Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:04

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөр жанданды.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун куруу боюнча долбоорун “Ата Мекен” фракциясы талкуулады. Анда транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов бул долбоордун абалы тууралуу маалымат берди.

Министрдин айтымында, акыркы учурда аталган жолдун курулушун баштоо боюнча аракеттер көрүлүүдө. Буга темир жолду куруу боюнча Кытай, Өзбекстан сыяктуу өнөктөштөрдүн кепке келгени өбөлгө болгон:

- Бардык варианттарды кайрадан карап чыгуу боюнча маселе коюлду. Учурда биздин эксперттер иштеп жатышат. Ушул маалга чейин Өзбекстан болуп калса макулбуз дегендей мааниде эле пикирин билдирип, расмий кайрылган эмес. Былтыр декабрь айында Өзбекстандан эксперттер келип, Кытай жана биздин эксперттер менен чогуу иштешти. Мындай жол менен Өзбекстан темир жолду куруу боюнча өз позициясын ачык айтты.

Калилов кошумчалагандай, темир жолдун курулушу боюнча техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалган.

Ага ылайык, Кытайдан кирген жол Нарын, Жалал-Абад облустарынын аймагы аркылуу Өзбекстанга кетчү жолго кошулат. Анын жалпы узундугу 433 чакырым болот деп эсептелген. Долбоорго 5 миллиард доллар керектелип, сегиз жыл аралыгында курулушту бүткөрүү каралган.

Темир жол курулуп бүтсө Кыргызстандын аймагы аркылуу жылына орто эсеп менен 12 миллион тоннага чейин жүк ташып өтөрү болжолдонгон.

Жамшитбек Калилов бул жол курулса, аймактагы башка жолдорго караганда кыска болорун айтууда:

- Эгерде биз ушул жолду куруп алсак, Казакстан Хоргос менен курулган жолго караганда 400 чакырымга кыска болот. 400 чакырым деген темир жол үчүн чоң аралык.

Министр аталган жол салынат деген ишенимин билдирди.

Бирок “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары аталган темир жолду куруу боюнча өкмөт кечигип калганын билдиришти. Маселен, депутат Каныбек Иманалиевдин айтымында, жолду куруу боюнча принципиалдуу маселелер боюнча мунаса табыла элек:

- Темир жолду куруу боюнча сүйлөшүү нөлгө түшүп калды. Биринчиден, темир жолдун маршруту аныктала элек. Экинчиден, темир жолдун эни кандай болору белгисиз. Үчүнчүдөн, долбоорду каржылоо булактары чечиле элек. Ушул маселелерди чечпей туруп, жол курулуп жатат деп кантип айтабыз? Жөн гана өзүбүзгө жаккан долбоорду алып эле мактанып жатабыз. Себеби, Кытай өкмөтү маршрутка, темир жол энине макул болгон жок. Каржылоо да белгисиз. Сүйлөшүүлөр 1998-жылдын деңгээлинде калып калган. Мен ошол сүйлөшүүлөргө катышкан элем. Андан бери бир кадам да алдыга жылган жок. Бул долбоор кагаз түрүндө эле калат окшойт.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Кыргызстан убакыттан уттуруп жатат деген жүйөгө макул болду. Бирок темир жолдун энин аныктоо боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын кошумчалады.

Негизи бул жолду куруу демилгеси 2000-жылдардын башында эле көтөрүлгөн. Бирок иш жүзүндө долбоор ишке ашырылган эмес.

Президенттин Кытай сапары

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кытайга болгон сапары эки өлкө ортосундагы дипломатиялык алака түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына туура келди.

Президент Алмазбек Атамбаев 2011-жылы бийликке келгенден кийин Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна каршы чыгып, анда көрө Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан-Орусия темир жолун курабыз деп демилге көтөргөн. Бирок бул демилгеге эч кайсы тараптан колдоо болгон эмес.

Буга байланыштуу акыркы жылдары Алмазбек Атамбаев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча кайрадан көбүрөөк сөз кылып келет.

Бул маселе былтыр декабрь айында Ирандын президенти Хасан Роухани Бишкекке сапар менен келген учурда президент Атамбаев Ташкенге жана Бээжинге жасаган сапары учурунда аталган долбоор негизги маселелерден болорун билдирген эле:

- Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Иран темир жолун курууга биргелешкен кызыгуу билдирилди. Буга кошумча иретинде айта алам, жакында боло турган менин Өзбекстан жана Кытай Эл Республикасына сапарымда бул негизги темалардан болот.

Мындан соң президент Өзбекстан жана Кытайга барып келди. Бирок темир жол долбооруна байланыштуу кандай жыйынтык болгону конкреттүү түрдө айтыла элек.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев темир жол долбоорунун кечеңдешине бийликтин күнөөсү бар экенин айтууда:

- Өзбекстан ар дайым эле бул жолдун курулушуна кызыкдар болуп келген. Биз Өзбекстан менен курбайбыз деп, 2012-жылы өзүбүз бекиткен мыйзам, келишимдерге каршы чыгып Эркештам менен Тажикстанга өтөбүз деп Атамбаев жарыялап чыккан. Айланып келип реалдуу жалгыз долбоор ошол экенине көзүбүз жетип отурат. Эми туруктуу өнүгүү стратегиясы, башка документтердеги графиктерден беш жылга артта калып жатабыз.

Өкмөт болсо кечүү болсо да долбоорду ишке ашат деген үмүтүн билдирип келет.

Ал арада Кытай кошумча бир нече долбоорлорду карап жатканы айтылып келет. Маселен, жакындан тарта “Жибек жолу” долбоорунун алкагында темир жолдору менен Европа жана Жакынкы Чыгышка товарларын жеткирүүнү ишке ашыра баштады. Мына ошол долбоордун алкагында Кытай темир жол аркылуу Европага биринчи жолу товар жөнөткөнү кабарланды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG