Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:04

Өкмөт башчы министрлердин ишин сындады


Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

Премьер-министр өзгөчө кырдаалдарды алдын алуудагы тиешелүү мамлекеттик органдардын ишин сынга алды. Сооронбай Жээнбеков ыйгарым укуктуу органдар жер көчкү түшкөн айылга эскертүү берип коюп, бирок ал үйлөрдү коопсуз жерге көчүрүү боюнча иштин аткарылышын көзөмөлдөгөн эмес деп белгиледи.

Өз кезегинде өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов тиешелүү талаптын негизинде иш алып барылганын, кооптуу аймактардан мажбурлап көчүрүү боюнча аларга ыйгарым укук бере турган мыйзам иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков өзгөчө кырдаалды алдын алуу боюнча иштерде шалаакылыкка жол берилген учурлар бар деп эсептейт.

Өкмөт башчы ошондой эле каржы министрлигин сындап, өзгөчө кырдаалдарды алдын алууга каражат бөлүү боюнча мартта берилген тапшырма майга чейин аткарылбай келгенин айтты жана дарыялардын дамбалары өз учурунда оңдолбой, суу ашып кетсе мамлекет бир канча миллиард сомго чыгым болорун эскертти.

Чоң-Алай районунда 3-майда катуу жер титирөө болуп, жүздөгөн үйлөрдөн жарака кеткен. Силкинүү кайра-кайра кайталанып, эл чатырларга көчүрүлгөн. 29-апрелде таңга маал жүргөн жер көчкү Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу-Сай айылында жети үйдү басып, 24 адам анын алдында калган. (KJ)

XS
SM
MD
LG