Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:48

Дастан Догоев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп дайындалды


Дастан Догоев президент Алмазбек Атамбаевге биометрикалык паспорттун үлгүсүн көрсөтүүдө
Дастан Догоев президент Алмазбек Атамбаевге биометрикалык паспорттун үлгүсүн көрсөтүүдө

Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна ишенимдүү булактардан маалымдашты. Ага ылайык, жаңы жетекчи жамаатына бүгүн тааныштырылат. Дастан Догоев буга чейин Мамлекеттик катоо кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеп, “Инфоком” мамлекеттик ишканасын тейлеп келген.

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрагасы Тайырбек Сарпашев өткөн жумада кызматынан алынган.

Дастан Догоев 31 жашта. Британиядагы Кингстон университетинде окуган. Бир катар эл аралык уюмдарда, каржы институттарында иштеген.

Дайындоо тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымат бере элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG