Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:47

БШК шайлоочуларды тизмеден өзүн тактоого чакырды


Борбордук шайлоо комиссиясы 11-декабрда өтүүчү референдум жана жана жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна карата шайлоочуларды алдын ала өзүн тизмеден тактоого чакырууда.

Кайрылууда добуш берүү күнү паспорту бар, өлкө ичиндеги жана тышындагы кыргызстандыктар шайлоого катышууга укуктуу экени айтылат. Ал эми референдумга катышуучулардын тизмесинде жарандар кандайдыр бир ката же так эместиктерди тапса, 26-ноябрга чейин тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылууга тийиш.

Ошондой эле жарандар катталган эмес, жашаган жеринде добуш берүүнү кааласа, алдын ала “форма №2” үлгүсүндөгү арызды толтуруусу кажет.

11-декабрда өтүүчү шайлоо биометрикалык маалыматтардын негизинде өткөндүктөн, электрондук маалыматтарды тапшыра электер 26-ноябрга чейин өтүүсү зарыл. (SDz)

XS
SM
MD
LG