Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:18

Ниязов: КСДП президенттикке жалгыз талапкер көрсөтөт


Кыргызстан социал-демократтар партиясынын курултайында. 31.07.2016.
Кыргызстан социал-демократтар партиясынын курултайында. 31.07.2016.

Кыргызстан социал-демократтар партиясы (КСДП) 15-июлдагы курултайда бир эле мүчөсүн президенттикке талапкер кылып көрсөтөт. Башка талапкер чыгарылбай турганын аталган партиянын төрагасынын орун басары жана шайлоону уюштуруу комитетинин жетекчиси Фарид Ниязов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, партиянын саясий кеңеши 21-июндагы жыйынында президенттикке талапкерди расмий көрсөтүү боюнча курултайдын өтүү күнүн аныктап, аны 15-июлга белгиледи.

Жыйында учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековдон тышкары дагы он эки кишинин талапкерлиги каралган. Бирок Ниязов "саясий этикага туура келбейт" деген жүйөө менен талапкерлиги сунушталган адамдардын ысымдарын атаган жок.

17-майда социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши Бишкектеги жыйында президенттик шайлоодо премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин сүрөй турганын жарыялаган. Анткен менен партия мүчөлөрүндө талапкерге байланышкан ич ара келишпестик бар экени саясий чөйрөдө айтылып жүрөт.

Эми 15-июлдагы партиялык курултайда расмий түрдө президенттик талапкер көрсөтүлүүгө тийиш.

Партиянын саясий кеңешинде Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков баштаган 36 мүчө бар. (NT)

XS
SM
MD
LG