Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 02:37

Кыргыз коому өзү ишенген талапкерин каражат жагынан колдоого даярбы?

11-июлга карата Борбордук шайлоо комиссиясына президенттикке ат салышуу ниетин билдирип арыз тапшыргандардын саны 22ге жетти. Алардын ичинен бирөө гана 1 млн. сом шайлоо күрөөсүн төктү. Чоң жарышка түшчүлөрдүн айрымдары бул сумманы үйүн күрөөгө коюп тапса, башкалары карызга сурап, дагы башкасы крауфандинг жолу менен шайлоочулардын колдоосу аркылуу чогултууну көздөп жатышат.

Быйыл жаңы кабыл алынган шайлоо мыйзамдарына ылайык, президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн күрөөнүн өлчөмү 100 миң сомдон 1 миллион сомго чейин көтөрүлгөн. Шайлоону каржылай турган булактардын өлчөмдөрү да көбөйгөн. Шайлоо фондуна түшө турган каражаттын чеги алып салынган.

Мына ушундай чөнтөккө күч келтире турган өзгөрүүлөргө карабастан, талапкер болууга белсенгендердин бири экс-акыйкатчы Турсунбек Акун өзү жашап жаткан үйүн күрөөгө коюп жатканын "Азаттыкка" билдирди.

- Үйдү күрөөгө коюп банктан алып жатабыз. Үйдү баалаганда 1 млн. тегереги, бир аз көбүрөөк болот экен. Атайын эсеп ачып, Кыргызстандын элине кайрылайын деп жатабыз. Кыргызстандын эли жардам берсин, мен 30 жылга жакын Кыргызстандын эли деп келе жатам, адам укугу, сөз эркиндиги, демократия... 120 миңден ашуун адамга жардам берген экенмин. Миңдеген адамды түрмөдөн бошотуптурмун. Канчалаган саясий туткундарды - Кулов, Тургуналиев, Бекназаров, Замира Сыдыкованы башымды сайып коюп камалып, сабалып, ачкачылык жарыялап 25 жылдан бери коргоп келиптирмин. Жакында эле Садыр Жапаров менен Текебаев үчүн камалдым. 60ка чукулдаганга чейин ушунтип келиптирмин, эми ошол адамдар жардам берсин.

Бир катар өлкөлөрдө президенттик жарышка чыккан талапкердин чөнтөгүнө көп оорчулук келбейт. Аны сүрөгөн партия, ишкерлер, талапкердин программасын колдогон жеке адамдар фондго каражат төгүшөт.

Жарандык активист Рита Карасартова 1 млн. сомду жолдошу бергенин, бирок шайлоого жумшалчу башка каражаттар үчүн атайын банктан эсеп ачып коомчулукка кайрылууда.

- Билбейм, эл салып жатат. Биринчи аптада 20 300 сом түшүптүр, экинчи аптада дагы түшөт деп ойлойм. Жуманын аягында кимден түшкөнүн билип, Фейсбукка отчутун жазып коюп жатам.

Ал эми мурдагы билим берүү министри Камила Шаршекеева шайлоого жумшалчу каражаттын бир бөлүгүн карызга алганын жашырган жок. Анын командасы калган сумманы крауфандинг, башкача айтканда шайлоочулардын колдоосу аркылуу чогултууну көздөп жатат.

- Чын эле, калп айткан жокмун. Бир сумманы карызга алып жатам.

БШКга арыз жазган үмүткөр Кубан Чороевдин негизги колдоочулары үй-бүлөсү, тууган-урук, достору. Калган сумманы ал деле элге кайрылуу менен топтойм деп турат.

- Шайлоо деген коомдук иш да. Америкада Дональд Трамп деле миллиардер болгону менен шайлоо өнөктүгүн өзүнүн эмес, элдин акчасына өткөргөн. Бизде дагы программасын, талапкерин колдоп, шайлоо фондун түптөп берген маданият калыптанышы керек.

Кыргызстандын шартында талапкерди же анын программасы үчүн шайлоо фондуна каражат которгон тажрыйба көп колдонулбайт. Деги эле кыргыз коому, жөнөкөй жаран өз талапкерин добуш бергенден сырткары каражатын да берип сүрөөгө даярбы? Шаар тургундарына микрофон узаттык:

Тыныбек: Каражатым жетиштүү болсо салмакмын. Өзү ишеничтүү болсо, эл үчүн иштейм деп турса, бирок каражаты жок болсо бермекмин.

Бакыт: Мен бербейм, кийин алардын пайдасы эмне?

Самат: Президенттик шайлоодо миллион коюп, жетпей калса эл чогултуп берет деген туура эмес. Бул бизнес сыяктуу эле. Миллион койсо, кийин ошону чыгарып алыш керек. Ал үчүн мен эч качан кошпойм.

Элмира: Эч кимге деле акча бере албайбыз го. Кыйынчылык учурда алар деле эч кимди карабайт.

Саясий серепчи Эмил Жороев саятчыларга ишеним азайып турган шартта калың эл бул көрүнүшкө даяр эместигин айтат.

- Бул мурда көп болуп көрбөгөн нерсе. Чынында калың эл колдоп, азырак болсо да өзүнө жаккан талапкерге тыйынын берсе, бир чети элдин добуш берүүдөн сырткары шайлоого башка жолдор аркылуу дагы катышуу мүмкүнчүлүгү болот эле. Тилекке каршы бизде талапкерлер элге акча таратыш керек болуп жатпайбы.

Кыргызстанда президенттик жарыш 15-октябрга белгиленген. Ага катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына жалпысынан 22 кишиден арыз түшкөн. Бирөөнүн жашы 35ке жете элек болгондуктан арызы четке кагылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG