Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:31

Саясатчылар президенттик шайлоону талкуулашты


Бишкекте 17-апрелде "Мамлекет, саясат жана жоопкерчилик" деп аталган талкуу өттү. Анда ушул күздө өтчү президенттик шайлоого байланыштуу бир катар маселелер талкууланды.

Баш калаада өткөн иш-чарага саясий партиялардын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, саясат талдоочулар жана жарандык коомдун активисттери катышты.

Жыйында күздөгү президенттик шайлоону демократиялык жол менен ачык-айкын өткөрүүгө таасир эте турган бир катар себептер айтылды.
"Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин пикиринде, коомчулук буга чейинки шайлоолордон сабак алышы керек. Ал шайлоодо негизги ойлондурган маселе деп бийлик менен акчаны атады:

- Шайлоодогу эң кооптондурган нерселер - бийлик жана акча. Бийлик өз бийлигин колдонуп, акчалуулар акчасын чачып, эл каалаган адамды бийликке келтирбей коюшу мүмкүн. Мындай көрүнүштүн кесепетин көрүп деле жатабыз. Биз 2011-жылкы шайлоого катышканбыз. Ошондо мыйзам бузуулар болгон. Каалаган адам бийликке келген. Ошонун кесепети алты жылдан кийин чыгып жатат. Ушул күздө боло турган шайлоодо акчалууларды, элди акчага сатып алам дегендерди, шайлоону акча менен өткөрүп алам дегендерди жакындатпашыбыз керек. Биз муну элге көп айтып жеткиришибиз керек. Биз ушуга көнүп, макул болуп калбашыбыз керек.

Сариев: Идеялардын биригүүсү болот
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:47 0:00

Бул талкуу "Ак шумкар" партиясынын лидери, мурунку өкмөт башчы Темир Сариевдин демилгеси менен уюштурулганы маалым болду. Сариев таза шайлоо өткөрүүгө мамлекет эле эмес, бардык саясий күчтөр кызыкдар болушу керектигине токтолду. Шайлоочулардан баштап саясатчыларга чейин жоопкерчиликти унутпашы керектигин айтты:

- Шайлоону ачык-айкын өткөрүү мамлекеттеги бийликтин, БШКнын милдети. Бирок аларга ишенип коюп эле колду жууп отурган болбойт. Коомчулук, айрыкча саясий партиялар, келечектеги саясий атаандаштар өз салымын кошушу керек. Саясатчылар, президент болом деген талапкерлердин ушундай форматта сүйлөшкөнү абдан жакшы. Мындан ары мамлекеттин багыты кандай болот, шайлоого аттанган талапкер кайсы жол менен алып кетет деп элге так жана ачык жетиши керек. Азыр бирди айтып, эртең бирди жасаганың болбойт. Шайлоо программалардын, кайсы бир багыттын талашы болушу керек. Шайлоодо добуш берем деп келген ар бир жарандан тартып жогорку бийликтегилерге чейин жоопкерчилик болушу керек. Таза, ачык шайлоо өткөргөнгө баарыбыз кызыкдар болушубуз керек. Азыр баары эле саясий оюндар дешет, бирок саясатты саясатчылар менен кошо эл да жасап жатат. Бизге азыр ушундай аянт керек, анда айтылган конструктивдүү сунуштар эске алынышы керек. Бул жерде эки адамдын биригүүсү эмес, идеялардын биригүүсү тууралуу сөз болуп жатат. Муну ишке ашыруу реалдуу.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров "Аалам", "Ар-намыс" партиялары таза шайлоону камсыз кылуу боюнча мыйзам долбоор даярдаганын, анын "Ата-Журт" партиясы колдоп жатканын билдирди. Документ элдик демилге катары жакында талкууга коюларын айтты.

- Буга чейинки шайлоолорду эске алуу менен азыркы Шайлоо кодексине өзгөртүүлөр киргизилиши керек. Биринчиси - үгүт-насаат иштери жөнүндө. Биз бир да телекомпанияда шайлоо үгүтү болбосун, эгер болсо баарына бирдей шарт түзүлсүн деп жатабыз. Айрыкча мамлекеттин казынасынан каржыланган телеканалдар тууралуу сөз болуп жатат. Андан сырткары 20 тема тандалып алынып, ал боюнча дебат, телетаймаш болуп, ага шайлоого бараткан талапкерлер сөзсүз катышсын деген талап болот. Азыр адамдар талапкерлердин жан дүйнөсүн билбей эле добуш берип жатпайбы. Азыр эми дебатка айрым талапкерлер өкүлдөрүн деле жөнөтүп коюп жатпайбы. Шайлоочу көчөгө чыкпай, үйүндө отуруп алып эле талапкер тууралуу, анын көз карашы боюнча маалымат алгыдай болушу керек. Андан сырткары көрнөк-жарнактарды көчөгө илүүгө тыюу салууну сунуштап жатабыз. Мунун баары шайлоого аттанган талапкерлерге бирдей шарт түзүп берүү болуп саналат.

Мадумаров: Шайлоону өткөрүү боюнча долбоор сунуштайбыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:38 0:00

Коомдук ишмер, мурунку депутат Алишер Мамасалиев президенттикке жаңы адамдын тандоого тарыхый учур келди деп билдирди. Көз карандысыз талапкерлердин алдында оор шарттар турганын айтты:

- Көз карандысыз талапкердин алдындагы биринчи милдет - кеминде август айына чейин "аман-соо" калуу. Анткени камоолор дале бүтө элек. Бизди дагы камоолор, дагы саясий жаңжалдар күтүп турат. Эгер эртең кайсы бир кытайлык ишкер маселен Темир Сариевге акча бергем деп чыкса таң калбайм деле. Экинчи кадам - бирдиктүү талапкер тандоо. Анын алдындагы башкы милдет - ошол бирдиктүү талапкер тандоо үчүн башка талапкер чогула алган, баарына бирдей мүмкүнчүлүк берилген аянтча түзүү болуп саналат. Бул стратегиялык жана тактикалык жактан туура кадам деп эсептейм.

Деген менен мындай кооптонуулар негизсиз дегендер да жок эмес. Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев таза, ачык-айкын шайлоо өткөрүүгө мыйзам толук жетиштүү деп эсептейт. Анын пикиринде, азыр бийликти шайлоо жолу менен алмаштырууга бардык аракеттер жасалып жатат:

- Бизде Конституция, шайлоо тууралуу мыйзам бар. Ошолордун баарында демократиялуу, ачык шайлоого өткөрүүгө шарт түзүлгөн. Экинчиден, Атамбаев азыр Конституцияны өзгөртүп, бийликте дагы калып калайын, мөөнөтүмдү узартайын дебей, тескерисинче ачык шайлоо болот, баарыңар катышкыла, эл кимиңерди колдосо ошонуңар президент болот, ошол милдетти мойнуна алат деп элге тынбай айтып жатат жана ошонун негизинде иш жүргүзүп жатат. Мен мындан башка саясий кыймыл көргөн жокмун. Азыр айрымдар күмөн санап, кээ бири ишенип ишенбей, кээде саясат үчүн ойлорун айта бериши мүмкүн. Азыр эми ошондой деңгээлдеги талкуулар болуп жатса керек. Бул эми кадимки эле процесс. Мен эмки президент ачык-айкын, мыйзамдуу жол менен тандалып алынарына ишенем.

Президенттик шайлоонун оош-кыйышы тууралуу талкууда күздөгү шайлоо Кыргызстандагы жаңы саясий маданияттын үлгүсү болушу керектигин белгиленди. Саясий биригүү тууралуу сөздөр байма-бай айтылды.

Жыйында айтылган сунуш-пикирлердин баарын эске алуу менен билдирүү кабыл алуу максатында беш адамдан турган редакциялык топ түзүлдү жана бул билдирүү жакынкы күндөрү жарыяланмакчы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG