Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:54

Жолчулардын жоопкерчилигин ким көтөрөт?


Иллюстрация
Иллюстрация

"Премьер-министр өтөт экен" деген себеп менен жолду ыкчам жымсалдап, ылай-суу толгон аңгектерге асфальт төшөөгө жол берген жол куруу тармагынын беш жетекчиси кызматтан алынганы жарыяланган болчу.

Ошондой эле бул факты боюнча кылмыш иши козголо турганы айтылган. Бирок жол оңдоодогу алешемдиктерге жол берген жетекчилердин үчөө кызмат орундарын сактап калганы аныкталды.

Муну айрым байкоочулар өкмөт башчы менен коомчулуктун көзүн жазгырган көз боёмочулук катары сыпатташса, Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы Жол чарба департаментинин үч жетекчисин ордунда калтырууга жүйөлүү себептер болгонун билдирди.

Чуулгандуу тасманын унутулган уу-дуусу

Бишкек-Күнтуу-Шопоков жолунун жыртык-тешигин жамоо учурунда суу толгон аңгектерге асфальт төшөп жаткан учурду чагылдырган тасма интернетке чыгып, коомчулукта чоң чуу жараткан. Буга байланыштуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду чакырып, кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырган.

Өкмөт башчынын маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгулов бул үчүн жол тармагындагы бир катар жетекчилердин жоопкерчилиги каралганына токтолду:

- Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов премьер-министрге маалымдагандай, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча Жол чарба департаментинин жол эксплуатациялоо ишканасынын башчысы, башкы инженер, Жол чарба департаментинин №1 аймактык бөлүмүнүн башчысы, Жол чарба департамент жетекчисинин экономика жана өндүрүш боюнча эки орун басары кызматтарынан бошотулду. Министрликтин жолдор башкармалыгынын башчысына эскертүү берилип, министрдин орун басары Азимкан Жусубалиев менен Жол чарба департаментинин башчысы Арстанбек Ибраевге сөгүш берүү жагы сунушталды.

Адистер таңсыктыгы

Иш жүзүндө кызматынан алынды деп расмий жарыяланган беш жетекчинин үчөө иш орундарын сактап калганы аныкталды. Жол чарба департаментинин директорунун эки орун басары Шабдан Иманкулов менен Жумаш Сооданбаев, №1 аймактык жол чарба бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Аманов өз ордунда калганы белгилүү болду. Бул үчүн жол эксплуатациялоо ишканасынын башчысы Амангелди Молдоболотов жана башкы инженер Куштарбек Аманов гана кызматтан кеткен.

Миллионду "жеген" жолдор бузулууда

Миллионду "жеген" жолдор бузулууда

Акыркы кезде Кыргызстандагы жол көйгөйү байма-бай көтөрүлүүдө. Жол курууга ким уруксат берет, ким көзөмөлдөйт? Пайдаланып жаткан жол талапка жооп береби? Сапатсыз жолдор үчүн жоопкерчиликти ким тартат? Эмне үчүн бул тармакта коррупция күчтүү?

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Кылычбек Досумбетов мунун себебин төмөндөгүчө түшүндүрдү:

- Бул жакта отурган жетекчилерибиздин көп жылдык тажрыйбасы бар. Шабдан Иманкулов Бишкек-аэропорт жолун курган. Жумаш Сооданбаев Балыкчы-Корумду жолунун куратору. Анан №1 аймактык бөлүмдүн башчысы Аманов да дасыккан адис. Биздин Байкоочу кеңеш бул кишилердин кесипкөйлүгүн, көп жылдык тажрыйбасын эске алып, аларды ордуларында калтыруу жагын сунуштап, мына ошонун негизинде аларга сөгүш берүү чечими кабыл алынды. Департаменттин 2-3 жетекчисин кызматтан алып сала турган болсок, жумуш токтоп калат да.

Анткен менен бул жагдайга көз салган байкоочулар муну коомчулуктун көзүн жазгырган аракет катары сыпатташты. Бирок мындай дооматка кызматын сактап калган жетекчилер макул эмес.

Жол чарба департаментинин өндүрүш боюнча жетекчи орун басары Жумаш Сооданбаев кызматта калышынын себебин тармакта көзү каныккан адистердин жетишпестиги менен байланыштырды:

- Мени жумуштан алышкан. Мен кеткем. Бирок бул жакта иштей турган киши жок, анан мени кайра калтырышып, сөгүш берүү менен чектелген жаза чарасын колдонушту. Азыр ошонун негизинде иш алып барып жатам. Республика боюнча 57 ЖЭИ бар. Мына ошолордогу ар бир кетирилген кемчилик боюнча департаменттин биз сыяктуу орун басарларды кызматтан ала берсе, анда бул жагы кандай болорун билбейм.

Иллюстрация
Иллюстрация

Ал эми министрликтин Жол чарба департаментинин экономика боюнча жетекчи орун басары Шабдан Иманкулов аны кызматтан кетирүүгө негиз болгон эмес деп эсептейт. Анын айтымында, жолдун жыртык-тешигин оңдоо боюнча жалпы көрсөтмө болгону менен анын технологиясын бузууга барган ал чуулгандуу иште жетекчиликтин эч кандай айыбы болгон жок:

- Премьер-министр барабы, президент барабы же жөнөкөй эле киши барабы бизге айырмасы жок. Биз жолду жасашыбыз керек. Жолдорду оңдоо боюнча бир эле Сокулукка эмес, бүткүл республика боюнча буйрук берилгени чын. Мен өзүмдү алып качып, "андай болгон эмес" деп айта албайм. Бирок биз "жаз келди, жолду жасагыла, сапатын карагыла, технологиясын сактагыла" деп көрсөтмө беребиз да. Аларга биз тараптан "асфальтты сууга салгыла, технологияны бузгула" деп эч ким айтпайт да. Ошол ишти түздөн-түз көзөмөлдөгөн башкы инженер менен башкы мастердин күнөөсү бар.

Өкмөт башчынын талабы

Жол оңдоодогу алешемдик тууралуу тасманы интернетке койгон жаранга премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ыраазычылыгын айтып, жетекчилерден мамлекеттин каражатына аяр мамиле кылууну талап кылган эле:

- Мамлекет тарабынан алынган насыялардын, гранттардын көпчүлүгү жол тармагына бөлүнүп жатат. Мындан сырткары жол курууга жана оңдоого бөлүнчү бюджеттин каражатын дагы көбөйтүп жатабыз. Бирок жолдун сапатына нааразылык көп. Элдин бийликке болгон ишеними мына ушундай нерседен улам кетет. Мына ошол жасалган ишти өтүп баратып, көрүп, аны алып чыккан жарандарга рахмат. Биз буга реакция жасашыбыз зарыл.

Ошол эле кезде транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов ысырапкорчулукка жол берген жетекчилердин жоопкерчилиги аларды кызматтан алуу менен эле чектелбей турганын айткан болчу:

- Биз муну менен эле чектелип калбайбыз. Ошол жерге эле 79 тонна асфальт алынган экен. Ошол жердеги материалдык чыгымдардын бардыгын бул ишке тиешеси бар жоопкерчиликтүү адамдардын моюнуна илебиз. Бул боюнча азыр тиешелүү комиссия иштеп жатат.

Мындан тышкары өкмөт башчы мамлекеттин каражатын пайдаланууга шалаакылык кылган жетекчилерге чара көрүлө турганын эскерткен. Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматына Сокулуктагы окуяны иликтеп чыгып, ага укуктук баа берүүнү тапшырган.

Калилов: Жолдон каражат аябаш керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:39 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG