Линктер

дүйшөмбү, 26-июнь, 2017 Бишкек убактысы 18:39

КСДПнын саясий кеңеши президенттикке өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин сунуштагандан бери анын дарамети ар түрдүүчө талданып жатат.

Партиянын курултайы эми туура бир айдан кийин өтөт жана анда талапкер боюнча акыркы чечим кабыл алынмакчы.

Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп мындан туура бир жыл мурун дайындалган эле.

Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши президенттикке Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигинин тандалышы боюнча азырынча расмий билдирүү тарата элек.

7-май, 2017-жыл
7-май, 2017-жыл

Мурунку премьер-министр Амангелди Муралиев талапкер катары тандалышынын башкы себебин анын президент Алмазбек Атамбаевдин көптөн берки жакын санаалашы, саясий өнөктөшү болгону менен байланыштырды.

- Анын Алмазбек Атамбаевдин командасында жүргөнүнө 20 жылга жакындап калды окшойт. Азыркы президент жакшы тааныган партиялашы, үзөнгүлөшү, досу десем жаңылбайм. Бир сөз менен айтканда ишеничтүү киши. Дагы башка жакшы касиеттери бар. Тажрыйбасы бар, бир топ кызматтарда иштеди. Айыл чарба тармагында иштеди, депутат, министр болду. Эмгек тажрыйбасы боюнча бир топ жолду баскан. Эми кандай президент болушу мүмкүн экенин айта албайм. Президент боло турган адамга эң жогорку талаптар коюлат да. Президенттик жүктү алып кете алар-албасын айта албайм, андай көрөгөчтүгүм жок. Бирок президенттин санаалаштары, партиялаштарынын арасынан эң эле тажрыйбалуусу ушул адам болсо керек.

60 жашка таяп калган Сооронбай Жээнбеков апрель ыңкылабынан кийин беш жыл Ошто губернатор болуп иштеген. Мамлекеттик кадр кызматына 2015-жылы жазында дайындалган. Ошондон баштап анын аты президент болот дегендердин арасында байма-бай атала баштаган.

Кандай үй-бүлөдөн чыккан, өзү кандай киши, анын баарын билебиз. Бирок саясатчы катары, керек болсо болочокто мамлекет башчысы болушу мүмкүн деген саясатчы катары билбейбиз да.

Академик Жамин Акималиев Сооронбай Жээнбековду студент кезинен бери билет жана убагында чогуу депутат болгон. Ал Жээнбековдун талапкер катары бир катары артыкчылыктарына токтолду:

- Аны айрымдар деңгээли жогору эмес, жоош го деп ойлошу мүмкүн. Бирок бул андай эмес. Бул өзү популизмге алдырбаган жигит. Адистиги дагы жакшы, бизде айыл чарба алдыңкы орунда болушу керек. Премьер-министр болуп жалпы жонунан жакшы иштеди. Азыркыдай катаал заманда президенттикке калыс, мунаса жарата турган талапкер керек. Жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин президенттин айрым укуктары кыскарып жатканда коомдун көпчүлүгү туура карап, жактыра турган ушундай талапкердин болушу талапка ылайык деп ойлойм. Бир каалоом: Сооронбай Жээнбеков өзүнүн интеллектуалдык деңгээлин көтөрүүгө аракет жасашы керек. Чарба деп эле жүрө бербестен, коомчулукка, саясатка аралашышы керек. Айрыкча илим-билим коомчулугуна аралашып, адистер менен кеңешип аракет кылса деңгээли да көтөрүлөт, мамлекет башчылыкка татыктуу да болот.

Кыргызстан элдер ассамблеясынын төрагасы, саясатчы Токон Мамытов Сооронбай Жээнбековдун аты кандайдыр бир чуулгандуу иштерде аталбаганын белгиледи:

- Кандайдыр бир коррупциялык жаңжалдарга аралашкан эмес. Аты да аталган эмес, өзү да аралашкан эмес. Мындай жаңжалдардан, схемалардан алыс жүргөн адам. Элге кылган мамилеси, эл менен жүргөнү, элди уга билгени - башка саясатчылардан артыкчылыгы. Өзгөн районунда жер көчкү болуп бир топ жарандарыбыздан айрылып калбадыкпы. Ошондой кризистик учурда бул киши чечкиндүүлүк кылып, талап кое алды. Ошондой учурда чечкиндүү кадамдарга бара аларына күчү, эрки жетерин көрсөттү.

Чарба деп эле жүрө бербестен, коомчулукка, саясатка аралашышы керек.

Анткен менен Сооронбай Жээнбеков өзүн реформатор катары көрсөтө алган жок дегендер да бар. Оштогу серепчи Төлөгөн Келдибаев чоң өзгөрүү күтпөй турганын айтты:

- Бул киши эгер президент болсо Кыргызстанда алгылыктуу иштер болуп кетет, адам укугу калыбына келет, таза шайлоолор өтөт, сөз эркиндиги камсыз болот, бийликке татыктуу адамдар келет, бийликке бандиттер келбейт деп айта албайм. Кыргызстандын президенти боло турган адам чечкиндүү, эрктүү, өз тажрыйбасына, билимине ишенген адам болушу керек. Талапкер чыгарган ар бир саясий партия ойлонушу керек. Бирок КСДПда Жээнбековдон башка колдой турган деле адам жок. Бул шайлоодо мамлекеттик ресурс иштеши мүмкүн. Анткени рейтинги төмөн адамды бийликке алып келүү үчүн көптөгөн мамлекеттик ресурс, добуш сатып алуу көрүнүштөрү көп орун алышы мүмкүн. Талапкерлер көрсөтүлүп жатканда элдин пикири, буга чейинки эки жолку революция эске алынышы керек.

Ал эми серепчи Турат Акимовдун баамында, президенттикке Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигинин көрсөтүлүшү бийликтеги партиянын чоң өзгөрүүлөрдү каалабаганынан кабар берет:

- Бул жерде КСДПнын жеке кызыкчылыгынан гана ой жүгүртүү керек. Анткени бул партиянын ички чечими, партиянын кызыкчылыгы. Сооронбай Жээнбеков өзү ток мүнөз, жоош, албууттанбаган саясатчы экенин эске алганда КСДП өзгөрүүнү анча деле каалабаганы көрүнүп турат. Ошондуктан социал-демократтар азыркы саясий позициялары ушул бойдон эле кала берсин дегенди билдирет.

2-май, 2017-жыл
2-май, 2017-жыл

Талдоочу Азамат Тынаев бийликтеги партиянын талапкерине байланыштуу буга чейин түрдүү божомолдор айтылганын, эмне себептен тандалып алынганы коомчулукка бүдөмүк экенине токтолду. Сооронбай Жээнбеков саясатчы катары дарамети белгисиз экенин айтты:

- Ал өзү жабык, прессаны жактырбаган киши, премьер-министр болуп дайындалганда министрлер кабинетинин биринчи жыйынында министрлерге пиар жасабагыла, биз пиар жасаган өкмөт болбойбуз, жөн эле иштейбиз деп тыюу салганы, айткандары азыркы 21-кылымда күлкү келерлик нерсе. Анткени азыр маалыматтын заманы. Бийлик деген коомчулуктун көзөмөлүндө болушу керек. Коомчулуктун атынан бул ишти ММК жүргүзөт. Эсте калган бир дагы маегин билбейбиз. Бир дагы маек берген жок. Эми аны адам катары билебиз, Кыргызстан кичинекей. Кандай үй-бүлөдөн чыккан, өзү кандай киши, анын баарын билебиз. Бирок саясатчы катары, керек болсо болочокто мамлекет башчысы болушу мүмкүн деген саясатчы катары билбейбиз да. Кыргызстанды туура жолго бурганга алы жетеби, жетпейби, кандай аракеттерди кылат, азыр баары бүдөмүк болуп турат.

Сооронбай Жээнбеков 1958-жылы 16-ноябрда Оштун Кара-Кулжа районунда туулган. Кесиби боюнча зооинженер, 1983-жылы Айыл чарба институтун, 2003-жылы Кыргыз агрардык университетинин экономика факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 1976-жылы Өзгөн районунда орус тили жана адабияты мугалими болуп баштаган. 1983-1993-жылдары өзү туулуп-өскөн райондо зоотехник, Коммунисттик партиянын райондук комитетинде нускоочу, катчы, совхоз-колхоздордун башкармасы өңдүү кызматтарда иштеген.

Жогорку Кеңешке 1994-жылдан 2005-жылга чейин үч ирет шайланган. Эл өкүлдөр палатасында агрардык маселелер боюнча комитеттин төрага орун басары, төрагасы, парламентте спикердин орун басары болуп турган. 2007-жылы айыл чарба министри болуп бир жылга жетпеген убакыт иштеген.

Ошто Жээнбековдорду өтө белгилүү жана таасирлүү адамдар катары билишет. Бир уул, бир кыздын атасы.

Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы иниси Асылбек Жээнбеков 2011-2016-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болуп иштеген. Дагы бир агасы Жусупбек Шарипов Кыргызстандын Кувейттеги элчиси. Маркум агасы Кантөрө Шарипов Жалал-Абаддагы Финансы институтунун ректору болгон.

Видео: Жээнбековдун Нарынга сапары

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG