Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:18

Кечээ салынган жол бүгүн талкаланды...


Өткөн жылы Ошто 125 миллион сомго курулган жол бир жылга жетпей бузула баштады. Кызыл-Кыя шаардык мэриясы курдуруп жаткан жолдор да аягына чыкпай эле четинен тешилүүдө.

Былтыр Ош шаарындагы ички жолдорду оңдоого республикалык казынадан 125 миллион сом бөлүнгөн. Транспорт министрлиги ал каражатка Ош шаарындагы Абдыкадыров, Навои жана Масалиев көчөлөрүн толук капиталдык оңдоодон өткөрмөй болгон. Тендер жарыялап, курулуш компанияларын тандоо, курулуштун жүрүшүн көзөмөлдөө иштерин Транспорт министрлиги өзү аткарган. Бирок жыл айланбай жаңы курулган жол бузула баштады.

Ош шаардык жолдор башкармалыгынын жетекчиси Арзыбек Жунусов:

- Ал жолдорду Транспорт министрлиги курдурган. Курулуштун жүрүшүн, аны аткара турган компанияларды өздөрү тандаган. Техникалык көзөмөлдү да өздөрү жүргүзгөн. Биз ага аралашкан эмеспиз. Биз ошол жолдордун долбоорлорун гана сунуштаганбыз. Азыр ал жолдордун бирин да кабыл ала элекпиз. Анткени көп кемчиликтери бар. Биз жакында эле барып, жолдун сапаты боюнча өз талаптарыбызды айттык. Алар аны аткармай болушту. Кемчиликтерин моюнга алышты.

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында да азыр ушундай эле кырдаал түзүлгөн. Чакан шаардын ички жолдору эгемендик алгандан бери жаңыланып, бирок жыл айланбай ал да бузула баштады. Ал эми Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кулатов айылы төрт чакырым жаңы асфальт жолго эми жетсе, ал да бир жыл кызмат кылууга жарабай, талкаланып калган. Ага Кулатов айыл өкмөтүн казынасынан 18 миллион сом жумшалган болчу. Эми аталган айыл өкмөтү жол куруучу “Монтажник” аттуу курулуш компаниясы менен соттошуп жатат.

- Мага чейинки айыл өкмөттүн тушунда Оштогу “Монтажник” деген жеке компания биздин айылдагы төрт чакырым жолду 18 миллионго куруп берген. Бирок ал жол бир жылга да туруштук берген жок. Мага чейинки айыл өкмөт да ал жолдорду кабыл алган эмес. Мен азыр ошол Иштин сапатын начар жасагандыгы үчүн Ош облустук прокуратурасына кайрылгам. Прокуратура ишти тергеп, сотко өткөрүп берди. Азыр да соттошуп жатабыз. Мындан кийинки жолдорго ал фирманы жакындаткан жокпуз. Андан сырткары курулушка төлөнө турган акчанын 10% курулуш компанияларына бербей, бир жыл өзүбүздө кармоо жолун колдонуп жатабыз. Бул эми куруучулардын жоопкерчилигин талап кылуунун бир жолу катары колдонулуп жатат, - деди Ноокат районундагы Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Нурдин Мадмаров.

Адистер болсо жол курган компаниялардын жоопкерчилигин күчөтүп, жолдун сапатына жети-сегиз жылдык кепилдикти куруучулардын моюнуна илүү керек дешет. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев кептин баары коррупцияга аралашып алган жергиликтүү аткаминерлерде деп эсептейт.

- Менин билишимче жаңы курулган жолдун бузулбашына жети-сегиз жыл кепилдик берилет. Мыйзам да ушул мөөнөттү талап кылат. Куруп берген соң бир жылдан кийин курулуш компаниялары бардык жоопкерчиликтен кутулат деген эреже жок. Курулушка акча төлөгөн тарап, куруучудан аны талап кылышы керек. Курулушка даярдык башталгандан тарта жол куруунун ар бир этабын көзөмөлгө алышы зарыл. Мындайда өздөрү бирдемелерге аралашып алат да, тили кыска болуп калат. Мыйзам талаптарын, курулуш эрежелерин так талап кылган, өздөрү да сактаган болсо жолдор сапаттуу эле курулмак.

Адатта акчалуу айыл өкмөттөр жана шаарлар жыл сайын жол курууга жана оңдоого жергиликтүү казынанын 30% коротушат. Учурда мамлекеттик курулуштарды прокуратура баш болгон бир нече көзөмөл органдар текшерет. Ага карабай миллиондогон каражаттар сарпталып курулган жолдор бир жылга жетпей талкаланып калышы кадимки көрүнүшкө айланды.

XS
SM
MD
LG