Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:38

Жолдон жонулган “жашылдар”


Балыкчы - Корумду трассасы
Балыкчы - Корумду трассасы

"Ыңгайсыз суроолор" телеберүүсү Балыкчы - Корумду трассасын жана Бишкектен аэропортко чейинки жолду куруудагы мыйзам бузууларды иликтөөгө алды.

104 чакырымдык Балыкчы - Корумду автожолун 6 млрд. 803 млн. сомго курабыз деген кытайлык “Лонг Хай” компаниясына тендерде ийгилик жылмаят. Сынакка катышкан “Грант Старт” жана “СуТранспромжилстрой” жергиликтүү ишканалары көбүрөөк акча сурап тандоодон өтпөй калган. Бирок ошол эле учурда кытайлардан дээрлик 60 млн. сомго арзан курарын айткан түркиялык “Кочоглу иншаат санайи ве хайванжылык тижарет” ишканасы тендерден куржалак калган.

Чуу көтөртүп жаткан кытайлык “Лонг Хай” компаниясы буга чейин Кыргызстанда бир чакырым да жол курган эмес. Кыргызстандын Юстиция министрлигинен тендерди уткан соң гана 3-ноябрда каттоодон өткөн. Тендердин талабы боюнча конкурска катышып жаткан компанияда жол курууга Кыргызстандын лицензиясы болушу шарт эле. Түркиялык компания лицензиясы жок деген жүйө менен тендерден четтеген. Сынактын дагы бир шарты боюнча жол курууга кеминде 2-даражадагы лицензия талап кылынган. “Лонг Хайга” болсо 3-категориядагы уруксат кагазы берилген. Демек, аталган компания жол кура албайт, болгону жолдун жыртык-тешигин гана бүтөй алмак.

Эми “Кыргыз трек” ишканасы тууралуу кененирээк. Бул ишкана 1998-жылдан бери курулуш тармагында иштеп келет. Ишкананы түптөгөн беш кишинин экөө Алмаз Тургунбаев менен Руслан Сатыбалдиев мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин туугандары болуп чыкты. Бул ишкана Балыкчы - Корумду жана Бишкектен аэропортко чейинки жол курулушун техникалык көзөмөлдөө боюнча өткөн эки башка тендерде тең жеңүүчү аталган. “Кыргыз трек” жолду кандай куруш керектигин кытайларга үйрөткөнү үчүн жана жолдун сапатын текшергени үчүн 40 млн. сомдон ашык акча табат. Жантөрө Жолдошевичтин агасынын баласы Руслан бир эле учурда Транспорт министрлигинин алдындагы Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүндө иштейт. Ал эл өкүлдөрү шекшип жаткан министрлик имаратынын 6-кабатында отурат.

Бизге жеткен маалымат боюнча “Кыргыз трек” кур калган тендерлер сейрек кездешет. Бул компаниянын ийгилик сыры эмнеде? Же убагында жол, курулуш тармагын жетектеп “10 пайыз мырза” деген лакап атка конгон экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин салымы чоңбу?

Жолдон жонулган “жашылдар”
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:12 0:00

XS
SM
MD
LG