Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:56

Өкмөт таза шайлоо өткөрүүгө убада берди


Шайлоого даярдык, Кыргызстан.
Шайлоого даярдык, Кыргызстан.

Шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча республикалык штаб 16-ноябрда ага камылганын жүрүшүн талкуулап, бир катар көйгөйлөр бар экени ачыкка чыкты.

Кыргызстанда 11-декабрда 405 жергиликтүү кеңешке 1220 округ боюнча шайлоо өтөт. Өкмөт ал маселелер добуш берүүлөргө чейин чечилерин айтып, шайлоо ачык өтөрүнө ынандырып жатат. Бирок саясий партия өкүлдөрү таза шайлоо өтөт деген убадага ишенбей турган кези.

Республикалык штабдын жыйынында БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоо участкаларын интернет, жылуулук жана телефон байланышы менен камсыздоо маселеси толук чечиле электигин билдирди. Ошондой эле үйлөмө жылыткыч жана генераторлорду сатып алуу керектигин белгилеп, облустук, райондук бийлик өкүлдөрүнө, тиешелүү министрликтерге кайрылып, маселени чечүүнү өтүндү.

Маалыматка караганда, БШК добуштарды автоматтык түрдө эсептей турган үкөктөрдү да аймактык шайлоо участкаларына жеткирүүдө. Бирок аларды сактоо үчүн атайын жай даярдоо зарыл:

Нуржан Шайлдабекова
Нуржан Шайлдабекова

- Автоматташтырылган үкөктөрдүн биринчи партиясы жеткирилди. Экинчиси 20-ноябрдан тарта жеткирилет. Былтыр тоолуу райондордо байланыш начар болуп, айрымдарында такыр болгон эмес. Көйгөй жараткан аймактардын баарын уюлдук байланыш менен камсыздоо керек. Ал эми шайлоо участкаларына жылуулук, компьютер, интернетти толук берүү маселеси жакын арада чечилет деп ишенем.

Жыйында шайлоо участкаларында тартипти көзөмөлдөөгө милиция кызматкерлеринин жетиштүү санын ИИМ бөлүп бермей болду. Шайлоо күнү аба ырайы суук болору божомолдонуп жаткандыктан, биометрикалык маалыматтар так чыкпай калышы мүмкүндүгү да айтылды.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев муну калориферлерди (үйлөмө жылыткыч) сатып алуу менен чечүүнү сунуштады:

- Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, 11-декабрда күн суук болот экен. Шайлоочулардын колу муздак болсо биометрикалык жабдыктардын окубай калуу тобокелдиги бар. Жергиликтүү бийликтер шайлоочуларга кол жылытып, андан соң биометрика менен добуш берүүсүнө шарт түзүшү керек. Калориферлердин баасы ашып кетсе 200-300 сомдун тегерегинде.

Ал эми БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш сатып алуу аракеттерине бөгөт коюу мерчемделип жатканын айтып, мурда соттолгон талапкерлердин тизмеси дале тактала электиги да шайлоого кедерги тийгизиши ыктымалдыгын кыйытты:

- Талапкерлердин соттуулугу бар же жок деген тизме тактоо кечеңдеп жатат. Алардын баары бюллетендерге кирет да. Өзгөчө бул айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге тиешелүү.

Биринчи вице-премьер-министр Мухаметкалый Абулгазиев канткен күндө да өкмөт шайлоону таза өткөрүүгө умтулуп, колдо болгон аракетти көрөт деп ишендирди.

Кайсы партия кандай ызы-чуу менен келгенин 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодон кийин көрүп жатабыз. Мына, өздөрү да "бул балага жардам бергенбиз, акчасын көтөргөнбүз" деп айтып атпайбы.
Бекбосун Бөрүбашев

​Анткен менен бир катар саясий партиялардын өкүлдөрү таза шайлоо деген убадага ишенбейт. “Эл бийлиги” партиясынын төрагасы Бекбосун Бөрүбашев шайлоо мурдагыдай эле добуш сатып алуу менен коштолорун, акчасы барлар алдыга озорун боолгойт:

- Бул бийлик үчүн болгон шайлоо да. Саясий партиялардын өкүлдөрү жергиликтүү кеңештерге бийликке баратышпайбы. Алар шайлоо болбой эле депутаттык мандатты сатып алып жатышат. Кайсы партия кандай ызы-чуу менен келгенин 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодон кийин көрүп жатабыз. Мына, өздөрү да "бул балага жардам бергенбиз, акчасын көтөргөнбүз" деп айтып атпайбы.

Байкоочулардын баамында, шайлоону утурлай саясий партиялардын активдүүлүгү анчейин деле байкала элек. Саналуу партиялар гана үгүт иштерин жүргүзүү менен алек. Коомчулукта жергиликтүү кеңештерге өткөн буга чейинки шайлоолордо деле партиялар үгүткө маани бербей, шайлоого бир күн калганда элге ун-май, акча таратып, добуш алганы айтылып жүрөт.

11-декабрда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору да жалпы элдик добушка коюлат. Расмий маалымат боюнча, жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум убагында Кыргызстан боюнча 2365 шайлоо участогу иштейт. Ошондой эле чет мамлекеттерде 35 участок ачылат. 1220 округда эл жергиликтүү кеңештердин 7355 депутатын шайлайт.

XS
SM
MD
LG