Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:54

Шайлоодогу шаабайды сууткан өксүктөр


Шайлоо
Шайлоо

Шайлоодогу техникалык мүчүлүштүктөр шайлоочулардын нааразылыгын жаратты. Тизмеден өзүн таппай калгандар, биометриканы аныктоочу жабдуулардын иштебей калышы, электрондук үкөктөрдүн бузулушу өңдүү өксүктөрдүн айынан жер-жерлерде кезек күткөндөрдүн катары калыңдап, айрымдар добуш бербей кетишти.

Таң эрте №1102 шайлоо участкасына добуш берүүгө келген Жогорку Соттун мурдагы төрагасы, экс-депутат Курманбек Осмонов өзүн тизмеден таппай калды. Бир эмес, үч-төрт ирет текшертсе дагы анын ысымы кагаздан да, компьютерден да көрүнгөн жок.

- Биометрикалык маалыматты убагында тапшыргам, ID картам бар, туруктуу жашаган жерим, каттоом бар. Үч-төрт жолу маалымат базадан каратып, таппай койдум. Тизмеде да жок экенмин. Анан күтүп отуруп кетип калдым. БШКга чалып, “Сарпашевди көрсөңөр тизмеден өзүн таппай калгандар болуп жатканын айтып койгула” дедим. Анын өзүн деле тааныйм, телефон чалсам албай койду. Тилекке каршы, шайлоо укугум бузулуп калды. Мамлекеттик каттоо кызматы өтө начар иштептир, тизме үчүн алар жооптуу да.

Ушул эле шайлоо участкасына добуш бергени келген Алишер Ташматов өзү жашаган №78 көп кабаттуу үйдүн комитет жетекчиси. Ал өмүр бою ошол жерде жашаган апасынын жана башка бир нече тургундун аты- жөнүн тизмеден таппай калганын айтты. Парламенттик шайлоодо кадимкидей эле келип, добуш берген жарандардын тизмеден түшүп калганы аларга күтүүсүз болгон.

- Биздин үйдө жашагандар арасында көбү өздөрүн келип эле тизмеден таппай калышты. Алар көп жылдар бою ушул райондо турат. Түшүнүксүз. Эмнеге эски тизмени карап отурушат? Мен үйдүн комитет жетекчиси катары ай сайын жергиликтүү аймактык башкармалыкка тургундардын тизмесин жаңыртып жөнөтүп турам. Эмнеге ал тизмени Мамлекеттик каттоо кызматы карабайт? Колдорунда кайдагы эски тизме. Анда бир топ кишилер эбак көчүп кеткен же көзү өтүп кеткендер бар экен. Дагы бир кызыгы Жогорку Кеңешке шайлаган кездеги тизмеде бар кишилер мында жок экен. Кандай ыкма менен тизмени түзөрү белгисиз. Анда жарандар эмнеге биометрикасын тапшырды? Апам парламенттик шайлоодо ушул жерден добуш берген. Эми тизмеде жок экен.

Кыргызстанда референдум жана шайлоо өттү

Кыргызстанда референдум жана шайлоо өттү

Мындан тышкары кагаздагы тизмеде болгону менен, бармагын биометриканы аныктоочу жабдуулар тааныбай коюп, добуш бере албагандар да катталды.

Бишкектин 6-кичи районунда жайгашкан №1136 добуш берүү бекетинде мындай жагдайга туш болгон көпчүлүк пенсия курагындагы жарандар эми алардын добуштарын башка бирөөлөр пайдаланып кетет деп чочулап жатышат.

"Биз мыйзам чегинде келип, укугубузду пайдаланалы дегенбиз. Эми өтө албай турабыз".

"Мага кызык нерсе, мына биз тизмеде турабыз, бирок компьютер колубузду тааныбай койду. Эми эмне биздин ордубузга өздөрү добуш берип коебу?"

"Ошондой болуп калат го. Атайын жасалган иштей сезилип жатат. Колубузду койдук да баары бир".

Байкоочулардын айтымында, техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам аты-жөнү чыкпай калган жарандарга “добуш бере албайсыздар” деген гана жооптор айтылды. Ал эми жабдуунун иштебей калышын аба ырайынын суук болгону менен түшүндүрүштү.

- Муздак болгондо аппарат иштебей калат дейт. Ошондуктан көптөрү келе жатканда бармагыңарды жылытып келгиле деп жатышат. Ал деле болбой жатат. Эртең менен ысып эле отурганбыз. Анан кишилер көбөйүп эшик ачылып жабылып жатты да, -дейт байкоочу Барамидин Кадыров.

Техникалык жабуулардын бузулушунан улам такыр эле иштебей калган участкалар да болду. Чүй облусуна караштуу Ивановка айылындагы №7090 шайлоо участкасы компьютер алмаштырылат деген негизде жабылып да калды. Тизме проблемасы, техникалык мүчүлүштүктөр Бишкекте гана эмес, аймактарда дагы катталды.

Акыйткатчынын Таластагы өкүлү Арзыкан Момунтаеванын билдиришинче, Көк-Ой айылынан эле түшкө чейин 100дөй киши өздөрүн тизмеден таппай, шайлоо укугунан ажырап калышты.

Нарындын суугу эмнегедир биометрикалык жабдууларга таасир эте алган жок. Бирок облуста тизмеден жыдып, добушун бере албай калгандар нааразы болуп жатышты. Ошто шайлоо үкөктөрү иштебей калып, кезек күткөндөр көп болду.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айлынын өзүн Эрмек деп тааныштырган тургун участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан бузулган үкөктөрдү ачуу аракеттери болгонун билдирди.

- Эртең менен эле аппараттары иштебей, участок кеч ачылды. Анан кайра бир иштеп, кайра иштебей улам өчүп жатты. Добуш бергени баргандар суукта сыртта туруп, кезек күткүсү келбегендер кайра кетип атышат. Бул аз келгенсип, бузулуп калган үкөктөрдү ачып да жатышат. Үкөк деген кечки саат 8:00ге чейин ачылбашы керек да.

Борбордук шайлоо комиссиясы айтылып жаткан нааразылыктар массалык мүнөзгө ээ эместигин айтып, шайлоо үкөктөрү бузулган жерлерде кошумча үкөктөр ишке киргенин ырастады. Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов болсо тизме боюнча да, техникалык жактан да кемчиликтер парламенттик шайлоого салыштырмалуу аз болгонун айтты.

- Шайлоодо 6 миң комплект иштеп жатат. Өлкө аймагынан иштебей калгандары тууралуу 47 гана маалымат келип түштү. Бул көрсөткүч парламенттик шайлоого салыштырмалуу үч эсе аз болууда. Парламенттик шайлоого караганда референдумдун тизмеси тагыраак болду. Ал боюнча элден дагы суроолор азыраак болуп жатат.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев да техникалык мүчүлүштүктөр туурасында пикирин билдирип, кемчиликтер болгону менен жаңы технологиялардын жардамы аркылуу адилеттүү шайлоо өткөрүүгө жетишип жатабыз деген ишенимин билдирген.

- Техника кыска убакытка бузулат. Бирок анын жардамы менен биз таза, адилеттүү шайлоо өткөрүп жатпайбызбы. Мындан кете албайбыз, анткени бизге ачык шайлоо керек. Мурдагыдай кагазга, шайлоочулардын добуштары каалагандай бурмаланган учурга баргыңыз келип жатабы?

"Сезимтал" сканерлер

БШКнын мурдагы мүчөсү Рашид Бекбасаров биометрикалык маалыматты аныктоочу сканерге байланыштуу чын эле маселе бар экендигин белгилейт. Анын маалыматында сканер аба ырайы суук болгондо, адам кара жумуш жасаганда бармак белгиси өзгөрүп кетишинен же карыган адамдын бармагы окулбай калган учурлар белгилүү. Бекбасаров шайлоочулардын добуш берүү укугу туурасында сөз болгондо ушул жагдайлар дагы талкууланышы керек деген ойдо.

БШКнын мурдагы мүчөсү Жеңиш Акматов бүгүнкү күндө парламенттик шайлоодогу мүчүлүштүктөр бир жылдан кийин деле кайра эле кайталанып жатканына токтолуп, аларды жоюу чаралары учурунда көрүлбөгөнүн сындап жатат.

- Эми булар маалыматы чыкпай калган кишилердин баарын эле эки ПИНи бар кишилер деп, ошого шылтап жатышат. Ал эки ПИН-номурду бир жылдан бери айтып, кармап, ушундай маселе чечилген. Бирок бир жылдан бери тизме маселеси чечилбегенин мен түшүнбөйм. Мен өзүмдү эле айтайын, кызым Москвада былтыр окуган эле. Ошондо ал ошол жакка жазылган. Бирок Тайырбек Сарпашев ар дайым сайрап келет, шайлоо бүткөн соң кошумча жазылган нерселер автоматтык түрдө өз ордуна келип калат деп. Бирок менин кызым бүгүн барса, дагы эле каттоосу Москвада экен. Ал бул жакка келгенине бир жыл болуп жатат. Мамлекеттик каттоо кызматынын өксүгү дейбизби, айтор тизме боюнча көп проблемалар болуп жатат. Өткөн шайлоодо деле ушулар болгон. Өзүн таппагандар нааразы болушту. Эл добуш бербей кетип жатат.

Бул арада өкмөт добуш берүү күнүндөгү техникалык мүчүлүштүк, үзгүлтүккө учуроолорду жөнгө салуу боюнча ыкчам чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

Тасмада: Айрым добушканаларда урналар иштебей жатат

Айрым добушканаларда урналар иштебей жатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:10 0:00

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG