Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Миллионду "жеген" жолдор бузулууда


Түндүк-түштүк альтернативалуу жолунун курулушу. Тогуз-Торо району
Түндүк-түштүк альтернативалуу жолунун курулушу. Тогуз-Торо району

Акыркы кезде Кыргызстандагы жол көйгөйү байма-бай көтөрүлүүдө. Балыкчы-Корумду жолу башталбай жатып чуу чыгып, өкмөттү кетирди, мөөнөтү бүтө электе Бишкек-Ош жолу пайдалуудан чыга баштаганы айтылууда.

Жол курууга ким уруксат берет, ким көзөмөлдөйт? Пайдаланып жаткан жол талапка жооп береби? Сапатсыз жолдор үчүн жоопкерчиликти ким тартат? Эмне үчүн бул тармакта коррупция күчтүү?

“Арай көз чарай” талкуусуна Транспорт жана коммуникация министрлигинин жол чарба департаментинин бөлүм башчысы Истанбек Сейитбеков, “Кыргызжолтрансдолбоорлоо” институтунун башкы инженери Талант Солтобаев, Ош шаарынын тургуну Максат Жорокулов катышты.

“Азаттык”: Кыргызда “туулбай жатып туна чөктү” деген кеп бар эмеспи. Башталбай жатып өкмөттү кетирген Балыкчы - Корумду жолунун курулушу азыр эмне болууда?

Истанбек Сейитбеков: Балыкчы-Корумду жолунун жалпы сметалык баасы 6 миллиарддан ашык каражатты талап кылат. Бул убакка чейин 180 миллион сом бөлүнгөн, жакында дагы капиталдык салым катары 100 миллион сом берилди. Кытайлык компания ишин улантууда, бардык иш өз нугу менен жүрүүдө.

“Азаттык”: Финансы министрлиги жол курууга дагы 500 миллион сом берет деди эле, бөлүндүбү?

Истанбек Сейитбеков: Ооба, 500 миллион сомду табабыз деп жатышат, бөлүнгөнү, берилгени жөнүндө азырынча маалымат жок.

“Азаттык”: Талант мырза, сиздердин институт Балыкчы-Корумду жолун Көчмөндөр оюнуна болчу сентябрь айына чейин бүткөрүү мүмкүн эмес. Негизги фактор деп убакытты айттыңыздар эле. Эгер бүтө турган болсо анда биринчи кезекте жолдун сапатына тескери таасирин тийгизет деп айткансыздар. Учурда курулуш уланып жатат, биз сапатсыз жолго атайын баратабызбы?

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолу. Тогуз-Торо. Кыргызстан
Түндүк-түштүк альтернативдүү жолу. Тогуз-Торо. Кыргызстан

Талант Солтобаев: Балыкчы-Корумду жолунун курулушу Көчмөндөр оюнуна чейин бүтүшү керек деген маселе болуп, тапшырма коюлганда министрликтин бардык башкармалыктары каршы пикирлерин айтышкан.

Биздин институт да канча завод, канча керектүү жабдуулар керек баарын эсептеп, башка процедуралар кандай жүрүш керек, шагыл-кум алчу жерлердин маселеси кандай чечилет ж.б. уюштуруу иштерин кошкондо жалпы алты ай убакытты алат. Айтылган убакытта бул жолду бүтүрүү мүмкүн эмес деп каршы жыйынтыгыбызды жазып, министрге бергенбиз.

Ал эми бүгүн коюлуп жаткан 40 километрди бүтүргүлө дегендери туура эмес. Мындай мөөнөттө анчалык жолду куруу эч бир жерде тажрыйба болгон эмес. Чечилбеген толгон суроолор бар, көп тоскоолдуктар чыгууда, каражат маселеси да кыйын болууда. Башкалар жолду бөлүп-бөлүп, бир нече ишканаларга берип бүтүрө калабыз деп жатышат, анда жолдун сапатына тескери таасири тиет деп ойлойм.

“Азаттык”: Талант мырза, албетте, жол курууну баштардан мурда долбоору чийилип, бюжети саналат. Анан ал акча бөлүнүп жол салынып бүтөт, анан айткан мөөнөтүнө жетпей бузула баштап, нааразы болгон эл көп. Кечээ эле пайдаланууга берилген Бишкек-Ош жолу талкаланып жатканы айтылат, анын мөөнөтү, сапаты жөнүндө кепилдик болобу, болсо канча жылга эле?

Талант Солтобаев: Бишкек-Ош жолу 1997-жылдан 2006-жылга чейин курулган. Кайсы бир участоктору 2000-жылы бүткөн. Бизде жолдун өзүнүн жана жолдун үстүңкү катмарынын иштөө, пайдалануу мөөнөтү деген бар. Норма боюнча жолдун үстүңкү асфальт катмарын 6-8 жылдан кийин оңдоп-түзөп туруш керек эле, ал жасалган жок. Эки-үч жылда жасала турган дагы башка иштер бар, ал дагы аткарылбайт.

Дагы бир маселе, 1995-жылы бул жолдун долбоору чийилип, эсептелип жатканда транспорттун бүгүнкүдөй агымы болорун эч ким билген эмес. Азыркыдай оор жүк ташуучу машиналар болорун да анда эч ким сезген эмес. Бул дагы жолдун бузулушуна тескери таасирин тийгизип жатат. Бүгүн Бишкек-Ош жолунун Төө-Ашууга чыгып бараткандагы 130-145-чакырымдарындагы анча-мынча бузулган жерлерди эске албаганда бул жолдун дээрлик көпчүлүк бөлүгү жакшы эле иштеп жатат.

Истанбек Сейитбеков: Бишкек-Ош жолунун көпчүлүк участоктору өзүнүн кызматын өтөп бүттү, өзүн актады. Жогоруда айткандай, эки-үч жылдын кийин кум-шагыл аралашмасындагы дагы бир катмар (ШПО) болуш керек туура, ал аткарылган жок.

Асфальт менен жамай турган жерлерди даярдап, казып коюшуп анан эле жумалап жоголуп кетишет. Бул айдоочуларга ыңгайсыздык жаратууда. Аз эле убакта жолдун түрүлүп же оюлуп калганын көп байкайбыз.
Максат Жорокулов

“Азаттык”: Аны ким жасаш керек эле?

Истанбек Сейитбеков: Бул ишти министрликке караштуу ПЛУАД, ДЭП деген жол мекемелери жасашы керек болчу. Жасаш үчүн каражат жетишпейт. Бөлүнгөн акчага жылына эптеп-септен жасашат. Технологиялык эрежелерди толук сактап жасасак, жолдор жакшы эле абалда болмок.

“Азаттык”: Максат мырза, Ош шаарында бир нече көчө капиталдык ремонттон өттү эле. Бирок бир жылга жетпей ремонтту талап кылган маалыматтарды угуп калдык эле, облус борборундагы жолдун бүгүнкү абалы кандай?

Максат Жорокулов: Бизде жолду ремонттоо иштери өтө начар жүрөт, жолдордо асфальт менен жамай турган жерлерди даярдап, казып коюшуп анан эле жумалап жоголуп кетишет. Бул айдоочуларга ыңгайсыздык жаратууда. Ал эми көчөлөргө шагылдын үстүнө жаңы салынып жаткан жолдордун сапаты деле курсак тойгузбайт. Аз эле убакта жолдун түрүлүп же оюлуп калганын көп байкайбыз.

Истанбек Сейитбеков: Каражаттын жоктугунан асфальтты бир эле катмар салынып жатат, эреже боюнча алты сантиметр боло, иш жүзүндө беш сантиметр болууда. Бир километр жолду курууга 5 миллион сомдон, 7 миллионго чейин керек. Андай акча жетишпегендиктен стандарттар сакталбай калууда.

XS
SM
MD
LG