Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:37

Социал-демократтар партиясы Ренат Самудинов жаштар канатынын лидери эмес деп билдирди. Самудинов партиянын жаштар канатын жетектеп келатканын айтат.

13-июлда башкаруучу партиянын катчылыгы тараткан билдирүүдө Ренат Самудинов жаштар канатынын “лидери” статусун өзүнө ыйгарып алууга укуктуу эмес деп айтылат. Партияда эки миңден ашуун жаш активисттер бар экени, жаштар канаты сыяктуу бөлүктү түзүү чечими расмий түрдө кабыл алынбаганы маалымдалат.

Самудинов катчылыктын бул билдирүүсүнө жооп даярдап жатканын жана партиянын жаштар канатын жетектеп келатканын "Азаттыкка" билдирди.

11-июлда Социал-демократтар партиясынын жаштар канатынын төрагасы деп таанылган Ренат Самудинов баштаган жаш активисттери 15-июлда боло турган курултайды утурлай талапкерди праймериз, башкача айтканда партиянын ичинде алдын ала добуш берүү же сурамжылоо аркылуу тандоону сунуштап чыгышты. Алар ушундай жол менен күчтүү талапкерди тандоого шарт түзүлөрүн белгилешкен.

- Биз КСДПнын курултайында праймериз системасын колдонууну талап кылабыз. Анда кимиси көп добуш алса ошонусу президенттикке аттансын деп жатабыз. Себеби ушул аркылуу гана партиядан күчтүү талапкерлер чыгат.

Буга чейин аталган партиянын төрагасынын орун басары жана шайлоону уюштуруу комитетинин жетекчиси Фарид Ниязов президенттикке талапкердикке азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбековду праймериз жолу менен тандадык деп айткан болчу:

- Биз быйыл биринчи жолу талапкерди праймериз жолу менен тандадык. Социалдык изилдөөнүн жыйынтыгына, партиялык уюмдардын пикирлерине көңүл бурулду. Анда партиянын белгилүү мүчөлөрүнүн талапкерлиги да көрсөтүлгөн. Ошондо Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги тандалган. Алгач 12, экинчи жолкусунда сегиз адамдын ичинен тандалды. Алардын ысымдарын атаганым туура эмес болуп калат.

Анткен менен КСДПнын президенттикке ат салышуу ниети бар мүчөсү Сагынбек Абдрахманов Борбордук шайлоо комиссиясына арызын тапшырганы кабарланды. Буга чейин партиянын саясий кеңешинин мүчөсү, парламенттик шайлоодо КСДПнын тизмесин жетектеген, ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков шайлоого катышуу ниетин ишара кылган. Партиянын негиздөөчүсү президент Алмазбек Атамбаев болсо мындай көрүнүштөргө мыйзам ар бир жарандын талапкер болушуна жол берет деген таризде баа берген.

Анткен менен мындай көрүнүштөр коомчулукта партиялык чечимдер лидерден гана көз каранды болуп, дымактуу саясатчыларга берилбей, ал өз кезегинде бөлүнүп-жарылууларга алып келип жатат деген жоромолдорго жем таштады.

Ушундай жагдайда праймериз ыкмасын киргизүү ишарасы шайлоого түз жана кыйыр тиешеси бар бүгүнкү саясий элитада ар кыл пикирлерди жаратып жатат. Маселен, "Республика" партиясынын өкүлү Курманбек Молдокулов Кыргызстанда саясий партиялар үчүн праймериз ыкмасынын келечеги бар экенине ишенет:

- Келечекте биз айыл, район, облустук деңгээлде ушул системаны колдонобуз деп ойлойм. Ошондо партиялар дагы күчтүү болуп калыптанат, жаңы лидерлер чыга баштайт. Биздин "Республика" партиясынан деле 3-4 татыктуу адам бар, бирок бүгүнкү күндө сурамжылоолордун, элдин колдоосунун негизинде лидерди алып чыктык.

Ал эми парламенттеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын мүчөсү, депутат Исхак Масалиев алдын ала шайлоо өткөрүү партиянын ички иши деп эсептейт. Саясатчы Кыргызстанда праймериз ыкмасы партиянын ичинде бөлүнүп-жарылууга алып келет деген ойдо.

- Көрсөтүлгөн талапкерге баары эле ыраазы эмес, ошондуктан ушундай сунуштар чыгып жатат. Экинчиден, бул партиянын жеке ички иши. Эгер анын түзүлүшү боюнча ушуга барса жаман эмес, бирок сөзсүз эле болсун деп мыйзам жолу менен же милдеттүү кылганга эч кимдин укугу жок. Негизи праймериз Орусияда өтүп жатат, Америкада формалдуу түрдө өтүп жатат. Эмнегедир колунда байлыгы жоктор шайланбай жатат. Ошондуктан праймериз сөзсүз эле калыстыкка алып барат деген ойдон алысмын. Анда партиянын ичиндеги интригалар, кыймылдар күчөп кетиши мүмкүн.

Праймериз ыкмасы Кыргызстандын мыйзамдарында каралган эмес, буга чейин демилге көтөргөндөр да чыга элек. Коомдук ишмер Эдил Байсалов праймериз дээринде Кыргызстандагы партиялык системанын өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп, лидерден көз карандылыктан куткармак дейт:

- Албетте праймериз өткөрүлүп, негизги талапкер дегендер жер-жерлерди кыдырып, жергиликтүү партиялардын жыйындарына катышып программаларын көргөзүп, добуштарды топтоп, жеңип чыкканын калгандары колдосо бул партия күчтөнмөк. Ал талапкер жалпы элдик добуш берүүгө күчтүү болуп чыкмак. Бул партиянын өз эрки. Бир эле альтернативасыз талапкерди көрсөтүү эски КПСС убагында болгон. Анда бир эле партия болчу.

Буга чейин "Ак шумкар", "Өнүгүү-Прогресс", "Адам укуктары" жана "Бүтүн Кыргызстан" партиялары өз лидерлерин уставдын негизинде курултай аркылуу чоң жарышка аттандырышкан. Ушундай эле жол менен КСДП өз талапкерин 15-июлдагы курултайында расмий атайт. Жаштардын демилгеси ал курултайда кандай кабыл алынары азырынча белгисиз. Кыргызстанда шайлоо 15-октябрда өтөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG