Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:02

Ногойбаева: Жээнбеков техникалык талапкер


Элмира Ногойбаева.
Элмира Ногойбаева.

Мындай пикирин эксперт, "Полис Азия" аналитикалык борборунун жетекчиси Элмира Ногойбаева Социал-демократиялык партиянын премьер-министр Сооронбай Жээнбековду президенттикке талапкер катары көрсөтүү чечими тууралуу "Азаттык" радиосуна комментарий берип жатып билдирди. Анын баамында, Cоциал-демократтар күтүлгөн жана айкын чечим кабыл алды:

- Сооронбай Жээнбеков – эч кандай көрүнүктүү долбоорду көрсөтө албаган, инновацияларды, жаңы демилгелерди киргизбеген техникалык инсан. Талапкер катары көрсөтүлүшүнүн жалгыз критерийи - анын бизнес менен дин тармагында бекемделип жаткан күчтүү кланы менен байланыштуу, - деген Ногойбаева Жээнбековдун талапкерлигин жылдыруу үчүн административдик ресурс колдонулушу мүмкүн деп боолгойт:

- Кыргызстанда шахматтагы өзгөчө жүрүш (рокировканын) - орусиялык ыкманы пайдалануудан башка жаңы эч нерсе ойлоп табышкан жок. Ошондуктан чыныгы техникалык талапкер тандалып алынды. Аны тандоодо "түштүк" фактору биринчи ролду ойнободу, Жээнбековдун техникалык талапкер экенине маани берилди. Бизде бардык ыкмалар жана сценарийлер бир өлкөдөн алынып жатканын көрүп жатабыз.

17-майда КСДП партиясынын саясий кеңешинин чечими менен президенттикке премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги сунушталды. Буга чейин мамлекет башчы болуу ниетин "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев, "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын башчысы Бакыт Төрөбаев билдирген. Парламенттеги "Республика - Ата-Журт" фракциясы лидер Өмүрбек Бабановду сунуштаган. "Ата Мекен" партиясы камактагы жетекчиси Өмүрбек Текебаевдин талапкерлигин көрсөткөн.

Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл күзүндө өтөт. Бирок азырынча анын датасы аныктала элек. Парламент кечээ шайлоону 15-октябрда өткөрүү сунушу камтылган мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө жөнөттү. (NT)

XS
SM
MD
LG