Линктер

дүйшөмбү, 29-май, 2017 Бишкек убактысы 10:13

Бир нече саясий күчтөр күз мезгилине белгиленген шайлоого тынчсызданууларын билдирүүдө.

Быйылкы шайлоонун мамлекет үчүн мааниси канчалык? Аны демократиялык принциптер менен өткөрүүдө бийликтин, саясий күчтөрдүн жана мамлекеттик органдардын жоопкерчилиги кандай болушу керек?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев жана “Таза Кыргызстан” партиясынын лидери Марат Иманкулов катышты.

“Азаттык”: Осмон мырза, быйыл күздө өтчү президенттик шайлоо буга чейинкилерден эмнеси менен айырмаланат? Жалпы элибиз көңүл бура турган кайсы маселелерди белгилейт элеңиз?

Осмон Артыкбаев: Биз 2005-2007-жылдары жана 2011-жылы өткөн шайлоолорду жакшы билебиз. Мурдагы бийликтин учурунда президентти ордунда калтырыш үчүн Конституцияны, мыйзамдарды өзгөртүшүп, аларга ыңгайлуу шарттарды түзүп келишкени эсибизде. Быйылкы президенттик шайлоонун уникалдуулугу ушул – азыркы президент конституциялык мөөнөтүнүн аягына чейин толук иштеп, кызматтан кетет, шайлоого катышпайт. Башкаларга атаандашууга шарт түзүлүп жатат.

Саясатчылар президенттик шайлоону талкуулашты

Бишкекте 17-апрелде "Мамлекет, саясат жана жоопкерчилик" деп аталган талкуу өттү. Анда ушул күздө өтчү президенттик шайлоого байланыштуу бир катар маселелер талкууланды.

“Азаттык”: Марат мырза, кечээ Бишкекте өткөн тегерек үстөлдө айрым саясатчылар боло турган шайлоодо бийликтин үстөмдүгү, административдик ресурстар же акча таасирин тийгизерин айтышты. Шайлоонун чыныгы демократиялык нукта өтөрүнө ишенбестикке эмне себеп болуп жатат деп ойлойсуз?

Марат Иманкулов: Буга көп себептер бар, алар бүгүн эле чыга калган жок. Азыркылар мурдагылардын жолун кайталап, алардын технологияларын пайдаланып жатканын көрүп келатабыз.

2015-жылдагы шайлоо таза эмес, акчанын шайлоосу болду го. Дагы бир себеби, элдин ишеничи кетип калды. 2010-жылдагы парламенттик шайлоо салыштырмалуу таза, принципиалдуу болгон, ошол боюнча кете бериши керек болчу.

Кайдагы таза шайлоо? 2011-жылдагы президенттик шайлоодо күмөн санаган урналарды ачтырбай коюшкан, жөн эле жаап салышты. Азыркылар да “таза шайлоо болот” деп жатышпайбы. Сөзгө ишенүүгө болбойт, иши менен далилдешсин. Ал кандай иштер? Биринчи шарт - Шайлоо кодексине керектүү өзгөртүүлөрдү киргизиш керек болчу. Эми убакыт өтүп кетти деп шылтоолоп аны жасашпайт. Экинчиси - БШКдагы борборлоштурулган сервер тууралуу саясатчыларда, эл арасында күмөндүү ойлор көп. Ошол борборду коомдук көзөмөлгө алмайынча шайлоонун жыйынтыктарына эч ким ишенбейт.

Шайлоо болгон күнү ар бир бюллетенди кой санагандай эле санап өткөрүп алдык. Азыркы электрондук система баарын так көрсөтүп берди.

“Азаттык”: Осмон мырза, учурда кээ бир саясатчыларга кылмыш иши козголуп, айрымдарынын камакка алынышы аларды шайлоого катыштырбоо, бийликтин талапкерине жол тазалоо катары баалап жаткандар бар, сиздин оюңуз кандай?

Осмон Артыкбаев: Президентибиздин максаты – ким кандай кызматты ээлебесин, байлыгына карабай күнөө кылса жазасын алсын деп жатат. Алмаз Шаршенович президент болгондон бери ушул багытта чечкиндүү иштер жүрүп келатат. Кандай гана жогорку кызматтагы адамдар жоопко тартылып жатат. Ошол жол уланып келатат, аларды мен шайлоого байланыштырбайт элем. Президенттикке чыгам деген башка талапкерлерди деле билебиз. Мен аларга бийлик тарабынан кандайдыр бир тоскоолдуктар болуп жатканын байкаган жокмун.

“Азаттык”: Марат мырза, “таза шайлоо өткөрөлү” деген маселени 25 жылдан бери эле чече албай келебиз. Шайлоолордун бурмаланышы революциялардын катализатору болуп келди. Канткенде биз таза шайлоо өткөрө алабыз?

Марат Иманкулов: Эл 25 жылдан бери алдана берип тажап бүттү, бир дагы шайлоону таза өткөргөн жокпуз. Шайлоону таза өткөрүү милдети бийликке жүктөлүш керек. Анткени мамлекеттеги материалдык жана адамдык ресурстардын баары бийликтин колунда. Канчалаган мамлекеттик кызматкерлер бийликтин карамагында. Аларды, студенттерди, мугалимдерди ж.б. пайдаланып, 2016-жылдагы референдумдай кылып, өз кишибизди өткөрүп алабыз дешсе анда шайлоо чоң жаңжал менен бүтөт. Менин байкашымча азыркы тенденция ошол жолго баратат.

БШКдагы борборлоштурулган сервер тууралуу саясатчыларда, эл арасында күмөндүү ойлор көп. Ошол борборду коомдук көзөмөлгө алмайынча шайлоонун жыйынтыктарына эч ким ишенбейт.

“Азаттык”: Осмон мырза, президенттик шайлоо өткөрүү – чоң саясий окуя. Бул саясий өнөктүктү өткөрүү үчүн бийлик кандай жоопкерчилик алышы керек? Ал эми шайлоого катышып жаткан талапкерлер, аларды колдогон саясий күчтөрдүн жоопкерчилиги кандай болушу керек?

Осмон Артыкбаев: Шайлоону өткөрүү жоопкерчилиги бардык тараптардан суралыш керек. Шайлоо мыйзамынын талаптары президент, бийлик бутактары, шайлоого катышып жаткан талапкерлер, эл тарабынан да сакталыш керек. Мамлекеттин тагдыры чечилип жаткан убакта баарыбыз жоопкерчиликтүү болушубуз зарыл.

Таза шайлоо деп жатабыз. Мына мен өткөн парламенттик шайлоого катышып, эл арасында көп жүрдүм. Шайлоо болгон күнү ар бир бюллетенди кой санагандай эле санап өткөрүп алдык. Азыркы электрондук система баарын так көрсөтүп берди. Ар бир шайлоочунун тизмеси так болгону менде турат. Шайлоону таза өткөрүү боюнча чоң иш болду.

“Азаттык”: Саясатчылар арасында маселе шайлоо участкаларында эмес, Борбордук шайлоо комиссиясындагы серверге көзөмөлдүн жоктугу шек туудуруп жаткандай...

Осмон Артыкбаев: Бул жерде тоскооолдук кыла турган маселе жок. Борбордук шайлоо комиссиянын мүчөлөрүнүн арасында көп партиялардын өкүлдөрү отурушат, позициясы да, оппозициясы да жүрөт. Ошолордун баарында сервердеги жагдайды техникалык жактан көзөмөлдөгөнгө толук укугу бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG