Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:07

“Республика Ата-Журтту” эмне ажыраштырды?


Өмүрбек Бабанов жана Камчыбек Ташиев, 20-октябрь, 2014-жыл
Өмүрбек Бабанов жана Камчыбек Ташиев, 20-октябрь, 2014-жыл

Парламенттик шайлоо алдында бириккен “Республика Ата-Журт” партиясы кайра эмнеге ажырашууда? Белгилүү эки саясий лидердин мамилеси бузулдубу? Өз жолу менен кетүүгө белсенген “Ата-Журт” эми кимге жанашып, кимди жандайт? "Азаттыктын" “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн бул жолку коногу “Республика Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев мына ушул жана башка суроолорго жооп берди.

“Азаттык”: “Ата-Журт” жана "Республика" партияларынын ажырашуусу туурасында бүгүнкү күнгө чейин партия лидерлери, же сиз, же Өмүрбек Бабанов ак же көк дебей, окуяга комментарий бербей келатасыздар. Башында катуу убада, сөздөрдү айтып алып, кайра кетенчиктегенден уялып жатасыздарбы?

Камчыбек Ташиев: Биз парламенттик шайлоого жаңы “Республика Ата-Журт” партиясын түзүп аттанганбыз. Бир жарым жыл ушул эки партиянын адамдары менен программа түзүп эл алдына алып чыктык. Менимче, ошол маалдагы эки партиянын биригиши, максаттарыбыз, элге берген программа, ишенимдерибиз акталды. Убакыт муну көрсөттү. Бир жарым жыл ичинде Бабанов менен чогуу иштеп бири-бирибизди билдик, түшүндүк, мындан эч ким зыян тарткан жок.

“Азаттык”: Быйылкы жергиликтүү кеңештерге шайлоого “Ата-Журт” жана "Республика" партиялары өз алдынча катыша турган болду. Парламенттик шайлоодо бириктирген ыкма эмнеге жергиликтүү кеңештерге келгенде иштебей калды же күчтүү команда түзүү идеясынан көңүл калгандан улам ушундай чечимге келдиңиздерби?

Камчыбек Ташиев: Азыр парламентте партиянын фракциясы, анда 28 депутат бар. Ошолор партиянын программаларын ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатат. Бирок ошол эле учурда саясат деген ушундай өтө оор нерсе экенин түшүнүп калдык. Ошонун дагы бир чоң бут чалуусуна, тушоосуна туш болдук. Парламенттик шайлоодон кийинки абалды элестетсек, шайлоодон кийинки соттошуулар, партияга берген убадага турбастык, моралдык жактан туура эмес маселелер акыры кайсы бир деңгээлде партиябыздын алсызданышына алып келди.

Биздин саясий күчүбүздүн андан аркы чоңураак же мамлекеттик деңгээлдеги маселени чечкенге алы жетпестигине көзүбүз жетти. Саясий интригалар, оюндардын негизинде биздин партия азыраак мандат алып калды.

Саясий интригага ар дайым саясатчылар күнөөлүү, анан мамлекеттеги саясий башкаруучулук күнөөлүү. Саясий башкаруучулук сөзсүз интригаларды ар бир шайлоого киргизип келатат. Бул жолу дагы ушул тактика бийлик тарабынан колдонулду.

“Республика Ата-Журтту” эмне ажыраштырды?
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:18 0:00

“Азаттык”: Шайлоонун алдында ким көп добуш алса ошол депутат болот деп, өзүңүз үлгү болуп 41-орунду ээледиңиз эле. "Андай жолдон тайсак ант уруп кетсин" деп элдин баарын карганткансыздар. Болбой эле айрымдар, мисалы, Жыргалбек Саматов лидер бизге рахмат айткандын ордуна бизди пайдаланып, каалагандай калчашты деп антын аттап өтүп мандатын кайрып алды. Бул учурда сизди ээрчиткен талапкерлер чын эле принципти бузуштубу же чын эле аларды лидер Бабановдун туура эмес мамилеси, рахмат айтпаганы намыстандырдыбы?

Камчыбек Ташиев: Сөз бул жерде Бабановдун же менин рахмат айтпай койгондугуман эмес. Бул жерде ар бир адамдын өзүнүн моралдык жагынан көрсөткөнү болду. Биз Бабанов экөөбүз моралдык жагынан карап отура бериптирбиз да. Биз адамдык сапатка басым жасап, ишенип, өзүбүздөй болсо керек дептирбиз. Көрсө маселенин юридикалык жагы да бар экен. Аны эсептебей калганыбыз - бул биздин катабыз болду. Биз өтө тажрыйбалуу саясатчылар эмеспиз. Биз базарга бара жаткан саясатчыларбыз. Биздин ар бир катабыз бизге тажрыйба болуп, алдыда бизди ийгилик күтүп турат.

“Азаттык”: Өткөн айдын соңунда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы “оор жаракат алдым” деп арызданган Абдувахаповдун маалыматы тастыкталбаганын айткан. Бирок кийин ал кайра шашылыш түрдө мурда айтканынан кайтып, Ташиевге байланыштуу кылмыш иши аяктай электигин айрым маалымат агенттиктерине айтып чыкты. Бирок иш кыскарабы же сотко өтөбү, бул боюнча Камчыбек Ташиевге айып тагылдыбы деген суроолор жоопсуз калган эле. Сиздин оозуңуздан угалы, бул иштин жыйынтыгы эмне болду?

Камчыбек Ташиев: Үч экспертизанын жыйынтыгы анын башы чайкалбаганын, кабыргалары сынбаганын, жыртылган же айрылган жерлери жок деп чыкты. Ушунун бардыгы мени депутаттыктан алуу сценарийи экени көрүндү. Мен өзүм ушундай ак көңүл саясатчымын да. Эгер менин намысыма тийсе мага бийликтин дагы кереги жок, менин ата-энемдин намысы үчүн мага депутаттыктын дагы кереги жок. Муну мага кылтак кылып илишти , а мен түшүп бердим. Менин намысым ал кылтакты аттап өтүүгө жол бербеди.

“Азаттык: Эми азыр “Республика Ата-Журт” толук ажырашабы, сиз эми “Ата-Журт” партиясынын лидери болосузбу?

Камчыбек Ташиев: Бүгүнкү күндө “Ата-Журт” партиясы Ош шаарына өзүнчө баратат. Мен аларды колдоп, аларды өзүм баштап баратам.

“Азаттык”: Бабанов менен мамилеңиз кандай?

Камчыбек Ташиев: Бабанов менен мамилебиз жакшы. Биздин саясаттан башка дагы жакын туугандык, достук мамилебиз бар. Ошондуктан биз бир саясат менен чектелбешибиз керек.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG