Линктер

шейшемби, 19-июнь, 2018 Бишкек убактысы 20:14

Жогорку Кеңеш депутаттары шайлоо мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдү кабыл алды.

Ага ылайык, добуш берүүгө көз салган байкоочулардын макамы өзгөртүлүп, президенттик шайлоонун мөөнөтү аныкталды. Киргизилип жаткан айрым өзгөртүүлөргө оппозиция жана жарандык коом өкүлдөрү каршы чыгып, байкоочулардын укугун чектейт деп сындап жатышат.

Жогорку Кеңеш саясий күчтөрдүн жана жарандык коомдун да кызуу талкуусуна түшкөн "Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү кабыл алды.

Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Аталган мыйзам үчүнчү окууда жыйынга катышкан 115 депутаттын 106сы колдоп, добуш берди. Тогуз депутат каршы болду.

Мыйзам өлкөдөгү эң маанилүү саясий өнөктүктүн өткөрүү боюнча олуттуу өзгөртүүлөрдү камтыйт.

Биринчиси күзүндө өтчү президенттик шайлоонун мөөнөтүн аныктайт. Буга чейин өлкө башчынын шайлоосун ноябрь айынын үчүнчү жекшембисинде өткөрүү каралса, жаңы мыйзамда октябрь айынын үчүнчү жекшембиси деп бекитилди. Тактап айтканда, бул жолку президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

КСДП таптаган Жээнбеков

КСДПнын саясий кеңеши президенттикке өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин сунуштагандан бери анын дарамети ар түрдүүчө талданып жатат.

Экинчи өзгөртүү менен президенттикке талапкерлердин шайлоо күрөөсү 100 миң сомдон 1 миллион сомго жогорулатылды.

Шайлоо мыйзамындагы дагы бир өзгөртүү - коомчулукта талкууга түшүп, жарандык коомдун нааразылыгын жараткан байкоочулардын макамына байланыштуу. Анда бейөкмөт уюмдардын жана саясий партиялардын байкоочуларын экиге бөлүп карап, алардын ыйгарым укуктарын ажыраткан. Көз карандысыз байкоочулардын шайлоо комиссияларынын жыйындарына эркин катышуу жана алардын чечимдерин сотко даттануу укугу алынып салынган.

Жарандык коом өкүлдөрү бул өзгөрүүлөргө нааразы болуп, депутаттарды мыйзамды кабыл албоого чакырышкан эле.

Мыйзамды талкуулоо учурунда айрым депутаттар да каршы чыгышты. Маселен, "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун пикиринде, аталган өзгөртүүлөр шайлоонун ачык-айкын өтүшүнө шек туудурат:

- Баарыбыздын шайлоо ачык, таза өтсүн жана легитимдүү болсун деген тилегибиз бар. Бирок таза шайлоо өткөрүүнү камсыз кыла турган көз карандысыз байкоочулардын укугун чектегенибиз айтканыбыз менен кылганыбыздын эки башка экенин көрсөтүп жатпайбы. Азыр практиканы карасак, бардык шайлоолордо мыйзам бузууларды аныктап, бетин ачып жаткандар дал ушул көз карандысыз байкоочулар. Эми биз ошол байкоочулардын колу-бутун байлап, мүмкүнчүлүгүн чектеп салдык.

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Бирок мыйзамдын демилгечилери менен бийликтеги депутаттар мындай пикирге макул болбой, көз карандысыз байкоочулар сырттан каржылангандыктан өлкөнүн ички ишине кийлигишүүсү туура эмес деген жүйө келтирип жатат. Социал-демократтар фракциясынын депутаты Рыскелди Момбековдун айтымында, жаңы мыйзам байкоочулардын укугун чектебейт:

- Байкоочулардын укугу басмырланып калды деп жатасыңар. Байкоочулардын артында кимдер турат? Байкоочулардын артында Батыштан каржыланган чайкоочулар турат. Байкоочулар шайлоо кандай өтпөсүн башын чайкап турушат. Анткени артындагы адамдардын гранттарын акташы керек. Байкоочулардын укугу басмырланып калыптыр, мыйзамды колдобоого чакырам деген көрпенделик.

Ошол эле кезде мыйзамдагы талкуу жараткан дагы бир берене парламенттик шайлоо босогосун 7 пайыздан 9 пайызга жогорулатуу. Мындай демилгени сунуштаган “Республика – Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Мирлан Жээнчороев бул партияларды бириктирүү максатында өзгөртүлүп жатканын билдирди:

- Биздин саясий чөйрөдө, коомдо 200дөн ашык партия болуп вождизм менен ооруп, эл чогулгандан алыстап, коомду бөлүп-жарууга алып барып жатат. Бир чети 9 пайыз кылсак саясий жетекчилер бири-бири менен сүйлөшүп, коомго стабилдүүлүктү алып келет, парламентке саясий маданияттуу партиялар келет деген ойдобуз.

Ал эми парламенттеги эркин депутат Жанарбек Акаев мындай норма саясаттагы жаңы күчтөргө жасалма тоскоолдук жаратарын айтып, өз жүйөсүн келтирди:

- Негизи биз парламенттик демократияга өттүк деп көп жерде айтып жүрөбүз. Бул парламенттик башкаруунун жолу узак. Ошондуктан ал жолдо биз жаңы партияларга, жаңы саясий муундун өсүшүнө жол ачып берип, алардын калыптанышына керек болсо каражат бөлүп жардам бере турган акыбал түзүлүшү керек. Жасалма жол менен партияларды жоготуп же жаңы жаштарды алып келебиз деген дагы болбойт. Ким элдин колдоосунда болсо, аны мыйзам менен чектебешибиз керек.

Талкууга түшкөн шайлоо мыйзамы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:13 0:00

Ошентип, ар кыл талкууларга карабастан Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамын кабыл алды. Муну менен парламент алдыдагы президенттик жарышка расмий жол ачты. Юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев эми шайлоонун айланасындагы жүрүштөр кызый турганын айтууда:

- Мыйзам боюнча Жогорку Кеңеш шайлоого төрт ай калганда шайлоонун так датасын жарыялайт. Демек, жаңы мыйзам боюнча парламент 15-июнга чейин чечим кабыл алышы керек. Ошондон кийин расмий түрдө шайлоо өнөктүгү башталат. Бирок биздин өлкөдө президент болууну каалагандар жарым жыл мурун эле эл менен жолугуп, шайлоого даярдыгын баштаган эле.

Чындыгында эле шайлоо мөөнөтү так аныктала электе эле өлкө башчылык кызматына ат салышууга ниеттенгендер эл аралап, жолугушууларды өткөрүүдө. Учурда президенттикке ат салышууну каалаган бир нече саясатчынын ысымы ачык айтылууда.

Алардын катарында "Ак шумкар" саясий партиясынын төрагасы Темир Сариев, "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев жана "Республика" партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов бар. Ал эми бийликтеги Социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши өткөн апталарда президенттикке талапкер катары учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековду көрсөтүү чечимин кабыл алган.

"Ата Мекен" партиясы камактагы жетекчиси Өмүрбек Текебаевдин талапкерлигин көрсөткөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG