Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:03

"Темир жолдо" жоголгон миллиондор


Эсептөө палатасы “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасында ири каржылык мыйзам бузуу болгонун аныктап чыкты.

Мисалы, бюджетте каралбаса деле ишкана 33 миллиондой сомду демөөрчүлүк жардамга короткон. “Локомотив” спорттук ден соолукту чыңдоочу борборунун чыгашасы 24 миллион сомдон ашкан.

“Кыргыз темир жолдун” учурдагы абалы өткөн айда Жогорку Кеңеште да талкууланган эле. Анда миллиондогон каражат казынага түшпөй калганы, коррупциялык айла-амалдар тууралуу айтылган, жетекчиликтин иши сынга кабылган. “Кыргыз темир жолу” каржылык мыйзам бузуулар боюнча өз жүйөсүн келтирип жатат.

Чыгашалуу демөөрчүлүк

Эсептөө палатасы “Кыргыз темир жолунун” 2015-жылдагы ишмердигине аудит жүргүздү. Анда эмгек акы фондунун өлчөмү жасалма көбөйтүлгөнү, айлык акы төлөөдө, жерлерди ижарага берүүдө, ижарачылар менен келишим түзүүдө мыйзам бузуулар катталганы аныкталган.

Эсептөө палатасынын инспектору Сарынжы Эмилбаевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, андан сырткары демөөрчүлүк жардамга эпсиз акча коротулган. "Локомотив" спорттук-ден соолукту чыңдоочу комплекси миллиондогон сом чыгым алып келген:

- 2015-жылы мамлекеттик ишкана демөөрчүлүк жардам көрсөтүүгө 33,2 миллион сом жумшаган. Бирок бул каражат чыгымдар сметасында көрсөтүлбөй калган. “Локомотив" спорттук-ден соолукту чыңдоо комплексин пайдаланууда компаниянын чыгымы 24,3 миллион сомду түзгөн.

Темир жол курулушунун тагдыры арсар

Темир жол курулушунун тагдыры арсар

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөр жанданды.

“Кыргыз темир жолу” соңку аудит боюнча “Азаттыкка” түшүндүрмө берди. Ишкананын Каржы башкармалыгынын башчысы Бакыт Кулматов “Локомотив” киреше алып келбей турганын бышыктады. Демөөрчүлүк жардам өздөрүнүн кызматкерлерине, ардагерлерине көрсөтүлгөнүн билдирди.

- “Локомотив” стадиону – бул социалдык объект, киреше алып келбейт. Ал биздин кызматкерлерибиздин, алардын үй-бүлөлөрүнүн саламаттыгын чыңдоо үчүн керек. Биздин профсоюз комитетибиз бар. Комитет менен биздин ишкананын администрациясы эмгек келишимин түзгөн. Ошол келишим боюнча биздин ишкана өзүбүзгө караштуу оорукана, лицей өңдүү жайларга демөөрчүлүк жардам кылат. Биздин кызматкерлерге, ардагерлерибизге отун-суудан жардам беребиз. Бир жылда бир бекер ташыйбыз. Албетте демөөрчүлүк жардамдын акчасы чоң, бирок ал биздин милдетибиз болуп саналат.

Кызыкчылыктар кесилишкен жолдор

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын азыркы абалы тууралуу өткөн айда Жогорку Кеңеште да сөз болгон. Депутаттар кирешенин бир гана пайызы мамлекеттик казынага түшөрүн, калганы өздөрүнө гана жумшалып жатканын, бирок натыйжа жоктугун, коррупциялык айла-амалдар тыйылбай жатканын сынга алышкан.

Парламенттик комитеттин жыйынында көз карандысыз эксперт Азамат Такырбашев унификацияланган тарифти жасалма жогорулатуунун айынан 115 миллиондой доллар түшпөй калганын жарыялаган жана кимдир бирөөлөрдүн жеке кызыкчылыгы бардыгын кыйыткан:

- Негизи 115 миллион доллар деп биз орточо баа менен санаганбыз. Болбосо 200 миллион доллардан ашат. Ошондуктан бизде сырттан темир жол менен ташылып келген товарлардын баасы өсүп, пайда түшпөй жатат. Эгер күйүүчү май кымбат болсо калгандарынын баары эле кымбат болот. Мен, мисалы, Польшадан самын ташып келген ишкер менен сүйлөшүп калдым. Ал "силер 10-январдан тарта унификацияланган тарифтерди ылдыйлаткандан бери мурун бир вагон жүктү Бишкекке чейин алып келгенге 8300 доллар төлөп келсе, азыр 3200 доллар гана төлөп калышты" деди. Мына, айырмасын көрүп жатасыңар. Анан булар цемент, көмүр, кызылча тарткан ишкерлер суранганынан ички тарифти көтөргөн жокпуз деп жатышат. Мунун баары калп. Эми текшерүү органдар булардын Казакстандын темир жолу менен байланышы барбы же жокпу иликтеп чыгышы керек. Бирок азыртадан эле кулактары чыгып калды. Бул жерде казак темир жолунун кызыкчылыгы бар. Алар эки жылдын ичинде болжол менен 200 миллион доллардын тегерегинде пайда тапты. Биз болсо жоготтук. Мындайга жол берген документтерге “Кыргыз темир жолунун” жетекчилери кол коюшкан.

“Кыргыз темир жолунун” мурдагы жетекчиси, мурдагы транспорт министри Аргынбек Малабаев темир жол боюнча айтылган дооматтардын басымдуу бөлүгүн негизсиз деп эсептейт:

- Азыр эми биздин темир жол Казакстандан 50, Орусиядан 60 эсе артта калып калды деген сөздөрдү айтып жатпайбы. Бул каяктан алынган статистика экен? Мисалы, Кыргызстандын темир жолунун болгон узундугу 420 чакырым, туңгуюкта да турабыз, эч кандай транзитибиз жок. Ошол эле Казакстандыкы 30 миң чакырымдан ашат, Орусияныкы 140 миң чакырым темир жолу бар. Эми ушундай транзиттик мамлекеттер менен биз кантип атаандаша алабыз? Мисалы, биз Тажикстан менен атаандашсак болот, алар да туңгуюкта турат. Бирок алардын деле Хожент жакта 100 чакырымдай Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда транзит жолу бар. Өткөндө темир жолду жаап салыш керек деп айткандар да болду. Жолду кандайча жаап салыш керек? Биз жылына 7,5 миң тонна жүк ташып жатабыз. Андан да көп жүк ташыганга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Жаңы алты локомотив алдык. Кыргыз-орус фондунан 5 пайыз менен насыя алып вагондорду алабыз деп жатышат. Баягы вагондорубуз жок кезинде Орусиядан 60 вагон, жети локомотив алганбыз. Азыр ошонун баарын кайра бердик. Анткени соңку беш жылда өзүбүздүкүнүн баарын оңдоп, ордуна коюп алдык.

“Кыргыз темир жолу” боюнча ушул тушта Транспорт жана жолдор министрлигинин комиссиясы иштеп жатат. Министр Жамшитбек Калилов “Азаттыктагы” маегинде каржылык гана мыйзам бузуулар териштирилбестен, бардык кемчиликтер аныкталары, ошого жараша план-программа даярдаларын билдирди. Айрым бир жооптуу кызматкерлерге чара да көрүлүшү мүмкүндүгүн кыйытты:

- Бул жерде баарын комплекстүү кароо керек. “Кыргыз темир жолуна” соңку жылдары көп көңүл бурулбай калган. Кадр саясатында проблемалар бар. Эгерде талап коюлбаса, жоопкерчилик каралбаса темир жол эмес, башка ишкана деле бузулат. Биз эми чарбачыл субъектпиз. Биз кызмат көрсөтөбүз. Ал жерде сөзсүз кемчиликтер болбой койбойт. Бирок жетишкендиктер деле бар. “Кыргыз темир жолунда” бардыгы эле жаман деп айткандан алысмын. Бирок кемчиликтер бар, биз аны жойгонго аракет кылабыз.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын соңку жылдары кирешеси азайып жатат. Мисалы, өткөн жылы 500 миллион сомго жакын каражат түшкөн. Мурдагы жылы болсо 700 миллионго жакын болчу, ал эми 2014-жылы 1 миллиард 200 миллион сомдон ашкан эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG