Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:41

16-январда Дача СУ конушундагы авиакырсыктан жабыркагандарга компенсация төлөө маселесин чечүү убакыттан көз каранды. Мындай пикирин “Азаттык” үналгысынын 2+1 форматындагы эксклюзив маегинде транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди. Министр тармактын эл аралык жана жергиликтүү аба жолдору, темир жолдор жана кара жолдор боюнча жүргүзүп жаткан саясаты, көйгөйлөрү тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: 16-январдагы 39 кишинин өмүрүн алган авиакырсыктын себептерин иликтөө боюнча өкмөттүк комиссиянын мүчөсүсүз. Жыйынтык чыктыбы-жокпу – биз биле элекпиз. Иликтөөлөр кайсы баскычка жетти?

Ж. Калилов: Оор окуя болду. Элиме ыраазылык билдиргим келет, бакчадагы балдардан бери оюнчуктарын көтөрүп келип, жардам бергенге аракет кылышты. Изилдөө иштери жүрүп атат. Жыйынтыгы чыга элек. Табылган үч "кара куту" окулуп бүттү деп айтышты. Анын тыянагын эл аралык комиссиянын жыйынтыгы келгенде билебиз.

“Азаттык”: Түркиялык авиакомпания менен компенсация төлөө маселеси чечилдиби? Ал кандай тартипте төлөнчүдөй?

Учак кырсыгы: чечиле элек компенсация

Учак кулап түшкөн Дача конушунун тургундары кыйроонун кесепеттерин жоюу жана аларды коопсуз жайга көчүрүү маселеси боюнча президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууну суранышууда.

Ж. Калилов: Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев АСТнин башкы менеджерин, камсыздоо компаниясынан өкүлдөрдү кабыл алды. Мен да катыштым. Алар учак да, учкучтар да камсыздандырылганын айтышты. Биздин жарандар үчүнчү тарап болуп эсептелет экен. Аларга компенсацияны чечип беребиз дешти.

“Азаттык”: Качан ишке ашчудай?

Ж. Калилов: Булар жардамды экиге бөлүп атышат. Бири - тез бериле турган материалдык жардам, экинчиси - компенсация. Компенсацияга убакыт талап кылынат деп, түрк тарап адегенде тез ишке аша турган материалдык жардамды берели деп жатышат. Азыр ушул боюнча иштеп жатабыз.

“Азаттык”: Транспорт жана байланыш министрлиги кырсыктан кандай сабак алды? Аба майдандары башка аймактарда деле дээрлик эл жашаган аймактарда жайгашып калган да?

Ж. Калилов: Дүйнөлүк масштабда деле мындай көрүнүштөр бар. Мисалы, Стамбулду, Сингапурду караңыз, учактар борборго конуп атат. Бирок, буга байланышкан ар ким өз ыңгайына жараша чечип жатат. Бизде маселени системаларды жаңылоо, учуп-конуу тилкелерин жакшыртуу аркылуу чечип, коопсуздукту камсыз кылабыз.

16-январда учак кулаган жер.
16-январда учак кулаган жер.

“Азаттык”: Евробиримдик жети жылдан бери Кыргызстандын учактарын өз аймагына киргизбей келатат. Кыргыз аткаминерлери "мына аз калды, буюрса чыгабыз", деп сооротуп жүрөт, аңгыча ИКАОнун (Эл аралык жарандык авиация уюму) баштагы 60тан ашык талабы эки эсеге өсүп кетиптир. Бул кыргыз өкмөтүнүн аракетсиздигиби же алсыздыгыбы?

Ж. Калилов: ИКАО беш жылда бир текшерип турат экен. Биринчи жолу 2009-жылы текшерип, кемчилдиктерди айтып кеткен. Андан бери кошулуп отуруп, талаптар 126га чыкты. Азыр ошол талаптар боюнча тармак-тармакка бөлүп иштөөнү жарандык авиация кызматына тапшырып жатабыз. Келерки жылдын башына чейин тиешелүү жумуштарды бүтүрүп, ИКАОго маалымат беребиз. "Кара тизме" боюнча. Жарандык авиацияда алты жылда алты директор алмашып, бардыгы эле келгенде чыгабыз деп сөз берчү экен. Андан жөн эле чыкпайт. Маселе оор. Биз азыр усулдарды иштеп атабыз.

“Азаттык”: Евробиримдиктин башкы дооматы эмне?

Ж. Калилов: Учактардын эскилиги. Бизде жергиликтүү алты компания бар. Бешөө учактарын жаңылашууда. "Эйр Бишкек" компаниясы банкрот алдында турат. Тыштан капитал издеп атабыз. Жакында Түштүк кытайлык China Southern Airlines компаниясы 49 пайыз акциясын сатып алабыз деген ойлорун айтып кетишти. Ала турган болсок аны "кара тизмеден" чыгарууга да жардам беребиз дешүүдө.

"Манас" аба майданы
"Манас" аба майданы

“Азаттык”: Кыргызстан 20 жылдан бери айтып келе жаткан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулушу боюнча мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөр кайрадан жанданып жатат. Өзбекстан деле жок дегенге караганда макул дегенге көбүрөөк ыктап тургандай. Кандай жаңы маалымат бере аласыз?

Ж. Калилов: Мурда Өзбекстан салкын мамиледе болсо, декабрда эксперттери келип, Кытайдын, биздин эксперттер менен чогуу бардык шарттарын карап чыгышты. Азыр эки вариант бар. Биринчиси - биздин ички темир жолго кошуп алууга ыңгайлашкан вариант. Жалпы узундугу 433 чакырым. Ишке кирсе көп акчаны талап кыла турган мегадолбоор болот. Кытай тарапка муну айтып келатабыз, бирок, азырынча жок деп айта элек.

“Азаттык”: Балыкчы-Корумду жолу бир өкмөттүн, эки министрдин отставкага кетишине себеп болду эле. Бул жол өзү план боюнча качан бүтүш керек эле?

Ж. Калилов: Мөөнөтү боюнча быйыл бүтүш керек эле, декабрда. Бирок, иш жүзүндө долбоордо көрсөтүлбөгөн иштер чыгып калган. Долбоордун мөөнөтүн узартуу маселеси чыгат деп ойлоп атам. Жол курулушунун 21 пайызы 1,3 жылда аткарылса, 79 пайызын 8 айда бүтүрүш – фантастика.

Балыкчы-Корумду жолу.
Балыкчы-Корумду жолу.

“Азаттык”: Учурда кайсы аймактарда жолдор салынып жатат? Мисалы, мындан эки жыл мурда стратегиялык жолдор абдан көп оңдолуп, салынып жатты эле. Азыр негедир азайып калгандай. Же андай эмеспи?

Ж. Калилов: Акыркы жылдары өкмөт көп каражат бөлүп атат. Бул жерде каражаттын жумшалышында маселе бар. Былтыркыга караганда инвестициялык долбоорлор боюнча да, ички жолдор боюнча да иш көлөмү чоң. Райондун борборлоруна 120 чакырымдай, айыл, облустар аралык 135 чакырымдай жолдорду салабыз. 100 чакырымдан ашык жолдорду инвестициялык долбоорлордун негизинде салабыз. Жалпысынан 400 чакырымдай жол салынат.

“Азаттык”: Вице-премьер-министр Олег Панкратов Кыргызстан 1992-жылдан бери 9 миллиарддан ашуун доллар кредит алганын айтты жакында эле. Бул акчалардын ичинен 27 пайызы транспорт - жолго коротулган экен. Азыр да көп жолдор Кытай мамлекетинин жана башка эл аралык уюмдардын акчасына салынып жатат. Мамлекеттин көз карашы менен алганда насыя алып жол салуу өзүн канчалык актайт?

Ж. Калилов: Жолду баскан арбытат. Өкмөттүн жолго көңүл бөлүп жатканы Кыргызстан үчүн чоң пайда. Мисалы, 90-жылдары Бишкек-Ош жолунда бир да боз үй жок эле. Жол салынганы бул аймактын элинин турмушу дароо оңолду. Ошондуктан, жолго акча салгандан мамлекет коркпош керек. Алып келген пайдасы кыйыр, бирок өтө маанилүү.

“Азаттык”: Акыркы кездери жолго, тендерге байланыштуу эки министр кызматтан кетип, ансыз деле көп суроолорду жараткан министрликтин баркына доо кетти. Коррупциялык көрүнүштөргө сизди жол бербейт деп ишенсек болобу?

Ж. Калилов: Албетте. Мен ишке киргенде президент да, премьер да коррупциялык схемага, тендерлерди таза айкын өткөрүүгө, иштин сапатына байланышкан шарттарды койду. Бул тармакта көп жыл иштегендиктен, бардыгын билип-түшүнүп турам.

“Азаттык”: Коррупциялык схема - көйгөй . Сиз келгениңизге жүз күндөй болуптур. Алгачкы жыйынтык чыгарчу учур деле келди го. Тармакта коррупциялык схема бар экенин сезип атасызбы?

Ж. Калилов: Коррупциялык схема болсо деле жабык да. Болсо дагы аны болтурбоо системаларына таянып иш алып барабыз. Шек жараткандар менен контрактты токтотобуз. Таза адамдардын иштешине, тендердин айкын өтүшүнө, каржыны туура пайдаланууга шарт түзөбүз. Кадам артынан кадам жасоо аркылуу коррупциялык схеманы демонтаж жасайбыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG