Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Социал-демократтардын саясий жүрүштөрү


КСДПнын курултайы. 15.7.2017
КСДПнын курултайы. 15.7.2017

Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы президенттикке жалгыз талапкер катары премьер-министр Сооронбай Жээнбековду бекитти.

Бийликчил партия бул чечимге каршы чыккандарга социал-демократчылардын катарынан орун жок экенин эскертүүдө. Бирок парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков өлкө башчылыкка ат салышуу ниетин дагы бир ирет ырастап, курултай жүрүшүндө өз көз карашы менен тааныштырууга жетишти. Социал-демократтардын курултайындагы кырдаалды коомдук-саясий чөйрө кандай баалап жатат?

15-июлда өткөн Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын президенттикке талапкерди бекитүү боюнча курултайы бир катар кызык жагдайлар менен коштолду.

Алгач болуп президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип келген Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун курултай жүрүшүндө максатын дагы бир ирет ырасташы жана шайлоо программасына үндөш баяндаманы окуганы көпчүлүктүн көңүлүн бурган окуя болду. Анда Турсунбеков президенттин дарегине тил тийгизбесе да, учурдагы өкмөттүн айрым иштерине ачык сын айтып, партияны тазалоо боюнча сунушун айтты.

Муну айрым эксперттер парламент төрагасынын шайлоо программасы катары баалашты. Төрага Турсунбековдун мындай билдирүүсүн курултайдын айрым катышуучулары бөлүүгө аракет кылышты.

Буга кошумча КСДПнын төрага орун басары, президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов партия бир гана талапкерди сүрөөнгө аларын, бул буйрукка баш ийбегендерге орун жок деп Чыныбай Турсунбековдун дымактуу максатына ачык жооп кайтаргандай болду.

Партия өлкө башчылыкка жалгыз талапкер катары Сооронбай Жээнбековду сүрөгөнүнө карабай, курултай жүрүшүндөгү айрым жагдайлар коомчулуктагы талкууларды күчөттү. Мындай кырдаал бийликчил партияда президенттикке талапкерди тандоо боюнча жарака пайда болду деген пикирлерди дагы күчөттү.

Партия ичиндеги эки ача пикир

Социал-демократчылар бул кырдаалды партия ичиндеги демократиянын белгиси катары сыпаттоого аракет кылууда. Аталган партиядан Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Жетигенов президенттикке талапкер тандоодо пикир келишпестик жок деп ишендирүүдө:

- Бул жерде КСДП ичинде бөлүнүп-жарылуу жок. Курултай Сооронбай Жээнбековго бир добуштан ишеним көрсөтүп, бекитти. Муну менен биздин партиядан бир эле тапапкер болорун ачык айттык. Ал эми Чыныбай Акунович болсо өз пикирин айтып, "мен да барат элем" деген ниетин билдирди. Бул - демократиянын белгиси.

КСДП таптаган Жээнбеков

КСДП таптаган Жээнбеков

КСДПнын саясий кеңеши президенттикке өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин сунуштагандан бери анын дарамети ар түрдүүчө талданып жатат.

Дагы бир социал-демократчы депутат Рыскелди Момбеков партиянын ичиндеги пикир келишпестиктер бар болгонун танбайт. Бирок парламент төрагасы өз ниетинен баш тартат деген үмүттө турушканын Момбеков жашырган жок.

- Бул көрүнүштү эки өңүттөн алып карасак болот. Биринчиден, партия ичиндеги жарака деп айтканда да жарашат. Анткени КСДП фракциясынын лидери, парламенттеги төрага болуп жүргөн адамдын президенттикке ниетим бар дегени ушул ойго түртөт. Экинчиден, бул киши мындай ниети эч кандай бөлүнүүгө алып келбейт, эки талапкер болуп барып, көбүрөөк добуш алганга аракет кылабыз деп айтты. Бирок ал киши азырынча шайлоого баруу ниетин гана айтып жатат. Мен жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр болушу ыктымал деп ойлойм. Баары бир деле партиядан Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги көрсөтүлгөн соң Чыныбай Акунович ойлонсо керек. Чыныбай Акунович бир аз аша чапкандык, алабармандык саясатка бараткандай сезилет.

Ал эми саясат таануучу Орозбек Молдалиев КСДПнын акыркы курултайындагы кырдаалды демократиялык көрүнүш катары эсептебейт. Талдоочунун пикиринде, тескерисинче, эң ири жана эски партия саналган саясий бирикменин кемчиликтерин ашкере кылды:

- Чыныбай Турсунбеков курултайды аянтча катары кайрылгандан мурун да, съездде менин сунушум колдоо табабы деген ой болду окшойт. Бул демократияга ылайык келе турган маселе. Анткени курултайда ар кандай пикирлер айтылыш керек. Айрым жаш, эч ким тааныбаган эксперттер аркылуу бул партияда вождизм жок, демократиянын белгиси деп айттырып жатышат. Бирок Турсунбековго сөз берүү менен эле демократия болуп жатып калбайт. Ага сөз берип, сөзүн укпай, ышкырып, жер тепкилегенди кандай түшүнсөк болот?

КСДПнын курултайы, 15-июль, 2017-жыл
КСДПнын курултайы, 15-июль, 2017-жыл

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев болсо Социал-демократтар акыркы жагдай партия салмактуу мүчөлөрүнүн ортосунда өлкөдөгү маанилүү маселелер боюнча бирдиктүү пикир жок экенин көрсөткөнүн айтууда:

- Коом, мамлекет үчүн КСДПнын ичиндеги кырдаал, бири-бири менен мамилесинин эч кандай таасири да, мааниси деле жок. Бул көрүнүш мамлекеттик бийлик бутактарынын башындагы турган партиянын бирдиктүү, түпкүлүктүү мамлекетти өнүктүрө турган саясаты жок экенинен кабар берет.

Ал ортодо Социал-демократтардан көрсөтүлгөн Сооронбай Жээнбеков талапкер катары катталуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Муну менен талапкер болууну каалагандар 29га жетти. Эми Жээнбеков талапкер катары расмий катталган соң премьерлик министрлик кызматын толугу менен тапшырып бериши керек же үгүт маалында убактылуу токтотушу керек.

Айрым маалыматтар боюнча Сооронбай Жээнбеков экинчи жолду тандап, убактылуу ыйгарым укуктарын токтото турат.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG