Линктер

шейшемби, 30-май, 2017 Бишкек убактысы 16:59

Кечээ бийликтеги Социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши беш-алты талапкердин ичинен президенттикке өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду көрсөтө турганын жарыя кылды.

Жээнбековду тандоодогу негизги критерий эмне болду, алдыдагы шайлоо кайсы саясий күчтөр жана лидерлер ортосунда болушу мүмкүн, чыныгы атаандаштыкка шарт түзүлөбү, шайлоонун таза өтүшүнө кепилдик барбы, ж.б.у.с. маселелер тууралуу “Арай көз чарай” берүүбүздө кеп кылабыз.

Талкууга Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков, “Кабар” маалымат агенттигинин башкы директору Кубан Абдымен жана Оштон саясий серепчи Абдыжапар Аккулов катышты.

“Азаттык”: Кубан мырза, азыркы бийлик партиясынан Сооронбай Жээнбековдун президенттик орунга талапкер болуп көрсөтүлүшү күтүлүп жаткан нерсе болсо да, социал-демократтардын ага токтолушунун негизги себебин сиздер эмнеден көрөсүздөр?

Эгемендүүлүк жылдардан бери Кыргызстандын бийлик башына түндүк-түштүк фактору аркылуу тандоо бул жолу да таасирин тийгизди окшойт.

Кубан Абдымен: Бул тандоонун артында көптөгөн ойлор чыгышы мүмкүн. Менимче, негизги үч себеби бар. Биринчиден, Сооронбай Жээнбеков акыркы 15 жылдан бери Кыргызстанга таанылган, төбөсү көрүнгөн саясатчылардын бири. Бир топ мамлекеттик кызматтарда иштеди: губернатор, министр, депутат болгон. Акыркы жылы премьер-министр катары ийгиликтүү иштеди. Бул негизги себеп. Экинчиси - КСДП президенттин сөзүнөн чыкпайт, Жээнбеков анын ишенимдүү адамы, анын колдоосуна ээ болгондон кийин, партиянын саясий кеңешинин да колдоосуна ээ болору шексиз. Үчүнчүдөн, эгемендүүлүк жылдардан бери Кыргызстандын бийлик башына түндүк-түштүк фактору аркылуу тандоо бул жолу да таасирин тийгизди окшойт. Жалпылап айтканда, КСДП талапкерлеринин ичинен талдап көргөндө көп жагынан туура келген Жээнбеков болду го деп ойлойм.

Равшан Жээнбеков: Азыркы бийлик “колубузда бийлик, каражат, адамдык ресурс бар” деп ойлойт. Ушуларды пайдаланып, кимди болбосун өткөрүп алабыз деген максатта өкмөт башчыны түртүп жатышат. Эң негизгиси бийлик аймактык фактор менен дагы ойноп, өз талапкерин өткөрүп алуу камылгасын баштады. Экинчиден, Жээнбеков президент Атамбаев үчүн ишенимдүү адам, эртеңки коопсуздугуна да кепилдик берет. Ал азыркы президент менен көп жыл бирге жүргөндүгүнө байланыштуу анын эртеңки финансылык, материалдык, үй-бүлөлүк, жеке коопсуздугуна кепилдик бере ала турган адам катары эсептелет. Дагы бир маселе, бул жерде жеке эле Атамбаевдин колдоосуна ээ болуу жетишсиз. Жакынкы убакта Орусиянын жетекчилигинин колдоосун алууга туура келет. Эгер аны жасай албаса анда күрөш бир топ оор болот.

“Азаттык”: Кыргыз саясатындагы бул убакка чейинки реалдуулукту алсак тандем түзүү салты кирип калбадыбы, эгер бул жолу да кайталанса Жээнбеков ким менен, кайсы саясий күчтөр менен тандем түзүшү мүмкүн?

КСДПдагы бир топ татыктуу талапкерлердин арасынан Жээнбековдун тандалышы көпчүлүк үчүн күтүүсүз болду.

Абдыжапар Аккулов: Конституцияда бирде түндүк, кийинкисинде түштүк башкарат деген жобо жок. Бирок бийлик башындагылар ушуга өздөрү ынандырып, баштап жатканы өкүнүчтүү, ага туура эмес баа бергендер өтө көп. КСДПдагы бир топ татыктуу талапкерлердин арасынан Жээнбековдун тандалышы көпчүлүк үчүн күтүүсүз болду.

“Азаттык”: Жээнбековдун талапкер болуп көрсөтүлүшү саясий айдыңдагы конфигурацияны өзгөртүшү мүмкүнбү?

Кубан Абдымен: Кайсы гана саясий күч болбосун түзүлгөн кырдаалга жараша аракеттерин өзгөртүшү мүмкүн. Талапкерлерди сунуш кылуу өзүнчө чоң маселе, ал эми аларды Борбордук шайлоо комиссиясы каттагандан кийин ар ким өзүнүн дараметине, даярдыгына, каражатына, парламенттик жана жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоо тажрыйбасын эске алганда мамилеси өзгөрүшү ыктымал.

“Азаттык”: Равшан мырза, сиз шайлоого катышам деген бүгүнкү оппозициялык күчтөрдүн, саясий лидерлердин салмагын кандай таразалайт элеңиз, жеңишке жетүү үчүн алар бириге алабы?

Бийликтин өз талапкерин жарыялап, аракеттерин күчөтүп жатканы оппозициянын биригүүсүн тездетет десем болот.

Равшан Жээнбеков: Азыркы күндө оппозициялык саясатчылар жана бийликке кирбеген адамдар биригүүнүн үстүндө иштеп жатабыз, азырынча ал процесс бүтө элек. Ошондуктан жакынкы күндөрдө оппозиция биригет деп айта албайм. Бирок бийликтин өз талапкерин жарыялап, аракеттерин күчөтүп жатканы оппозициянын биригүүсүн тездетет десем болот.

“Азаттык”: Абдыжапар мырза, талапкердин аймактык, жердештик, туугандык жакындыгы үчүн эмес, программасы үчүн добуш берген деңгээлге жетүү үчүн эмне кылуу керек?

Абдыжапар Аккулов: Элди бүгүнкү экономикалык оор абал каражатка, акчага көз каранды кылып жатат. Бөлүп-жарууга саясатчылар өздөрү жакшы шарт түзүүдө. Ошондуктан бул ирет деле материалдык жактан каржалып турганда шайлоочулар талапкердин принциби үчүн добуш берет деп айтуу өтө кыйын. Ага кошумча түндүк-түштүк маселесинин көтөрүлүп жатышы жалпы эл үчүн жагымсыз. Ким кайдан болбосун, кандай позицияны карманбасын бирдей шартты түзүп бергенде гана оңолобуз. Шайлоого катышам дегендердин түрмөдө жатышы, айрымдарынын чет өлкөлөрдө качып жүрүшү бул жолку шайлоонун да таза өтүшүнөн шек туудуруп жатпайбы. Дагы эле бийликтин машинасы иштейт дегенге алып келүүдө...

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG