ушул чакырылыштын аягына чейин ушундай аталыш менен ишин жүргүзөт.

Саясий бирикменин ажыраганы тууралуу маалыматты “Республика” партиясынын өкүлдөрү да тастыкташууда. Бул партиянын активдүү мүчөлөрүнүн бири, Жогорку Кеңештин вице-спикери Алтынай Өмүрбекованын айтымында, “саясий ажырашуунун” демилгечиси Камчыбек Ташиев болгон:

- Камчыбек Кыдыршаевич Өмүрбек Токтогулович менен жолугуп, "биз Мадумаров, Келдибеков менен тандем кылып жатабыз, ушул тандем менен өз жолумду улантабыз” деп билдирүү жасаптыр. Ошондуктан, алар жергиликтүү кеңештерге да өзүнүн “Ата Журт” партиясы менен баратат. Ал эми Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата Журт” өз алдынча фракция катары ушул чакырылыштын акырына чейин иш алпарат.

Алтынай Өмүрбекова.
Алтынай Өмүрбекова.

2014-жылы октябрда “Республика” жана “Ата-Журт” партиялары биригип, “Республика - Ата Журт” партиясын түзгөн болчу.

Жаңы партиянын теңтөрагалары Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев бул биригүүнү саясатчылардын эмес, саясий күчтөрдүн кошулуусу деп аташкан. Ошондо эле бул биригүүнүн бекем болорунан күмөн санагандар чыккан.

“Республика Ата-Журт” былтыр күзүндө парламенттик шайлоого катышып, экинчи болуп келген.

Партиянын теңтөрагасы Камчыбек Ташиевди добуш берүүгө саналуу күндөр калганда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышуу укугунан ажыраткан эле. Буга "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын талапкери Абдыманап Абдыбахаповдун "Ташиев сабады" деген дооматы негиз болгон.

Мындан соң бул тандемде Өмүрбек Бабанов чечүүчү ролду ойноп, көпчүлүк депутаттык мандатты бул саясатчынын санаалаштары алып калганы айтылган. Ал эми Камчыбек Ташиев болсо активдүү саясий айдыңдан алыстап кеткен эле.

Бабанов: Анттын текстин Ташиев экөөбүз жазганбыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:21:24 0:00

Талдоочу Марс Сариевдин пикиринде, бул партиялар бириккенде регионалдык фактор жана убактылуу кызыкчылыктар негизги роль ойногон. Ошондуктан, бул тандемдин ажырары убакыттын иши болчу дейт Сариев:

- Бул идеологиялык максатта эмес, кыска конъектуралык биригүүнүн жыйынтыгы болуп жатат. Алар бийликке жетиш үчүн эле биригишкен. Идеологияга таянып, биригүү болмоюнча мындай тандемдер түзүлүп, кайра ажырай берет.

Камчыбек Ташиевдин Адахан Мадумаров жана Акматбек Келдибеков менен биригип жатканын “Ата Журт” партиясындагылар да ырасташты.

Аталган партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Нурлан Шакиев жаңы биригүү тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:

- “Ата Журт” партиясынын айланасында кайрадан чоң биригүүлөр болууда. Аттуу-баштуу партиялар, саясатчылар бул партиянын катарына киргени жатат. Чоң биригүүлөр болуп жатат. Маселен, Адахан Мадумаровду айтсак болот.

Нурланбек Шакиев.
Нурланбек Шакиев.

Кыргызстанда оппозициячыл маанайдагы бир катар саясатчылар, партиялар жана күчтөр биригүү тууралуу сүйлөшүп жатканы буга чейин сөз болуп келген.

Муну "Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров да тастыктап, биригүү кандай форматта болору жана кандай ураан менен чыгары такталып жатканын билдирген.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG