Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

Премьер-министр кетти, жол чыры калды


Темир Сариев
Темир Сариев

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев премьер-министрдин жана өкмөттүн отставкасы тууралуу жарлыкка кол койду. Бүгүн түштөн кийин Темир Сариев өкмөттүн жыйынында премьер-министрликтен кеткенин жарыялаган.

Премьер-министр Темир Сариев кызматтан кетип жатканын өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда жар салды. Ал алды менен буга чейинки кызматын ак аткарганын белгилеп, жол чырына эч кандай тиешеси жок экенин аягына чейин далилдерин билдирди. Сариев кызматтан кетүү чечимин мындайча түшүндүрдү:

- Мен премьер-министр кызматынан отставкага кетем. Бул боюнча мен президентке маалымат бердим. Мындай кадам учурда түзүлгөн кырдаалды жөнгө салат жана Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн ортосундагы конфронтацияны жок кылат. Азыр мамлекеттин алдында бүгүндөн калбай чечиле турган күнүмдүк маселелер абдан көп. Алар үзгүлтүксүз аткарылышы керек.

"Эч ким кетирейин деген эмес"

Өкмөт башчы анын кызматтан кетишине “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев баш болгон айрым депутаттардын саясий жеке дымагы шыкак болгонун кошумчалады. Анын маалыматында жол куруу боюнча тендерде Исаевдин партиялашы Зайырбек Сарсейитовдун “Империя Груп” компаниясы өтпөй калып, чыр ошондон башталган.

Балыкчы - Корумду (104 км) жолунун курулушундагы мыйзам бузууларды иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Кубанычбек Жумалиев башкы максат Сариевди иштен кетирүү болбогонун айтат. Анын баамында өкмөт отставкага кеткени менен жол чыры улана берет. Анткени курулушка кетчү 6,8 млрд. сом быйылкы жылдын бюджетинде каралган эмес.

- Башында Сариевди отставкага кетирейин деген эч кимде ой жок болчу. Комиссия андай максат да койгон эмес. Биз курулуштун мыйзамдуулугун гана текшерүүгө алдык. Биринчи мыйзам бузуу 6,8 млрд. сомдун бюджетте каралбагандыгында. Анан кантип жол салынат? Маселе ушунда. Бюджетте каралбаган нерсени ишке киргизүү президентке да жол берилбейт.

Тендерде уткан кытайлык “Лонг Хай” компаниясы ушул кезге чейин жол курулушуна өз эсебинен 1 миллиарддан ашык сом сарптаганын айтууда. Өкмөт болсо болгону 180 млн. сом бөлгөн.

Сариев: Мен аягына чейин күрөшөм
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:34 0:00

Премьерликти көксөгөндөр...

Сариевдин отставкасын президент кабыл алганга чейин эле анын ордун мелжегендер четинен атала баштаган. Буга чейин алардын катарында Аалы Карашев менен Канат Исаев да бар болчу.

2017-жылкы президенттик шайлоонун маанисин баса белгилеген саясат талдоочу Эмил Жураев болочок өкмөт башчынын тагдыры президент Алмазбек Атамбаевдин колунда экенин айтат.

- Өкмөт башчынын орду саясий соодалашуунун негизинде чечилет. Талапкер катары аталып жаткандардын баары президенттин үзөңгүлөштөрүнүн катарына кирет. Булардын ичинен 2017-жылкы шайлоого бара ала турган дымактуусу керек. Азыркы талапкерлердин ичинде андай талапка жооп бергендери жок.

“Азаттыктын” өз булактары кабарлагандай, экс-премьер-министр Темир Сариевдин ордуна президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары, Ош облусунун мурдагы губернатору Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги каралып жатат. Аны менен Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бир тууган ага-ини, кызматтык этикага ылайык парламент спикери өз ордун өткөрүп берери айтылууда. Мындан улам парламент төрагалыгына КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун жана ушул эле фракциянын депутаты, мурдагы Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун талапкерлиги талкууланып жатканы айтылууда.

Темир Сариев өкмөт башына өткөн жылы 30-апрелде келип, өлкөнүн эгемен тарыхында жыйырманчы премьер-министр болду.

XS
SM
MD
LG