Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:02

Шайлоого даярдык соцтармактан башталабы?


Бир катар социалдык тармактарда премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун расмий баракчалары ачылды. Буга чейин өзүн коомчулуктан оолак кармаган өкмөт башчы президенттикке талапкер болот дегендердин бири.

Ушул тушта социалдык тармактарды күзүндө президенттик шайлоого катышары белгилүү болгон мурдагы премьер-министр Темир Сариев, парламенттеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев активдүү пайдаланып жатканын байкоого болот.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Фейсбук, Твиттер жана Инстаграмда "өлкөдөгү, коом турмушундагы окуялар, маселелер тууралуу пикир алышып туруу ниетинде расмий баракчаларды ачканын" жазды. Бирок ишинин көптүгүнөн дайыма карай албасын, анын атынан маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгулов байланышып турарын белгиледи жана бардык маалымат өзүнө жетерине ишендирди.

КСДП таптаган Жээнбеков

КСДП таптаган Жээнбеков

КСДПнын саясий кеңеши президенттикке өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин сунуштагандан бери анын дарамети ар түрдүүчө талданып жатат.

Өкмөттүн Маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева социалдык тармактарда Сооронбай Жээнбековдун жеке баракчаларынын ачылышын соңку кездери премьердин атын пайдаланып баракча ачкандарды, анын атынан билдирүү жасагандарды, пикир жазганды тыюу аракети менен да байланыштырды:

- Буга чейин кыргыз өкмөтүнүн Фейсбукта жана Инстаграмда расмий баракчалары бар болчу. Расмий билдирүүлөрдү ошол жакка коюп турчубуз. Биринчиден, калк менен байланышуу иретинде, экинчиден, ушул социалдык тармактарда премьер-министрдин атынан "фейктер" пайда болду. Мындай "фейктер" Твиттер, Фейсбукта пайда болду. Ал жактагы маалыматтарды көзөмөлдөй албайбыз. Ошондуктан ушул баракчалар гана премьер-министрге таандык, расмий деп жарыяладык. Бул баракчалардан башкаларында премьердин атынан билдирүүлөрдү да жасап жибериши мүмкүн экен. Ушундай окуя Твиттерде болду. Ачыгын айтканда бул баракчаларда премьер өзү отурат деген жалган болуп калат. Анын иш графиги абдан жыш. Билесиздер, премьердин милдети өлкөдөгү экономикалык-социалдык маселелерди чечүү. Андыктан эртең мененки саат сегизден кечки саат сегизге чейин иштейт. Иш графигине жараша өзү да баш багып турарына ишенип жатабыз. Бирок анын атынан басма сөз катчысы Чыңгыз Эсенгул уулу алып барат. Элден түшкөн суроолордун жүйөлүүлөрүнө жооп берип турат. Ага маалыматтын баары жеткирилет.

Сооронбай Жээнбековдун Фейсбуктагы баракчасына жазылгандар бир күндүн ичинде 250дөй болду. Твиттерде аны ээрчип окугандар болсо азырынча жүздөн ашты жана катталгандар дароо эле Бишкек-Ош жолунун азыркы абалы, Таластагы жаңы эле оңдолгон жолдун бузула баштаганы тууралуу суроолорду беришти. Бул суроолорго "эске алынат", "чара көрүлөт" деген таризде жооп да жазылды.

"Бүгүн бар, эртең жок"

Журналисттер премьер-министрди прессаны жактырбаган түнт аткаминерлердин катарына кошуп келишет. Өкмөт башчы катары алгач иштей баштаганда министрлик-мекеме башчыларын жалпыга маалымдоо каражаттарына чыкпагыла деп тыйганы да коомчулуктун эсинде. Эми анын социалдык тармактарда жанданганын эң ириде президенттик шайлоо менен байланыштыргандар көп. Алардын бири жарандык активист Мирсулжан Намазалиев:

- Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мурда саясатчы болбогондуктан жана коомго көп аралашпагандыктан социалдык тармактарда жеке баракчалары жок болчу. Ал талапкер болот дегенден бери даярдык башталып, анын пиар командасы ушундай баракчаларды ачып жатканы белгилүү болду. Баары ачык болушу керек. Азыркы учурда ачыктыкка буга чейинкидей телеканалдар эмес, интернет көбүрөк мүмкүнчүлүк берет. Бирок мен ушул соцтармактарда активдүү болсоң эле баары ийгиликтүү болот деп айтуудан алысмын. Мисалы, былтыр шаардык кеңешке шайлоодо жеңген партиялардын бири коомчулукка белгисиз социалдык тармактарда иш алып барбаган, үгүт иштерин деле жүргүзбөгөн партия болгон.

Жарандык активист, "Биздин мурас" фондунун жетекчиси Чоробек Сааданбек социалдык тармактарга баракчалардын ачылышын жакшы көрүнүш катары сыпаттайт:

- Соцтармактардагы баракчалар кайтарым байланышты абдан ылдам берет. Ошондуктан саясий иш жүргүзүү болобу, же дагы башкабы ал натыйжалуу болот. Муну бир чети жакшы кадам катары карасак болот. Экинчиден, алардын шайлоого карата гана колдонуп, андан кийин кайрылбай койгону анча жакшы эмес. Бирок социалдык желенин таасири, басымы күчөгөн сайын ага катталган саясатчылар такыр эле алыстап кетип кабары жок болуп калышы мүмкүн эмес дейм. Балким бул мүмкүн, бирок мындай кылган саясатчылар көп уттурат деп ойлойм. Бирок утушка жеткиси келген талапкерлер соцтармактарга көңүл бурбай кое алышпайт.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Равшан Жээнбеков социалдык тармактарды активдүү колдонгон саясатчылардын бири. Анын пикиринде, кайсы бир саясатчылардын социалдык тармактарда жанданышы утурумдук гана көрүнүш:

- Тилекке каршы көп саясатчыларыбыз социалдык тармактарды активдүү пайдаланышпайт. Социалдык түйүндөрдү социалдык-экономикалык маселелерди чечүү, коомго маалымат жеткирүү боюнча дээрлик көпчүлүгү пайдаланышпайт. Шайлоо жакындаганда эле жаштарга жакын бололу, прогрессивдүү көрүнгөнгө аракет кылалы деген максатта социалдык түйүндөрдө баракчаларын ачышат. Көп саясатчылар мындай баракчаларды ачкан күндө дагы өздөрү жазбайт, жаза да алышпайт. Алардын жардамчылары, же дагы башка бирөөлөр алып барганга жардам беришет. Ошондуктан мындай активдүүлүк убактылуу эле көрүнүш. Шайлоо бүткөндөн кийин мунун баары токтойт.

Буга чейин президенттик аппараттын башчысы, президенттикке талапкер болот дегендердин бири катары аты талып жүргөн Сапар Исаков дагы капысынан социалдык тармактарда активдеше баштаган эле. Бийликтеги Социал-демократтар партиясы талапкер катары Сооронбай Жээнбековду көрсөткөнү маалым болгондон бери Сапар Исаковдун премьер-министрлик кызматка барары айтылып жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG