Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:50

Сариевге басым күчөдү


Темир Сариев жана Аргынбек Малабаев
Темир Сариев жана Аргынбек Малабаев

Балыкчы – Корумду жана Бишкектен “Манас” аэропортуна кеткен жол курулушундагы мыйзам бузууларды иликтеген депутаттык комиссиянын 8-апрелдеги жыйынынын болбой калышы башка комиссия мүчөлөрүнүн нааразылыгын жаратты.

Комиссия төрагасы Кубанычбек Жумалиевдин “материалдар жетиштүү эмес” деген сөзүн депутат Таабалды Тиллаев төраганы “өзүмбилемдикке салып жатат” - деп, башка мүчөлөрдү көңүлгө туйбаганына ачууланды.

- Комиссия төрагасы туура эмес айтып жатат, биз корутунду чыгарып бергенге материалдар жетиштүү. Өкмөт туура эмес чечим кабыл алып атса, эки студент келип тендерди утуп атса, каттоодон өткөн эмес, лицензиясы жок болсо бул жерде баары түшүнүктүү болуп турбайбы. Эгерде кызыкчылыгыңар болсо, жаап-жашырыш керек болуп жатса, ачык айткыла. Биз комиссиянын отурумун жандантканга толук акыбыз бар болчу.

Балыкчы – Корумду жана Бишкектен “Манас” аэропортуна кеткен жол курулушундагы мыйзам бузууларды иликтеген депутаттык комиссиянын буга чейинки отурумдарында транспорт министри Аргынбек Малабаев эки жолу катышып, ал тендердеги мыйзам бузууга премьер-министр Темир Сариевдин жеке кызыкчылыгы болгонун ачык айткан эле. Малабаев өкмөт башчы көздөгөн иштерди транспорт министринин орун басары Улан Уезбаев бүтүргөнүн да жашырган эмес.

Жол курулушунун жоболоңу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:47 0:00

Тендерди министрлик эмес, департамент өткөргөн

Комиссия төрагасы Кубанычбек Жумалиев “Азаттыкка” билдиргендей, тендерди министрлик өзү өткөрүп, көзөмөлдү министр Аргынбек Малабаев өзү жүргүзгөндө маселе бүгүнкүдөй чиеленишпейт эле.

- Жол куруу тендерин министрлик түз өткөрбөстөн анын алдындагы Жол чарба департаменти өткөрүп жатат. Ал эми “Жол чарба департаментине бергиле” деген катты Уезбаев премьер-министрге жолдогон экен. Болгондо да көзөмөлдү министрлик эмес, өкмөттүн транспорт жана коммуникация курулуш бөлүмүнө жүктөлүп калыптыр. Ушундан улам министр Малабаев четте калып жатат. Ал эми тендер мыйзам бузуу менен Кыргызстанда жол салууга лицензиясы жок “Лонг хай” компаниясы утуп жатат.

8-апрелдеги отурумда комиссия мүчөлөрү өкмөт башчы Темир Сариев жана транспорт министринин орун басары Улан Уезбаевдин маалыматын угушу керек эле. Бирок отурумдун башка күнгө жылганынан улам экинчи тараптын маалыматы да угулбай калды.

Ошентсе да Улан Уезбаев “Азаттыкка” берген маегинде Балыкчы – Корумду жолун реконструкциялоо үчүн өткөрүлгөн тендерде түздөн-түз министр Малабаев өзү катышканын айтып, анын чет өлкөдө жүргөм деген буга чейинки сөздөрү суу кечпесин билдирди:

- Министр Аргынбек Малабаев 2015-жылдын 14-октябрында Казакстанга иш сапары менен кетип, 16-октябрда кайра Бишкекке келген. Ал эми тендер 17-октябрда өтүп жатат. Ошондуктан мен жоопкерчиликтүү айта алам: министр өзү тендерди өткөрүп, катышкан.

Улан Уезбаев мындан башка тендерде жеңүүчү болгон кытайлык “Лонг Хай” компаниясынын эл аралык лицензиясы бар экенин, Кыргызстан ичинде гана лицензиясы жок деди. Бирок тендердин шартында компаниянын Кыргызстандагы лицензиясы сөзсүз болушу керек деген талап жок болчу дейт.

Премьер кетмейинче, маселе чечилбейт

Адистер тараптардын кайым айтышуусу алардын кызматтан кетмейинче улана берерин айта баштады. Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев министр менен премьер-министрдин тирешүүсү демократиянын көрсөткүчү дегени менен эки тарап тең тергөө акыйкат жүрүш үчүн ээлеген кызматынан убактылуу четтеп турушу керектигин белгилөөдө.

- Албетте бул жакта депутаттык комиссияга да кыйын болуп атат. Анын үстүнө эл ичинде чуулуу маселе болуп кеткендиктен, коомчулук акыйкатты талап кыла баштады. Ошондуктан премьер-министр Сариев биринчи кезекте ордун бошотуп, тергөөгө орун бериши керек. Болбосо колунда бийлиги бар министрлер тергөөгө басым кыла берип, жыйынтыгында бурмаланган ишке чекит коюлбайт.

Өкмөт башчынын тергөө бүткүчө кызматтан кетүүсүн 6-апрелде ишти иликтеп жаткан Жогорку Кеңештин комиссиясынын айрым мүчөлөрү да талап кылган. Ушундай эле пикирин КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков да жарыялады. Бирок өкмөт айыптоолорду четке кагып, жол куруу тендеринин чуусуна түздөн түз министрликтин жетекчиси күнөөлүү экенин билдирген.

104 чакырымга созулган Балыкчы – Корумду жолун калыбына келтирүү үчүн бюджеттен 7 миллиардга жакын сом бөлүнгөн. Транспорт министрлиги өткөргөн тендерде жол куруу укугун лицензиясы жок кытайлык “Лонг Хай” компаниясы уткан.

XS
SM
MD
LG