Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:00

КСДПнын шайлоо штабын Ниязов жетектейт


Президенттин ишенимдүү кеңешчилеринин бири Фарид Ниязов Социал-демократиялык партиянын талапкеринин штабын башкарарын жарыялады. Ал өлкө башчынын расмий кеңешчилигинен кетип, коомдук кеңешчи катары дайындалды. Ниязов бийликтеги партия учурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун гана талапкерлигин колдорун билдирип чыкты. Буга чейин партиянын саясий кеңешинин чечимине карабай, кош талапкер чыгарышы мүмкүн экени айтылып жаткан эле.

Президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү үзөңгүлөштөрүнүн бири Фарид Ниязов өткөн апта соңунда өлкө башчысынын расмий кеңешчилигинен бошотулду. Ал коомдук башталгычтагы кеңешчиси болуп калды.

Мындай чечим Ниязовдун президенттик шайлоодо Социал-демократиялык партия талапкеринин шайлоо штабын башкарары менен түшүндүрүлдү.

Фарид Ниязов аталган партия учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигине токтолгонун жана ал жалгыз талапкер катары чыгарын жарыялады:

- Биздин партия жандуу организм сыяктуу, анын ичинде ар кандай пикирлер жашайт. Айрым партия мүчөлөрүнүн тандоолору болушу мүмкүн, бул кадыресе көрүнүш. Бирок саясий кеңештин жыйыны уюштурулгандан эки жума өткөн мезгилде бардык жергиликтүү партиялык уячалардан Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдогон пикирлерди алып жатабыз. Бизде бир талапкер болот жана ал аныкталды.

Ал эми Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын төрага орун басары Төрөбай Зулпукаров да муну ырастап, курултай саясий кеңештин чечимин колдойт деген ишенимин билдирди:

- Биз талапкерди мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте жүргүзөбүз. Саясий кеңеш партиянын ичиндеги жогорку орган. Ошондуктан саясий кеңештин чечимин курултай колдойт деген үмүттө турабыз.

Тактык киргизген билдирүү

Фарид Ниязовдун КСДПнын шайлоо штабын башкарары ачык айтылып, жалгыз талапкер катары Сооронбай Жээнбековду аташы бийликчил партиянын шайлоо боюнча позициясына тактык киргизгендей болду. Себеби 17-майда Социал-демократиялык партиянын саясий кеңеши Жээнбековдун талапкерлигин чыгарганына карабастан, партиянын курултайы бул чечимди беките элек. Ошондуктан КСДП Жээнбеков менен катар дагы бир талапкер чыгарышы мүмкүн деген сөздөр жүрүп жаткан эле.

Бул жаатта Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун аты аталып келген. Мындай кепти төрага өзү да "Азаттыкка" курган маегинде четке каккан эмес болчу:

"Азаттык": Потенциалдуу талапкерлер арасында сиздин да ысымыңыз аталып жатты эле, КСДП саясий кеңеши өз чечимин жарыялады. Бул эми сиз шайлоого катышпайсыз дегенди билдиреби?

Турсунбеков: Келгиле, бул суроону кийинчерээк талкуулайлы. Учуру келет, анан талкуулайбыз.

КСДП таптаган Жээнбеков

КСДП таптаган Жээнбеков

КСДПнын саясий кеңеши президенттикке өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин сунуштагандан бери анын дарамети ар түрдүүчө талданып жатат.

Эми президенттин эң ишенимдүү адамынын штабды башкарышы менен шайлоого карата олуттуу түрдө даярдык башталганын билдирерин эксперттер белгилешүүдө.

Саясий эксперт Марс Сариев Ниязовдун акыркы билдирүүсү социал-демократчылардын талапкер боюнча башка саясий күчтөрдөн дагы, партия ичиндеги ыргылжың болгон мүчөлөргө карата багытталды деген пикирде:

- Бул социал-демократчыларга карата "бизде бир талапкер болот, мен шайлоо штабды башкарам" деген бир билдирүү болду окшойт. Себеби партия ичинде мүчөлөр ар кайсы жакка чачырап, ичинен ыдырабашы үчүн ушундай кадамга барышты окшойт. Бирок партиянын съезди өткөнгө чейин айрым өзгөрүүлөр болуп кетиши да мүмкүн.

Күмөн жараткан кийлигишүү

Фарид Ниязов Алмазбек Атамбаевди эң жакын адамдарынын бири. Ал Убактылуу өкмөттүн, андан кийин президенттин администрациясынын маалыматтык-координациялык борборлорун жетектеген. Атамбаев премьер-министр, андан кийин президент болгондо анын кеңешчиси болгон. Быйыл март айына чейин президенттин аппарат башчылыгын аркалаган.

Ниязов 2011-жылкы шайлоодо да Алмазбек Атамбаевдин президенттик штабын башкарган. Ошондуктан аны уюштуруу иштери боюнча тажрыйбалуу адис деп санашат.

Ошол эле кезде президенттин дагы бир коомдук башталгычтагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов шайлоо камылгасы боюнча түштүк аймакты координациялап жатканы айтылууда.

Икрамжан Илмиянов
Икрамжан Илмиянов

Илмияновдун Баткен облусундагы бир мектептин курулушун бүткөрбөгөнү үчүн жергиликтүү жетекчилерди зекип жаткан тасмалар тарады. Мындан улам таасирдүү жетекчилердин шайлоого аралашуусу канчалык туура деген суроолор жаралды.

Жапониядагы саясий эксперт Даниэл Кадырбеков бийлик кызыкчылыктар кагылышы деген айыптоолорго туш келбеши үчүн коомчулукта шек туудурган аракеттерден качышы керектигин белгилейт:

- Балким мыйзамдарда президенттин жанындагы адамдар штаб башкарып, аралашуусуна тыюу болбошу мүмкүн. Ошол эле кезде эл аралык нормаларды, эл аралык стандартты карасак кызыкчылыктар кагылышын эң жакшы мисалы. Шайлоочулардын алдында бирдей мүмкүнчүлүк түзүүгө тоскоолдук катары саналышы мүмкүн.

Жогорку Кеңеш өткөн аптада президенттик шайлоону 15-октябрга белгилөө боюнча мыйзам кабыл алган. Бүгүн ага президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Эми 15-июнга чейин парламент шайлоону дайындоо боюнча токтом чыгарышы керек. Мындан соң саясий партиялар жана жарандар талапкерлигин көрсөтүп, каттоодон өтө баштайт.

Учурда президенттикке ат салышууну каалаган бир нече саясатчынын ысымы ачык айтылууда. Алардын катарында "Ак шумкар" саясий партиясынын төрагасы Темир Сариев, "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев жана "Республика" партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов бар. Ал эми бийликтеги Социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши өткөн апталарда президенттикке талапкер катары учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековду көрсөтүү чечимин кабыл алган. "Ата Мекен" партиясы камактагы жетекчиси Өмүрбек Текебаевдин талапкерлигин көрсөткөн.

Ошондой эле Эл аралык Борбор Азия университетинин ректору Камила Шаршекеева, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун жана коопсуздук боюнча эл аралык эксперт Таалатбек Масадыков шайлоого катышуу ниетин билдирип жүрөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG