Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:27

КСДП президенттикке Сооронбай Жээнбековду көрсөттү


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстан социал демократтар партиясынын (КСДП) саясий кеңеши өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду президенттикке талапкер катары сунуштады. Мындай чечим 17-майда Бишкекте өткөн партиянын саясий кеңешинин жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу партиянын мүчөсү, Cоциал демократтар партиясынын парламенттеги депутаты Осмонбек Артыкбаев журналисттерге маалымдады.

Кечки саат жетиге жакын башталган жыйын партиянын башкы штабы жайгашкан "Медиа Форум" имаратында өттү.

Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин эми партиянын курултайы бекитиши керек. Курултай качан өтөөрү азырынча белгисиз.

58 жашка чыккан Сооронбай Жээнбеков Оштун Кара-Кулжа районунда туулган. Кесиби боюнча зооинженер, 1983-жылы Айыл чарба институтун, 2003-жылы Кыргыз агрардык университетинин экономика факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 1976-жылы Өзгөн районунда орус тили жана адабияты мугалими болуп баштаган. 1983-1993-жылдары өзү туулуп өскөн райондо зоотехник, Коммунисттик партиянын райондук комитетинде нускоочу, катчы, совхоз-колхоздордун башкармасы өңдүү кызматтарда иштеген.

Жогорку Кеңешке 1994-жылдан 2005-жылга чейин үч ирет шайланган. Эл өкүлдөр палатасында агрардык маселелер боюнча комитеттин төрага орун басары, төрагасы, парламентте спикердин орун басары болуп турган. 2007-жылы айыл чарба министри болуп бир жылга жетпеген убакыт иштеген.

2010-жылдагы апрель окуясынан кийин беш жылдан ашык Ош облусун башкарып, 2015-жылдын акырында Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси болуп дайындалган. Андан көп өтпөй, былтыр мартта президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган. Ал эми өкмөт башчылыкка Сооронбай Жээнбеков апрель айында келген.

Буга чейин мамлекет башчы болуу ниетин "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев, "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын башчысы Бакыт Төрөбаев билдиришкен. Парламенттеги "Республика - Ата Журт" фракциясы лидер Өмүрбек Бабановду сунуштаган. "Ата Мекен" партиясы камактагы жетекчиси Өмүрбек Текебаевдин талапкерлигин көрсөткөн.

Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл күзүндө өтөт. (SE)

XS
SM
MD
LG