Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:24

КСДП: Ренат Самудинов жаштар канатынын лидери эмес


Ренат Самудинов
Ренат Самудинов

КСДП партиясынын катчылыгы жаштар канатынын лидери деп айтылып келген Ренат Самудиновдун соңку билдирүүсү тууралуу маалымат берди. Анда Самудинов КСДПнын жаштар канатынын “лидери” статусун өзүнө ыйгарып алууга укуктуу эмес деп жазылат.

Партия Ренат Самудинов сыяктуу эки миңден ашуун жаш активисттер бар экенин, партиянын ичинде жаштар канаты сыяктуу бөлүктү түзүү чечими расмий түрдө кабыл алынбаганын маалымдады.

Партиянын катчылыгы тараткан маалыматта "Самудиновдун билдирүүлөрү анын жеке пикири" деп айтылат.

11-июлда өзүн КСДПнын жаштар канатынын лидери деп тааныштырган Ренат Самудинов партия президенттикке талапкерди праймериз жолу менен көрсөтүшү керектигин айтып чыккан. Ал мындай сунушун партиянын ичинде бир учурда бир нече адам президенттик кызматка катышууга ниеттенип жатканы менен түшүндүргөн.

Социал-демократтар партиясы 15-июлда өзүнүн курултайын өткөргөнү жатат, анда өлкөнүн президенттигине Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөтүү тууралуу партия жетекчилигинин сунушу талкууга коюлмакчы. (SDz)

XS
SM
MD
LG